Бозоргон боз үй, ботосун жоготуп боздоп жаткан ата-эне... Каргашалуу окуя 27-майдан 28-майга караган түнү болуп, анда кыз ала качуунун аягы 20 жаштагы кыздын өлүмү менен аяктады.
«КЫЗЫМА «КОШ» ДЕЙ АЛБАЙ КАЛДЫМ...»Кызын акыркы сапарга узатып жаткан Турдали Кожоналиев окуя тууралуу буларга токтолду:
– 27-май күнү кечки 10 жарымдар чамасында кызым Бурулайды «айран алып келе койчу» деп дүкөнгө жумшадым. Анан ызы-чууну угуп сыртка чыксам, кызымды менин көзүмчө машинага күч менен салып кетишти, артынан кууп жетпей калдым. Дароо милицияга чалып кабарладым. Милиция кызматкерлери келип, шаардын четине чейин кууп бардык.
Анан арыз жазыш үчүн Бишкектин Биринчи Май РИИБине алып барышты, ал жерде 2 сааттай кармалдык окшойт. «Бардык постторго билдирдик, бат эле кармалат» дешкен, көп узабай эле «баланы кармадык. Жайыл РИИБине келип калгыла» деп чалышты. Санаам чыдабай тергөөчүгө «кызыма берчи телефонду» деп, «кызым, эч жериң оорубай элеби, колу-бутуңду кайрып койгон жокпу?» деп сурадым. «Жок, ата, жакшымын» деген. Беловодскко жеткенибизде Бурулай апасына чалып «апа, жетип калдыңарбы?» деген боюнча телефону өчүп калбадыбы (жашып)...
Түнкү 3төрдө бизди Жайыл райондук ооруканасына алып барышты, «эмнеге ооруканага алып келдиңер?» деп чочуп кеттим. Бир кызматкер «ала качкан бала каршылык көрсөткөнүнөн кичине уруп коюшуптур, бала ооруканада, кошо ала кетели» деди. Мен ишенип алыптырмын, көрсө, кызымдын кекиртегине, жүрөк тушуна, ичине бычак сайыптыр да... Ошону мага угуза албай турушуптур.
Бул жерде тергөөчүнүн, ошол жерде турган милиция кызматкерлеринин күнөөсү болуп жатпайбы. Эмнеге тергөөчү кармалгандан кийин ал баланын колуна кишен салган эмес? Эмнеге бир бөлмөгө экөөнү кароосуз калтырышкан?
Кызымды майрам сууга алып жатып карасак, көкүрөгүнө бычак менен Н+Б=Х деп жазып коюптур. «Н» дегени кызыма сөйкө салып кеткен баланын атынын баш тамгасы. Башын бир нерсеге сүздүргөнбү, чекеси кыйшайып калыптыр. Ошончолук мыкаачылык менен өлтүргүчө кайда жүрүштү? Мыйзам боюнча адамды кармап келген соң чөнтөгүн текшерип, курун, бут кийиминин боосунан бери чечип алышы керек да!
Баланы мурдатан эле жакшы таанычумун. Маршрутка айдап иштечү. Бул анын биринчи ала качуусу эмес. Биринчи ала качканында кайра артка кайтаргам. «Кызымдан сурайын, эгер көңүлү болсо макулмун» деп. Кызым келгенден кийин сурасам, «ата, менин башка сүйлөшкөн жигитим бар. Мен окуудан чыгып келе жатсам эле 5-6 бала машинага салып кетишти» дегенинен, кызымды бербей койгом. Кийин бул бала ата-энеси менен дагы келгенде да «жигити бар экен» деп каршы болгом. Азыр эстеп жатам, ошондо эле «кызыңды бербесең өлтүрөм» деди эле.
5 кыз, 1 уулум бар. Бурулайым менин көкүрөк күчүгүм эле... Бобимди акыркы жолу тирүүсүндө бир көрүп, көкүрөк күчүгүмө «кош» дей албай калдым...
«БИР ЗАМАТТА БИР ТУУГАНЫМДАН АЙРЫЛЫП КАЛДЫМ»
Көз жашка муунуп турган Назгүл Турдали кызы сиңдисин эскерип отурду:
– Сиңдим аябай жоош, бирөөгө катуу айтпаган, тартиптүү кыз болчу. Эң кичүүбүз, эркебиз эле. Бир заматта мөлтүрөгөн бир тууганымдан ажырап калдым. Биз милиция кызматкерлерине ишенип, жардам сурайбыз да, чынбы? Карышкырга кой кайтартып коюшпадыбы...
Бурулай быйыл медициналык окуу жайды бүтмөк, алдыда жакшы пландары бар болчу. Аны менен сырдашып калганда «жигитим бар» дечү. Анан ошол жигити майдын башында келип сөйкө салып кеткен. Жакында үйлөнөбүз деп жүрүшкөн. Биз чакан ашкана иштетчүбүз, сиңдимди өлтүргөн бала иштеген 240-маршруттук таксинин айдоочулары биздин ашканадан тамактанышчу. Бурулай кичинесинен эле бизге жардам берип жүрдү да, баары таанышчу, тиги бала да сиңдимди көрүп-билип жүрүп, анан күч колдонуп ала качып жатпайбы...
