Парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин кол тийбестик статусу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап чыгышты. Ага ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдан 12-берене толугу менен өзгөртүлдү. “Экс-президент президент болуп турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт" деген норма толук алынып, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу Башкы прокуратуранын сунушу менен Жогорку Кеңеште добуш берүү аркылуу чечилери көрсөтүлгөн. Ал эми Конституцияда экс-президентти жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес деген норма жок. Эгер мурдагы президентке айып тагыла турган болсо, жагдайды алдын ала изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлөт. Ошондой эле жаңы мыйзам долбооруна ылайык, экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана саламаттыгы мамлекет тарабынан камсыз болбойт жана алар акысыз медициналык жардам көрсөтүү ала албайт. Мурдагы мамлекет башчы көзү өткөндөн кийин анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык унаа берилбейт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду, документти парламент быйыл күзүндө, депутаттар жайкы каникулдан кайтып келгенде карашы күтүлөт. Айта кетсек, өлкөдө экс-президент деген статуска Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев ээ.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg