КЫТАЙ ЭЛЧИЛИГИНЕ БИШКЕКТЕН 3,371 ГЕКТАР ЖЕР БЕРҮҮ ТОКТОМУ КОЛДОО ТАПТЫ

Бишкек шаардык кеңеши 31-майда Кытай элчилигине Бишкектен 3,371 гектар жер берүү боюнча өкмөттүн токтомун колдоого алды. Кечээ депутаттар бул дароо чече турган маселе эместигин айтып, сунушталган макулдашууну колдобой коюшкан. Бүгүн мамлекеттик “Кыргыздипсервис” ишканасынын жетекчиси Мирлан Арстанбеков жер тууралуу сүйлөшүүлөр
5 жыл бою жүрүп, быйыл апрелде гана Кытай Пекинден 25 сотых жер бөлүп, өз эсебинен Кыргыз элчилигине имарат куруп берүүгө макул болгонун эскертти. Ал эми Кытай элчилигине Кыргыз тарап 3,371 гектар жерди 2003-жылы эле ижарага бергенин, сунушталган токтомго ылайык, эми эки өлкө тең элчиликтери жайгашкан жер тилкелери үчүн ижара акы төлөбөй турганын маалымдады. Азыркы тапта Кытай да, Кыргыз мамлекети да өз элчиликтери жайгашкан жерлер үчүн ижара акы төлөшөт. Мисалы, Кытай элчилиги жайгашкан жер тилкеси үчүн жылына 10 600 доллар төлөнсө, Кыргыз өлкөсү Кытай тарапка 2004-жылдан бери 3 миллион доллардан ашык акча төлөгөн.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан