Өмүрдү сактап калчу донор кан өлкөбүздө тартыш, ага карабай кандар эмнеге төгүлүп жатат? Кыргызстанда бир жылда канча донор кан даярдалат, анын баасы карапайым элдин чөнтөгүнө туура келеби? Мына ушул суроолорго 14-июнь – Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнүнө карата Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаевден жооп алдык.
– Бакыт мырза, өлкөдө донор кандын тартыш экендиги маалым. Ошого карабастан кан даярдаган мекемелерде (дарылоо мекемелеринин ичиндеги 39 кан бөлүмү жана 7 кан борбору даярдайт) андай кандардын көп жылдардан бери төгүлүп жаткандыгы учурда чуру-чууну жаратууда. Буга чейин канча тонна донордук кан төгүлдү?
– Ушул сиз айткан маселе 19-майда Жогорку Кеңеште фракциянын отурумунда да козголгон. Кан борборлору канды жана кан компоненттерин топтойт жана ооруканаларды алар менен камсыздайт. Кандан кан компоненттери (эритроцит, лейкоцит, тромбоцит, плазма) ажыратылып алынат. Ошондой эле кандан же анын плазмасынан кан препараты жасалат. Оорулууга кандын өзү эмес, оорусуна жараша кандын компонентинин бири куюлат. Мисалы, тромбоциттер (кандын уюшуна жооп берчү зат) онкологиялык ооруларга химиялык терапия жүргүзүүдө, эритроцит (кызыл кан денечелери) анемия менен жабыркагандарга керек. Плазма -30 градуста, эритроцит кадимки муздаткыч температурасында, ал эми тромбоциттер +22 градустагы температурада медициналык аппараттарда сакталат. Плазма 3 жылга чейин сакталса, эритроциттер 21-42 күн гана жашайт.
Эритроциттер көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонулбай калса, анда төгүлөт. Бул бизде эле эмес, бүт өлкөлөрдө акыркы 10 жыл аралыгында төгүлүп келген. Азыр деле бизге окшоп жогорку технология менен сакталчу криоконсервация (эритроциттик масса) аппараттары жок өлкөлөр төгүшөт. Кыргызстанда андай аппарат өмүрүндө болбогондуктан төгүлгөн кандар канча тонна болуп кеткенин айта албайм. Аталган аппаратта, суюк азотто эритроциттерди 10 жылга дейре сактоого болот (тоңдуруу ыкмасы). Муну өнүккөн өлкөлөр колдонуп жатат. Аталган аппарат кан борборуна гана эмес, кан даярдоого тиешеси бар бардык мекемелерге керек деген маселени биз 10 жыл мурун көтөрүп чыгып, Саламаттыкты сактоо министрлигине айтканбыз. Ошол учурда 1 аппараттын баасы болжол менен 450 000 доллар турмак.
Кептин баары аны менен кошо дагы 4 аппарат чогуу колдонула тургандыгында болууда. 1-аппарат – кандын курамында калып кеткен оору козгогучтардан арылтып тазалоочу, 2-аппарат – канды тоңдуруучу (криоконсервация), 3-аппарат – тоңдурулган канды сактоочу, 4-аппарат – тоңдурулган канды керек делген учурда эритип берүүчү аппараттар. Буларга болжолдуу түрдө 11 миллион евро кетиши мүмкүн. Мамлекеттик бюджеттен акча каражаты бөлүнсө алынат деп үмүт кылуудабыз.
– Республикалык кан борбору немис өнүктүрүү банкынан алган 4 миллион евро грантты эмнеге ошол аппаратты алганга короткон эмес? Аны туура эмес колдонушкан деген сөздөр да бар...
– 4 миллион евро грант Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөзүлүп берилген. Министрлик Республикалык жана 6 облустагы кан борборлорун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, медициналык муздаткыч жана тоңдургучтарды, автомашиналарды, кан алууда донорлорго керек болчу креслолорду, башка медициналык жабдыктарды алып берген. Адистерди Орусиядан, Германиядан окутту. Биз бергендерин өткөрүп алуучу гана болгонбуз. Ал грант 2012-2016-жылдар аралыгында ишке ашырылды. Мурун медициналык муздаткычтар жок, кандар кадимки тиричилик муздаткычтарында сакталып келген.
– Бир жылда өлкөдө канча кан даярдалат?
