ТАМАШОУЧУЛАР ТАРТКАН ТАСМА “ЭҢ МЫКТЫ КОМЕДИЯ” НААМЫН ЖЕҢИП АЛДЫ

30-майда Алматы шаарында “Снять за 48 часов” аталышындагы Эл аралык кинофестиваль болуп өттү. Катышуучулар кино тууралуу тапшырма алышып, 48 сааттын ичинде кыска метраждуу, тагыраагы,
4 мүнөттүк тасма даярдашы керек. Тамашоучулар Самат Эркинбеков, Рүстөм Аскенов, Кубанычбек Курманбековдор фестивалга катышып, алар тарткан “Байпак” тасмасы “Эң мыкты комедия” наамын жеңип алды. “Биз интернет аркылуу тапшырма алып, 48 сааттын ичинде даярдап, интернет аркылуу жөнөттүк. Тапшырма боюнча тасмада "ийне-жип, шляпа, англисче сүйлөй аласыңбы?" деген сөздөр кошулушу керек эле. Биз коррупция тууралуу тартып, “Байпак” деп атаганбыз. Тасмага 12 актёр катышты. 3 жылдан бери өтүп келе жаткан фестивалга биз 1-жолу катышып, “Эң мыкты комедия” наамын жеңип алдык”,- дейт Самат Эркинбеков.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Zainidin96
2018-06-05 10:15:33
Ак orgo city ийгилик жигиттер мыкты чыгармаларды кинолорду кутобуз
+2
Paprikafm
2018-06-05 14:26:35
Каяктан коробуз
+1
Aikan1966
2018-06-05 16:03:13
Ийгилик каалайбыз
+1
Arhideia
2018-06-06 02:50:42
Азаматтар
+1
kakukani
2018-06-06 07:58:34
Молодцы ийгилик аябай сонун команда да
0
azusha2017
2018-06-06 18:39:54
Чыныгы жашоону кулкулуу жана манилуу тартышыптыр азаматсыздар
0
S.A.J.R
2018-06-13 09:40:10
Азаматсынар ийгилик
0
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан