Гүлзада Рыскулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «МЕНИН СИМФОНИЯМ, ОРКЕСТРИМ – БАЛДАРЫМ»

Гүлзада Рыскулова 1-майда 4-уулун жарыкка алып келген. Ырчы көкүрөк күчүгү Байхан менен келип гезитибиздин 1-бетин кооздоп, кызыктуу маек куруп берди. Ымыркай болсо биздин маектешип жатканыбызды сезгендей мемиреп уктап жатты.

– Кандайсың, Гүлзада? Төрт баланын энеси болушуң менен куттуктайм! Кичүүңө ысымды эл тандады окшойт. Бул кимдин идеясы?

– Жакшы, рахмат. Ооба, төртүнчү балабызга ысымды социалдык тармактагы досторум сунушташты, бир нече ысымдын ичинен үй-бүлөм менен тандап алдык. Бир тууган эжем Аксана Рыскулова социалдык тармактагы баракчасына мен көз жарганда төртүнчү уулунун атын эл койсун деп билдирүү калтырган. Мен ошол идеяны колдоп, досторумду ысым тандоого чакырдым. Абдан сонун аттарды, каалоо-тилектерди жазып калтырышты. Алардын ичинен көп ысымдар жакты, тандоо оңой болгон жок. Ошентип уулубуздун атын Байхан деп атадык. Кээ бир досторубуз тамашага салып “мен сунуштаган ысымды жактырбайсыңар” деп таарынып да калышты. Учурдан пайдаланып бардык күйөрмандарга жана досторго ыраазычылык билдирем.

– Айрымдар "кантип коркпой удаа төрөп жатат, чыгармачылыгын да токтоткон жок” дешүүдө...

– Ооба, баланын жарык дүйнөгө келиши өзүнчө эле керемет кубулуш. Эгер табият эне мээримин бербесе, анда аялдын тарткан түйшүгү тозокко айланмак. Толгоо учурунда бир гана наристемди аман-эсен боорума алып алайын дегенден башка ой келбейт да. Эгер толгоону эркектерге берсе алар төрөт үйүнүн эшик-терезесин жулуп ыргытып ийишсе керек. Наристеңе болгон чоң сүйүү бардык кыйынчылыкты майрамга айландырат. Бул керемет сезим. Балдар адамды мээримдүү, жароокер, боорукер, жөнөкөй, сезимтал кылып өзгөртөт. Чоң үй-бүлөдө өскөн балдар өзүмчүл болушпайт. Жолдошум экөөбүз тең балдарды жакшы көрөбүз.

– Кээде туруп “чын эле 4 баланын энеси болдумбу?” деп өзүңө ишенбей кетесиңби?
– Төрт жылдын ичинде этегибиз балага толуп, ызылдап эле жатып калдык. Буга чейин жалгыздыкты дос кылып, тынчтыкты сүйгөн Гүлзада 180 градуска бурулуп, жөжөлүү тооктой бапырап, эртели-кеч балдарды эркелетип, бал тилине тойбой түйшүктүү ырахатка чөмүлүп турган учуру. Кантип таң атып, кантип кеч киргенин байкабай да калам. Менин симфониям, оркестрим – балдарым. Кичүүмдү төрөп төрөт үйүндө жатканымда балдарым бөбөгүн көргөнү келишиптир, мени коридордон көрөрү менен эки кичинекейим чуркап келишти. Аларды көрүп "булар деле кичинекей турбайбы" деп чочуп кеттим.

– Улуу балаң чоңоюп калыптыр, инилерине каралашып жатабы?
– Ооба, Мейкин чоңоюп калбадыбы, азыр инилерине каралашат. Ал көп бир туугандуу болгусу келгенин дайыма айтчу. Тилеги орундалып, сүйүнүп жүрөт.

Азыр мага сиңдим жардам берип жатат. Балдарыбызды бала багуучусу жок эле чоңойттук. Көпчүлүк учурда балдарды жаныбызга алып жумуш бүтүрчүбүз. Ошондуктан балдарымдын алтын бешиги биздин машинабыз болуп калган. Азыр экөө чоңоюп калды, агасы же эжеси карап калат. Бирок биз бир жакка жөнөөрдө экөө тең ээрчигенин коюшпайт. Башта орусча сүйлөшүп акырын кетип калчубуз. Азыр орусча да түшүнүп калышты, эми жолдошум экөөбүздүн ортобузда башкача тил пайда болду.

– Жолдошуң чачын өстүрүп стилин өзгөртүп алган го...
– Өзүнүн каалоосу менен стилин өзгөрттү, буга менин тиешем жок. Мага чачын өстүрүп жүргөнү жагат. Өзүнө абдан жарашат. Жолдошум ар кандай эксперименттерди туура эле кабыл алат. Бири-бирибизге ойлорубузду эч качан таңуулабайбыз. Эгер чачымды эртең кырдырып салсам деле ал каршы болбойт. “Эң негизгиси өзүңө жакса, жарашса болду” дейт.