– Кыргызстандын калкынын саны 6 миллиондон ашыкты түзсө, 2017-жылы кан тапшырган кыргызстандыктардын саны 41 552ге жетип, 20 776 литр кан даярдалган. Кан тапшыргандардын 75 пайызы бейтаптардын туугандары, 23 пайызы өз каалоосу менен акысыз кан бергендер, 2 пайызы акчага тапшыргандар.
Акыркы учурларда Кыргызстанда донорлордун саны кыскарып отуруп 1000 адамга 5-6 донор гана туура келип калды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "ар бир 1000 адамга 40 донор туура келүүсү кажет" деп белгилейт. Кыргызстанда ар бир 1000 атуулга сөзсүз 40 донор керек дегенден алысмын, бирок донор кандын тартыштыгы бар. Ал эми өткөнгө кайрылсак, 1985-жылы Кыргызстанда
60 808 литр кан даярдалган.
Кан тапшыруучу ар бир адамдан 470 грамм кан алынат. Мынча өлчөмдөгү кан 1 же 2 адамдын өмүрүн сактап калат. Кан борборлорунан кандар атайын термоконтейнерлер менен ооруканаларга жеткирилет.
– Кан тартыштыгына эмнелер себеп болууда?
– Биринчи себеп – биздеги адамдардын баалуулуктарга көз карашы өнүккөн мамлекеттердин жашоочуларына караганда башкача. Мисалы, өнүккөн мамлекеттердин атуулдары "жок дегенде канымды берип болсо да бирөөнүн өмүрүн сактап салым кошоюн" дейт.
Экинчи себеп – өнүккөн мамлекеттерде кан бергиле деген үгүттү мэрия, окуу жайлар, ишкана-мекемелер жүргүзөт. Эл өзү келип кан берет. Биздин өлкөдө донорлукка чакыруу үгүтүн кан борборлорунун кызматкерлери жүргүзөт.
– Кан тартыштыгы кайсы сезондо өзгөчө билинет?
– Жай мезгилинде. Активдүү донор болуп эсептелген студенттер каникулга кетишет. Кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыгышат. Акыркы жылдары орозо да жай мезгилине туш келип жатат. – Кандын 100 граммын канча сомго сатып алууга болот? Баасын кимдер чечет? Мен денесинин көп бөлүгү күйүккө туш болгон адамга этап менен жасалчу операцияга көп кан керектелип, анын үй-бүлөсү улам кан сатып алууга акча таппай кыйналганын билем. Антип кыйналган үй-бүлөлөр көп.
– Канга ээ болуунун 4 жолу бар. Биринчиси, пациенттин жакындары өздөрү кан тапшырып же донор таап келишип, анан канды бекер алып кете алышат. Экинчиси, даяр канды сатып алуу. 1 доза кан (болжол менен 100-250 граммдын тегереги) – 483 сом. Бааны биздин борбордун эксперттери менен Монополияга каршы агенттик биргелешип чыгарат жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге бекитет. Аталган баа көптөгөн өлкөлөрдөгү бааларга салыштырмалуу минималдуу болуп эсептелет. Жогоруда айткандай, өлкөдө үгүт иштери жакшырып, өз каалосу менен акысыз кан бергендердин саны көбөйсө жакшы болмок.
Үчүнчүсү, дарылоо мекемесинин эсебинен бекер канга ээ болуу (өздөрүндө кан бөлүмү бар дарылоо мекемелери бейтаптарын бекер кан менен камсыздайт). Төртүнчүсү, атайын категориядагы адамдарга бекер берилет.
– Ардактуу донорлордун саны канча?
– Өлкө боюнча 4005 ардактуу донор бар. Канды өз ыктыяры менен акысыз тапшыргандар айлык акысы сакталуу менен 2 күн жумуштан бошотулат жана 100 сом берилет. Канды акчага тапшыргандарга 300 сом берилет. Кандын плазмасын акчага тапшыргандарга 700 сом төлөнөт (бул “иммунная плазмодача” деп аталат. Донордун канынан кан плазмасы бөлүнүп алынат да, калган кан кайра донорго куюлат). 1 дозадан 600 грамм алынат. Ден соолугу соо эркектер жылына 3-4 ирет, аялдар 2-3 жолу донор боло алат. Бирок эркектердин гемоглобини 130дан, аялдардыкы 120дан кем болбошу керек.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg