25-май – бүтүрүүчүлөр күнү айрым ырчылар үчүн да өзгөчө майрам болду. Алар 10, 20 жылдап көрбөгөн классташтары менен болгон жолугушуу кечеси тууралуу кызыктарды айтып беришти.-Туулган айылыма бара элегиме 7 жыл болуптур. 9-классты бүтүп келгендиктен айрым классташтарымды 12 жылдан бери көрө элек экем. Мен алгач айылыма бекер концерт уюштуруп, андан соң классташтар менен жайлоого чыгып 3 боз үй тигип, жылкы союп, сайрандадык. Асел классташтарга чай куюп, келиндик кызматын аткарды. Анан, албетте, арабызда “балалык сүйүүм сен элең, сага айта албай калдым” деп армандарын айткандар болду (күлүп). Белек катары мугалимдердин үйүнө керектүү буюмдарды сатып алдык. Ошондой эле мектепке проектор, керектүү жабдууларды алып, айылдын мечитин оңдоп бердик.
Эрнест Бөрүбаев, ырчы, тамада: “КЛАССТАШТАРЫМДЫ ТААНЫБАЙ КАЛЫПМЫН”
-Мен Өзгөн районундагы Жыланды айылында мектепти аяктагам. 10 жылдыкка барган эмес элем, 20 жыл аралыгында айрымдарын тааныбай калыпмын. Мени көрүп “сиз да ушул жактан болосузбу?” деп таң калгандар болду. Ичим ачышканы айрым классташтардын арабызда жоктугу, мугалимдердин карыгандыгы. Кечээ эле мектепти бүткөндөй болдум эле, убакыт билинбей өтө берет экен да. Мугалимдерге үй буюмдарын, мектепке компьютер белек кылдык.
– Мурун 10 жылдыкка барганда жаш экенбиз да, 90 пайыз аяштарыбыз классташ балдарыбызды бизден кызганышкан эле. Ошол отуруш көп жакпай, 20 жылдыкка барбайм деп сөз бергем. Бирок кайра эле классташтар чогулуп баштаганда чыдабай кошулуп алдым, чогуу окуган балдар-кыздарды көргүм келди, сүйлөшүп отургум келди. 20 жылдык мага жакты, мурун жолдошторун кызганган аяштарыбыз менен камыр-жумур болуп, жакшы отурдук. Алгач Токтогулда кафеде отуруп, кийин Чычкан капчыгайында эс алдык. Мугалимдерге акчалай, буюмдарды белекке бердик. Мен кошумча музыкалык аппарат, тамаданы моюнума алдым.
Мындан сырткары Аваз Акимов Түштүк Кореяда жүргөнүнө байланыштуу 10 жылдыкка келе албаганын айтат. Кубаныч Сатаев, Кубаныч Ажыбаевдер да айылына барып 20 жылдыгын белгилеп келишти. Ошондой эле актёр Марат Жанталиевдин мектепти бүтүргөнүнө 40 жыл болуптур.