– Үйдүн кичүү келини эмессиңби, силерсиз кайын журтуң кантип жатат?
– Алар жалгыз эмес. Биз жок аларга жакшы эле болуп жатса керек. Анткени жаш улгайган сайын адам тынчтыкты каалап калат окшойт. "Балдардын ызы-чуусуна чыдабай калат экенсиң" деп айтып калышат. Барсак да көп турбай, кайра Бишкекке келе беребиз.

– “Гүлзада үй-бүлөсүн өзү камсыздайт” дешет...
– Менин ырчылыктан тапкан каражатым туурасында элдин баары билет. Ал эми жолдошумдуку алар үчүн караңгы. Менимче, жөн эле моюнга отуруп жашаган эрдин эч кимге кереги жок. Жолдошум азыр үй курулушу менен алектенет.

– Чыгармачыл айымдар бошонору менен чыгармачылыкка аралашып жатышат, сен деле үйдө көп отуруп калбасаң керек?
– Чыгармачыл адамдар башкаларга окшоп экиленип үйдө жаталбайт окшойбуз. Силерге окшогон чакыруулар да болот. Жакында Астанада болуучу Nomad way фестивалына даярдык көрүп жатам. Дүйнө жүзүндөгү этно музыканы сүйүүчү таланттардын чордонуна айланган бул фестивалга экинчи ирет катышам.

– Төркүнүңө жакынсыңбы же кайын журткабы?
– Мен үчүн экөө тең бирдей. Кайын журтум башында эле мени абдан жакшы кабыл алышты. Кайнежемдер менен эже-сиңдидей жакынбыз, кайнагамдар да келин деп бөлөктөбөй, өз карындашындай көрүшөт. Алар менен жолукканыбыз биз үчүн чоң майрам. Чынымды айтайын, убакыт өткөн сайын ушундай үй-бүлөгө келин болгонума сүйүнүп калам. Куудулдар айтмакчы, келиндер баскынчы болот эмеспи. Үлдүрөп келип, анан очор-бачар болуп отурукташып калабыз. Балдарым Осмоновдордун фамилиясын сыймыктуу алып жүрүшсө дейм.

– Жолдошуң экөөң кер-мур айтышып калган учур болобу?

– Айтышпаганда эмне кечке бири-бирибизди мактап отурмак белек? Болот андай учурлар. Аялы менен күйөөсүнүн таптакыр урушпаганы өтө шектүү деген кеп бар го. Энем “аялдын таарынычы шайы жоолук кургаганча” деп айтчу эле. Биздин таарыныч 5 мүнөттөн ашпайт.

– Чыгармачылыкта сен аткара албай жаткан иштер барбы?

– Адам күндө максат кылып, үмүт улап жашабаса, анда жашоонун кызыгы кетип калбайбы. Жумуш эч качан түгөнбөйт экен. Ошондуктан чоң максаттарды коюп акырын жүрө берүү керек.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлзада Рыскулова: "Менин симфониям, оркестрим - балдарым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
jaskaaa
2018-06-05 09:12:40
Бештик бооңуз бекем болсун! Уулдарыңыз акылдуу намыскөй жигиттерден болуп чоңойо берсин!
Каныйкей экөөңөр дует ырдасаңар соонун болот эле.
+7
Atyrgul92
2018-06-05 10:12:33
Балдарынызга бактылуу балалык,Уй булонузго тынчтык береке каалаймын!соонун маек болуптур
+6
zinagull1996
2018-06-05 10:22:24
Омуруну берсин акыл эстуу балдардан болуп чойонсун. Менин бала караганга шартым болгондо коп коп торомокмун. Бирок азыр бир уулум бар. Ошого биз шарт тузуп аан торобосом. Кооп кыйналып калабыз. Суутанвм ушцндай уй булолорго
+4
engel
2018-06-05 10:52:33
Оо 4 уул! Жакшы, аман эсен чонойо беришсин. Бирок баарын окутуп,там салып берип уйлонтуш керек вай ваай Кудайым куч кубат берсин сиздерге)))
+7
Pandora
2018-06-05 14:46:02
Кудайым балдарыныздыг ыйманын,ырыскысын,ынтымактуулугун,мээримдуу жана куйумдуу кылып берген болсун.Бизге да сизден жуксун,чон баланыз менее жолдошунуз окшошуп эле калыптырго.
+3
Alixan-Nookat.2015
2018-06-06 18:42:29
Эмгек сиңирген артисти наамын алганбы?
0
Fresh_hit
2018-06-10 13:53:57
Омурлуу бактылуу жигиттер болсун.Гулзада мыкты талант.Бар бол,жаным!
0
Gulnura-94
2018-06-18 00:18:47
Талантынызга унунузго абдан баа берем. Ушунчалык сонун ун. Тарыхчы болгонума жан дуйномо журогумо ушунчалык жакын
0
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан