Ырчы, ишкер Бактыгүл Бадыева 29-майда 33 жашын белгиледи. Кесиптештеринин, досторунун курчоосунда ырчы өздүк майрамын эс алуучу жайлардын биринде тосту.
– Москвадагы, Казакстандагы үй-бүлөлүк досторубуз, чыгармачылыктагы, андан сырткаркы да досторубуз келип куттукташты. Москвада окуган өкүл балдарыбыз “кечирип коюңуз, биз бара албай калат экенбиз” дешкен. Бирок 28-майда түнкү саат 12де сюрприз болуп кирип келишти.
Туулган күнгө арналган кечени сахналаш досторум кооздоп, ыр белектерин сунуп шаңга бөлөштү. Андан сырткары кызыктуу оюндар орун алды. Ошентип 32 жашымды узатып, 33 жашымды ойдогудай тосуп алдым,- дейт ырчы.
25-май – бүтүрүүчүлөр күнү айрым ырчылар үчүн да өзгөчө майрам болду. Алар 10, 20 жылдап көрбөгөн классташтары менен болгон жолугушуу кечеси тууралуу кызыктарды айтып беришти.