«ЖИГИТ ӨЗҮНӨ КЕЛИП, СҮЙЛӨП КАЛДЫ»
Ооруканага түшкөн жигиттин абалы тууралуу Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери Болот Майканбаев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бычактан жабыркаган 2 жаран ооруканага 27-майдан 28-майга караган түнү саат 01:00гө жакын келип түшкөн. Экөөнүн тең абалы оор түштү, кыздын өмүрүн сактап калууга аракет жасадык, бирок каза болуп калды. Жигитке операция жасалды. Ал өзүнө 4 жолу бычак сайып, моюнунун күрөө тамырын да кесүүгө аракет кылган. Анын ичегилери эки жеринен тешилиптир, башка да ички органдары жабыркаган. Учурда анын абалы жакшырып, өзүнө келип, сүйлөп калды.
«ИНИМДИН АТЫНАН КЕЧИРИМ СУРАЙМ...»Кызга бычак сайган соң өз өмүрүнө кол салган жигиттин агасына ооруканадан жолугуп, анын да сөзүн уктук:
– Иним токтоо, улууларды сыйлаган, бир туугандарынын айтканын эки кылбаган адам. Мурда-кийин эч кимден анын жаман жагын уккан эмесмин. Бурулай да токтоо, адамгерчиликтүү кыз эле. Экөө 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн билем, аны баары эле билишчү.
Кызды биринчи жолу ала качканы боюнча айтсам, иним кызды алып Таласка жетейин деп калган. Ошондо мен өзүм ачуу басарга келген элем. Мурда атасы менен бир маршруттук каттамда иштегенбиз, кийин ал башка каттамга которулуп кеткен. Жакшы тааныштарданбыз. Ачуу басарга барганымда атасы «кызымды алып келип бер. Ала качты дедирбей, 2 айдан кийин сөйкө салып, колдон алып кет» деп айтты. Мен дароо иниме чалдым «биз сүйлөштүк, кызды алып кел. 2 айдан кийин колдон алып кетебиз» деп. Иним менин сөзүмдү эки кылган жок, үйгө жетейин деп калганда кайра кайрылып түнү менен кызды алып келип койду. Кийин ата-энем барып колун сураса бербей коюшуптур. Бир ай өтпөй эле башка бирөө келип кызга сөйкө салыптыр.
Эми эмне дейм? Окуянын аягы ушундай бүттү... Ала качарын билген эмесмин. Кыз тарап «балаңар ала качып кетти» деп чалып айтышты. Иниме чалсам албай койду, анан эле кармалды деп уктук, аркасынан суук кабар жетти. Иним кандайча мындай жолго барганына түшүнбөй турам. Ата-энем да 60тан ашып калган адамдар, алардын абалы да оор.
Мен мында күнөөнү милицияга коём. Кармалгандан кийин дароо машинаны да, өзүн да эмнеге текшерген эмес? Эмне үчүн экөөнү жалгыз калтырышат? Эмнеге колуна кишен салбайт? Алдын алса болот эле бул окуяны.
Азыр инимдин абалы кандай билбейм, азырынча апам эле кирип чыкты. Мен «чын эле тирүүбү, бир көрүп алайын» десем да киргизбей коюшту. Азыр керектүү дары-дармектерин алып берип эле оорукананы айланчыктап жүрөм.
Кечээ апам, дагы башка туугандар болуп кыздын үйүнө барышты. Бирок кууп чыгышыптыр. Аларды деле түшүнөм, кызын жоготуп сыздап турушат. Сөз менен оңдоп койчу иш эмес. Айлабызды таппай турабыз. Дагы бир жолу инимдин атынан кечирим сурайм...
«БАЛА КЫЗГА 3, ӨЗҮНӨ 4 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН»
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев төмөнкүлөрдү билдирди:
– 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи Май РИИБине 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында уурдап кетишкени боюнча кыздын ата-энесинен маалымат келип түшкөн. Түнкү 12 чамасында Чүй ОИИББинин кызматкерлери Сосновка айылындагы посттон Субару Аутбек үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын ичинде Марсбек Б., Акмат С. жана Турдали кызы Бурулай болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Айткожоев кармалган унааны Жайыл РИИБине жеткирип, рапорт толтуруп жаткан учурда
Марсбек Б. менен Акмат Сны РИИБдин кызматкери карап калган.
Ал эми жабырлануучу жаран кабыл алуу бөлүмүнө киргизилген. Ошол учурда милиция бөлүмүнүн эшиги такылдап, 2 жигитти карап отурган кызматкер эшикти ачканы кеткен. Ошондо Марсбек Б. өзүнүн унаасынан алган бычак менен кыз отурган бөлмөгө кирип, ичинен бекитип алган. РИИБдин кызматкерлери эшикти сындырып киргенде экөө тең жерде канжалап жаткан. Бала кызга 3, өзүнө 4 жолу бычак сайган. «Тез жардам» унаасы менен аймактык ооруканага алып барышканда кыз каза болуп калган. Учурда шектүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Чүй ОИИББинин башчысы кыздын туугандарынын "кызыбыздын көкүрөгүнө «Н+Б=Х» деп бычак менен оюлуп жазылыптыр» деген билдирүүсүн четке какты. Сарчаевдин айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон.
«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»
Жайыл районунун прокурору Мамбетаалы Турдумаматов бул окуянын болуп кетишине жол берген милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголгонун айтты:
– Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери башталды. Биринчи жагдай боюнча, Жайыл РИИБи тарабынан киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин үстүнөн шалаакылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg