Падыша өз ордунда. «РЕАЛ» ТАКТЫДАН ТҮШӨ ЭЛЕК

26-май күнү Киев шаарында Чемпиондор Лигасынын чечүүчү беттеши орун алды. Финал ыза кылган жаракат, күтүлбөгөн орой каталар жана эң мыкты гол менен коштолду.

«РЕАЛ» (Испания) 3:1 «ЛИВЕРПУЛЬ» (Англия)

Голдор: Бензема, 51-мүнөт, Бэйл, 64, 83-мүнөттөр – Мане, 55-мүнөт

ОЮНДУ ӨЗГӨРТКӨН ЖАРАКАТ
Оюн баштала элек жатып кызыктарга бай болду. «Реал» өткөн жылы финалга кандай курам менен чыккан болсо, бул оюнга да дал ошол курам чыкты. Жеңиштин сырын билип калган мадриддиктер «Ливерпулга» өз оюнун алгачкы мүнөттөрдөн эле көргөзүүгө белсенди. Бирок англиялык клубдун курамында Салах турганда Навастын дарбазасына коркунуч жаралбай койгон жок. «Ливерпуль» топко ээлик кылуу менен катар кооптуу абалдарды биринин артынан бирин жаратып жатты. Мындай оюн менен «Реал» ийгиликке жетпей турганын түшүнгөн Серхио Рамос Салахты дзюдонун ыкмасына салып жыкты. Анан... оюндун нугу түп тамырынан өзгөрдү. Салах бул учурдан соң ийининен жаракат алып оюнду улантууга мүмкүн болбоду. Египеттик футболчу көз жашын тыя алган жок. Эми ал Дүйнө чемпиондугуна катышабы, жокпу бул суроо дагы ачык бойдон калды. Оюнга келсек, мындан кийин «Ливерпуль» артка чегинүүгө өтсө, «Реал» тизгинди колуна алды. Биринчи тайм 0:0 бойдон калды.

КАРИУС КАРЬЕРАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАСА БОЛОТ
«Ливерпулдун» азабы Салахты жоготуусу менен бүтүп калган жок. Башкы ролго дарбазачы Лукас Кариус чыга келди. Анын кетирген орой катасынан улам Бензема эсепти ачты. Англиялык клубдан намыска жарай турганы Садьо Мане болуп, эсепти 4 мүнөттөн соң теңеди. 60-мүнөттө Зидан оюнга киришип, талаага Гарет Бэйлди чыгарды. Уэлстик футболчу Роналдудан кем калышпай тургандыгын кереметтүү соккусу менен далилдеп, «Реалды» жеңишке сүйрөдү. Нокаутка тете мындай соккудан «Ливерпуль» өзүнө келе алган жок. Атүгүл Кариус дагы бир ирет орой ката кетирип, Бэйлдин алыстан узатылган соккусун дарбазага өткөрүп жиберди. Мындай каталардан кийин Кариус карьерасын жыйынтыктай берсе болот. Жогорку деңгээлдеги оюнда мындай катачылык кетирүүгө болбой тургандыгын өзү дагы түшүнөт. Оюн көптөгөн суроолорго жооп тапты. «Ливерпулдун» оюну Салахтан көз каранды жана дарбазачынын деңгээли клубка дал келбейт.

РОНАЛДУНУН «РЕАЛДАГЫ» МИССИЯСЫ БҮТТҮБҮ?
Оюндан соң финалдын каарманы Бэйл эмес, Роналду тууралуу көп сөздөр тарады. Ал «Реалдын» курамында 4-ирет Чемпиондор Лигасын жеңгенден кийин: «Келечегим тууралуу кийинчерээк айтам. Падышалык клубдун курамында ойногонума сыймыктанам»,- деп билдирди. Мындан соң "Роналдунун «Реалдагы» миссиясы аягына чыкты" деген пикирлер айтыла баштады. Португалиялык футболчунун нааразычылыктары күчөп жаткандыгы маалым. Жаңы келишимдин шарттарына макул эместиги жана Испания салык кызматы 28 миллион евро төлөө талаптарын коюп жаткандыгы буга мисал. Бул арада франциялык «Пари Сен-Жермен» Роналду үчүн «Реалга» 150 миллион евро, ал эми футболчунун өзүнө жылына 45 миллион евро сунуштаганы айтылууда. Мындан улам дүйнөнүн мыкты футболчусунун бири клуб алмаштыруусуна аз калгандай...


sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Tyty1990
2018-06-05 09:15:08
Дзюдонун ыкмасы деп тим эле. Автор сабыр кыл сен да барсачы Элен. Реалчыларды дагы бир жолу куттуктайм.
+6
Makkambaev97
2018-06-05 09:52:22
Рамос жыгытпай элэ озу жыгылган
+5
Zainidin96
2018-06-05 10:21:19
Реал чемпиондукту бербейт еми чемпиооооон реал
+5
Meni_unut
2018-06-05 10:21:29
Автор Ливерпульдун куйорманы экенсин.Ар голду эле дарбазачынын катасы деп тим эле.Тосо албаса Бензема менен Бэйл куноолубу
+5
Arsenal93.
2018-06-05 11:07:35
Meni_unut,ал тосо албай эле топту бенземанын бутуна салып берди.удар болгон жок а рамосту айтсам ар дайымкысындай эле грязный оюн коргозду.
-4
Alpengold.
2018-06-05 12:18:20
Автор ушунча айтыпсын Карвахальдыда айтпапсында биротоло!!!.Же оюнда Салах эле жаракат алдыбы?
+4
Arsenal93.
2018-06-06 06:51:16
Alpengold.,карвахаль оюнга таасир эте алмак эмес.ал нерсени чечпейт а Салах болсо главный игрок эле Ливерпулдун
-1
bibi87
2018-06-05 13:43:07
Автор Барсанын куйорманы го
+3
Meni_unut
2018-06-05 14:03:44
Бир Салах эч нерсени чечпейт эле...Реал баары бир Реалда
+4
Zidan2
2018-06-05 14:19:32
Роналдо кетсе экен
Реал кадырын билбеди
+1
Kanybek121195
2018-06-06 02:30:32
Автор барсанын болельшиги да аны мурункуда да жазып чыккан. Анан кана Карвахальдын жаракат алганын да жазбадыңбы? Дзюдонун ыкмасы емес еле ал чисто игровой момент. Ошончолук жазып чыккан екенсиң еки жака тең карашың керек сен журналист болгондон кийин. Анан өзүнчө отурганда барсаңды мактап отура бер. Реал чемпион хала Мадрид.
+3
Kaken08
2018-06-06 17:01:04
А эмне Карвахальдын жаракаты эске алынбайбы? Бир аз ойлонуп жазсанар. Дзюдонун ыкмасы менен деп коркомдобой. Карвахаль дагы жаракат алды, ал байкуш дагы ыйлап кетти оюндан.
+2
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан