Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Сүйлөшүүдө УКМКнын иши, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимин аткаруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Коопсуздук кеңешинин соңку жыйыны президенттин коррупцияга каршы жалындуу сөздөрү, Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана сот органдарына айткан ачуу сындары менен көпчүлүктүн эсинде. Идрис Кадыркуловго өлкө жетекчиси коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу керектигин айтты. “Күнөөлүү адамдарга карата катуу чараларды көрүп, келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыздоо зарыл”,- деди Жээнбеков.
Учурда резонанс жараткан иштер – Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу күмөндүү жагдайлар, Мамлекеттик тарых музейин жаңылоодогу асман чапчыган баалар, Чолпон-Атадагы ат майданды куруудагы мыйзамсыз иштер, Бишкекте
2 гектар жердин курулуш үчүн жеке компанияларга берилип кетиши жана башкалар болууда.