Дүкөнгө кезек күткөн эл. Топтолгон адамдардын арасында кичинекей наристе турат, колунда кармаган баштыгы бар. Кичине кыздын жалгыз келгенин, жанында апасы жоктугун топтолгон эл деле билген жок. Бирок наристе ыйлабай, коркпой, ишенимдүү түрдө өз кезегин күтүп жатты... Бул эр жүрөк кичине кыз балбан Айсулуу Тыныбекова эле...
“КИЧИНЕСИНЕН ТЫҢ КЫЗ БОЛУП ЧОҢОЙДУ”
– Мурда студенттерди окууну бүткөндөн кийин иштеп келгиле деп республиканын ар тарабына таратчу эле да. Мен медучилищени, атасы Болот мединститутту бүтүп, экөөбүз тең Майлы-Сууда иштеп калдык. Ошол жерден таанышып, табышып, 1982-жылы үйлөнгөнбүз. Ортобузда 5 балабыз бар, 2 уул, 3 кыз. Улуусу Айдана, андан кийин Асел, уулубуз Медер, Айсулуу жана көкүрөк күчүгүбүз Темирлан.
Айсулуу 1993-жылы 4-майда төрөлгөн. 4 баламдын атын жолдошум койгон. Ушул Айсулуунун атын коёрдо өзүм сурангам. Балерина Айсулуу Токомбаева биздин жеңебиз болот. Ошол жеңебиздей белгилүү, таланттуу инсан болсун деп ошонун атынан койгом. Төрөлгөндө эле болбурап жаткан жоош кыз болгон жок, тескерисинче, чыйрак, эрте торолуп, эрте тили чыгып, эрте басты.
Ошол учурда дүкөнгө кезекке туруп нан алар элек. Үйүбүз сайдын жээгинде жайгашкан, аркы өйүз менен байланыштырган чоңдор араң басып өтчү көпүрө бар. Бир күнү Айсулууну таппай калдым. Кошуналар менен кошо издеп 1,5-2 сааттай убакыт өтүп кетти. Сайдын аркы өйүзүндө 200-300 метр аралыкта дүкөн бар эле. Көпүрөдөн өтсөм эле топтошкон эл турат. Чуркап бардым. Топтошкон адамдардын арасында кызым турат кипкичинекей болуп, колунда менин токулган баштыгым. Көпүрөдөн кантип өткөнүн билбейм. Ошондон кийин дайыма аркасынан акмалап, кайтарып эле жүрчүбүз. Кичинесинен эч нерседен коркпогон тың кыз болуп чоңойду.
“МАТЕМАТИКАНЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮ”
– Кочкордун Теңдик деген айылына көчүп келип, Айсулууну 1-класска бердик. Мектепте жакшы окуду, өзгөчө математиканы абдан жакшы көрөр эле. Азыр да математикадан берген эжейи менен сүйлөшүп турат. Негизи эле так илимдерге жакын болду, мунусу кийин спортто да жакшы таасир берди окшойт. Жашынан эле чынчыл, адилеттүү кыз болду.“БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨДӨ СПОРТ МААНИЛҮҮ”
– Спорт биздин үй-бүлөдө маанилүү орунда. Өзүм 5-класстан баштап волейбол ойнодум. Ошого жараша балдарымды да спортко жакын өстүргөнгө аракет кылдым. Балдарымдан биринчи болуп Медер күрөшө баштаган. Экинчи кызым Асел да университетте окуп жүргөндө жеңил атлетиканы тандап, чуркоо боюнча ийгиликтерди жаратып жүрдү.
Медер карындашы кичине кезде жерге жуурканды жая коюп күрөштүн бир-эки ыкмасын үйрөтүп калчу. Айсулууну күрөш дүйнөсүнө алып келген байкеси десем болот. Медер азыр да кеңешин айтып турат. Айсулуу Нарынга барып бир-эки кызды жеңгенден кийин “спортко көңүл бурайын, күрөштө ийгиликке жетет окшойм” дегенде каршы болгон жокпуз. Кызым КМТУну бүтүп, учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 2-курста окуп жатат.
“ЖАКШЫ КӨРГӨН ТАМАГЫН ЖАСАП ТОСУП АЛАБЫЗ”
– Манты, чүчпара, беш бармак, негизи эле мен жасаган тамактын баарын жакшы көрөт. Айсулуушкам чет жакка чыгып, келерде ал жакшы көргөн тамактарды жасап тосуп алабыз. Өзү оокатка тың, аябай таза кыз, бардык нерсени орду-орду менен жасаганды жактырат. Кичинесинен эле талаа жумуштарына чыгып жардам берчү. Малга жакын, атты басып бараткан жеринен секирип минип алат. 4-класстан жайлоого мал чыгарышып, уй саап, кой кайтарып эле жүрчү.
“АПА, СҮЙҮНҮЧҮМДҮ АЙТКАНГА ТАКЫР ҮЙГӨ ЖЕТПЕЙ КОЙДУМ...”
– Эң алгачкы эл аралык жеңиши дале эсимде. Индияга барып 3-орун алды. Ошондо “апа, такыр үйгө жетпей койдум сүйүнүчүмдү айтканга” деп кубанып келген. Азыр телефон деген балээ чыкпадыбы. Айсулуу мага жакшы телефон алып берген. Ал күрөшкө чыкканда интернет аркылуу баарын түз эфирден көрүп турам. Бир жери ооруп калды деп капа болом, ыйлайм. Кызым жаракат алган сайын кайгырып жатып ден соолугумдан да ажырадым. Кийинки убактарда “кызым, башкалар бир жыйынтык көрсөтүп эле 1 жылдап тыныгуу алат экен. Сен бир жылда 7 жолу ийгиликке жеттиң. Жаракат да алдың, кайра-кайра чыга бербей тыныгуу алсаң боло” деп айтып калдым. Угуп калдыбы, билбейм, катары менен эки мелдештен баш тартып мени сүйүнтүп койду. Жакында эле Энелер күнүндө келип куттуктап кетти.
“ОЛИМПИАДАНЫ ЭСТЕСЕ КАЙГЫРАТ”
– Олимпиадага катышат дегенде аябай кубандым, санаа тартып, Кудайдан колдоо күттүм. Айсулуунун жеңишин үй-бүлөбүз менен чогуу бүт эл күтүп жатты. Анда жеңилип калбадыбы. Өзү аны эстесе дайыма кайгырат. Анын көзүнчө эсине салып Олимпиада тууралуу айткыбыз келбейт.
Спортту түшүнгөн, өзүнүн чөйрөсүндөгү эле адамдын колун кармаса дейм. Өзү да “элимди Олимпиададан медаль алып сүйүнтмөйүнчө турмушка чыкпайм” деп калат. Элге берген сөздү көтөрүп жүрүш деле оор жүк.
“АШЫКЧА АКЧА ТААП КАЛСА КОЛУНДА ЖОКТОРГО БЕРЕТ”
– Элиме ыраазымын, кыргызда жакшы адамдар көп, ары-бери чыкканда “Айсулуудай кызды төрөгөнүңүзгө рахмат” деп алкышын айтышса сүйүнүп калам. Мурунку ажобуз Алмазбек Атамбаев чакырып сыйлык бергенде көңүл бурганы мен үчүн сыймык болду.
Ушунча ийгиликке жетип отуруп кызым бой көтөрүп кеткен жок, мурун кандай болсо азыр деле ошондой жөнөкөй кыз. Атактуулукту жакшы көтөрдү же кичинесинен кыйын жашоону көргөнгөбү, азыркыга чейин ашыкча акча таап калса колунда жокторго берет.
Асыл Орозбекова
sport@super.kg