Кызы күлсө кошо күлүп, ыйласа кошо ыйлап, ооруса кошо ооруган эне арманын айтып, коомчулуктан жардам сурайт. Альбина Нуралиеванын кызына ичегинин курч бүтөлүп калуусу деген диагноз коюлган. Шекербек кызы Нурпериге 4 ирет операция жасалган, наристени алдыда дагы операция столу күтүп турат...
“ИЧИ ТҮЙҮЛҮП ООРУП, КАН АРАЛАШ ЗАҢДАП ЖИБЕРДИ”
-Жолдошум экөөбүздүн 3 балабыз бар. Экөөбүз тең тигүү цехинде иштечүбүз. Кичүү кызыбыз ооруп жатканына байланыштуу мен үйдө отуруп калдым. Нурпери 2015-жылы төрөлгөн. Төрөлгөндөн кийин бат-баттан ичи катып кала берчү, улуу балдарымдын деле мурда ичи каткандыктан маани деле берген эмесмин. Сокулук районунун Лесное айылында жашайбыз, айылдык ФАПка барсак деле укроп суусун ичиргиле деди, аны ичкен соң кызым жакшы болуп калчу. Ичи катып калганда бир жумада бир клизма жасап баштадым.
8 ай болуп калганда ичи түйүлүп ооруп, кан аралаш заңдап жиберди. Коркуп Бишкек шаардык 3-балдар ооруканасына алып бардык. Врачтар көрүп, “ичегилери бири-бирине жабышып калыптыр. Дароо операция жасабасак, кызыңыз чарчап калат” деп операцияга алып кирип кетишти.
“ЖООН ИЧЕГИСИН СЫРТКА ЧЫГАРЫП КОЮШТУ”
-Операциядан кийин жакшы болуп, үйгө чыгып келгенбиз. Үйгө келгенден кийин куса берди. Врачтарга айтсак “күн ысыкта ушундай болот, жакшы болуп кетет” дешти. 4 айдан кийин ичи томпоюп чыгып калганынан кайра ооруканага бардык. Врачтар “грыжа, эч нерсе болбойт” деп кош көңүл мамиле кылып коюшту. Операция жасалган жери жарылып суу чыга баштаганынан айтсак, “грыжада суу чыга берет” деп коюшкан. Мен бала менен ары-бери чуркай албай калдым, апам келип иштин чоо-жайын териштиргиче 6 сааттай убакыт өтүп кетти. Көрсө, кызымдын ичегиси бүтөлүп, жарылып, заңы ичине жайылып кетиптир, операция жасалган жеринен да чыга баштаптыр. Ал убакытта ичегилери карарып кетиптир. Операция жасалып ичегисинен кесип алып, заң түшө турган аспап коюп жоон ичегисин сыртка чыгарып коюшту. “4-5 ай жакшылап карагыла. Ичегиси өскөндө кайра ичегини киргизип жабабыз” дешти. 5 айдан кийин келсек, кызымдын анализдери жакшы чыгып, операция жасалды. Бирок 1-2 күндөн кийин баягы жери кайра жарылып, кайра операция жасалып ичегисинен дагы кесип алышты. Ошентип 4 ирет операция жасалып, 60 сантиметрдей ичегиси кесилди. “ООРУСУН ЖЕҢИЛДЕТЕ АЛБАГАНДАН ӨТКӨН ООР НЕРСЕ ЖОК ЭКЕН”
-Кызымдын жоон ичегиси дагы деле сыртка чыгып турат. Ашказанына кирген тамак жоон ичеги аркылуу дароо ошол заң кабыл алгыч баштыгына түшөт. Баштыгын курсагына чаптап коёбуз, ошол жерлери аллергия болуп кызымды ого бетер кууратып жатат. Күн ысыганда аябай кыйналып, ыйлайт. Эми 5-операция жасатышыбыз керек. Бирок өзүбүздүн врачтардан эч кандай кепилдик болбогондон кийин жолдошум экөөбүз акча чогултуп былтыр Москвага барганбыз. Ал жактын врачтары “ичегиси өссүн” дешкен. Түркиянын Стамбул шаарындагы врачтар менен сүйлөшсөк, алар жетпеген жерин өздөрү кошуп беришет экен, бирок 16 миң доллар керектелет. Кызымдын 1 күндүк дарысына 1500 сом кетет, 2 балабыз мектепте. Жолдошум учурда жалгыз иштегендиктен, операция жасатууга каражат чогулта албай жатабыз.
"5 айдан кийин келгиле" дешти эле, 7 ай өтүп кетти. Азыр Нурперинин ичегиси өскөн окшойт, туруп ары-бери басса эле тизесине чейин чубалып чыгып калат, жаткырып туруп кайра салып коёбуз. Кызарып, ачышып ооруйт, кызым ыйлайт... Кызымдын кыйналганын көрүп, бирок оорусун жеңилдете албагандан өткөн оор нерсе жок экен эне үчүн.
Асыл Орозбекова