ТАТТУУ ПИРОГДОР

Пирогдорду мөмө-жемиштерден, жашылчалардан, эттен түрлөп даярдоого болот. Бул жолу дүйнө элинин ашканасынан алынган, жер-жемиштер, мөмөлөр менен жасалган таттуу пирогдордун рецепттерин сунуштайбыз. Бул даамдар чайлашуу үчүн мыкты десерт болуп берерине шек жок.

ШТРУДЕЛЬ

Керектелүүчү азыктар:
Ун
– 250 грамм
Каймак май – 20 грамм
Жумуртка – 2 даана
Алма – 2 даана
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Кумшекер – 150 грамм
Кант упасы – 1 аш кашык
Корица же ваниль кумшекери – 1 чай кашык
Суу – 3 аш кашык
Туз – 1 чымчым

Даярдоо ыкмасы:

  1. Унга кумшекерди, тузду, жумуртканы, өсүмдүк майын жана сууну кошуп камыр жууруйбуз да, 30 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
  2. Алманы жууп, кабыгын аарчып, ири тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз. Эми буга корицаны же ваниль кумшекерин кошуп аралаштырабыз.
  3. Тыныккан камырды 2-3 миллиметр калыңдыкта жайып, алма туурамжысын тегиз салып, оромодой кылып оройбуз.
  4. Штруделди 180 градуста иштеп турган электр мешинде 40 мүнөт бышырып алабыз. Бышарга 5 мүнөт калганда бетине каймак майдан сүйкөп, кайра электр мешине салабыз. Бышкандан кийин бетине кант упасынан себелеп, кесимдерге бөлүп, дасторконго коёбуз.


КУЛПУНАЙ МЕНЕН ПИРОГ

Керектелүүчү азыктар:

Каймак май – 100 грамм

Жумшак сыр түрү – 100 грамм

Кумшекер – 150 грамм

Жумуртка – 2 даана

Ваниль кумшекери – 1 пакет

Ун – 150 грамм

Көбүрткүч – 1 чай кашык

Глазурь үчүн:

Кант упасы – 100 грамм

Лимон ширеси – 3 аш кашык

Кулпунай – 200 грамм


Даярдоо ыкмасы:

  1. Каймак майды, жумшак сырды, кумшекерди, жумуртканы жана ванилди кошуп көбүрүп чыкканча жакшылап аралаштырабыз. Миксер пайдалансаңыз аралаштыруу жеңил болот. Эми бул аралашмага эленген ун, көбүрткүч кошулуп аралаштырылат.
  2. Электр мешинин табасын майлап, бир аз ун себелеп, даяр болгон камырды куюп, үстүн тегиздейбиз да, 180 градуста иштеп турган электр мешинде 50-60 мүнөт бышырабыз. 40 мүнөттөн кийин пирогдун бетин күйүп кетпеши үчүн фольга менен жаап коюшубуз керек. Бышкан пирогду 15 мүнөттөй табадан чыгарбай муздатып алабыз. Андан соң чыгарып толук муздатабыз.
  3. Глазурду даярдоо үчүн кант упасына лимон ширесин кошуп аралаштырабыз да, пирогдун бетине чуурута куябыз. Андан соң пирогдун үстүн тазаланып-жуулган кулпунай менен кооздойбуз.


ГАЛЕТА

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 160 грамм

Кумшекер – 15 грамм

Каймак май – 65 грамм

Көбүрткүч – 5 грамм

Жумуртка – 1 даана

Туз – 1 чымчым

Суу – 30 миллилитр

Туурамжы үчүн:

Өрүк – 330 грамм

Бал – 1,5 аш кашык

Корица – 1 чай кашык

Манна акшагы – 2 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

  1. Унга көбүрткүчтү, тузду, кумшекерди, каймак майды, жумуртканы кошуп аралаштырабыз да, суудан чуурута куюп жумшак, чоюлчаак камыр жууруп, муздаткычка 40 мүнөттөй салып коёбуз.
  2. Өрүктү жууп, тең экиге бөлүп, данегин алып салабыз.
  3. Бал менен корицаны аралаштырып жай отто жылытып алабыз да, өрүктүн үстүнө куябыз. Эгер өрүк катуураак болсо, анда бул сиропко 20 миллилитрдей суу куюп, жай отто 3-4 мүнөт кайнатып алуу керек.
  4. Камырды жука жаябыз да, электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, үстүнө жайылган камырды салабыз.
  5. Камырдын бетине манна акшагынан себелеп, өрүктөрдү тизебиз. Четинен 6 сантиметрдей аралыкты бош калтыруу керек. Бул галетанын бетине кайрылып жабылат.
  6. Галетаны 180 градуста иштеп турган электр мешинде 25-30 мүнөт бышырып алабыз. Эгер мындан да таттуу галета жегиңиз келсе, өрүккө кумшекерден себелесеңиз болот.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Girl1996
2018-06-05 10:02:21
soonun keneshter eken,Allahyraazy bolsun!
+3
deva
2018-06-05 10:21:48
Чын эле оңой экен баары. Диетадамын, болбосо жасайт элем((
+1
ALINALISA
2018-06-09 13:31:41
штруделди даяр муздатылган камырдан жасайт элем. ичине алма менен гилас кошсо да соонун болот
0
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан