Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек ЖЭБин кыш мезгилине даярдоо ишинин жүрүшү менен таанышты. Өкмөттүн маалыматы боюнча Абылгазиев станцияга суу тазалоочу химиялык цехти курууга бөлүнгөн жер тилкесин да көрүп чыгып, цехти өз убагында куруп бүтүрүү тапшырмасын берди. Кошумчалай кетсек, 2014-2017-жылдары ЖЭБди модернизациялоодо дал ушул цех курулбай калгандыктан, быйыл кышындагы ЖЭБдеги аварияда даяр блокту ишке киргизип, аны менен шаарга жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпай калууга мүмкүн болгон жок. Мекеменин директору Андрей Воропаев жылуулук борборун жаңылоодо электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмүн жогорулатууга басым жасалып, ал эми жылуулук энергиясын иштеп чыгуу кубаттуулугу мурдагы бойдон калганын айтты. Ошондой эле ТВЕА менен түзүлгөн келишимге ылайык, жаңыланган блокторду иштетүүнүн кепилдик мөөнөтү 1 жылды түзөрүн, калган 1 жылда ЖЭБ кызматкерлери ТВЕА компаниясынын персоналынын көзөмөлүндө иш жүргүзүшөт. Өкмөт башчы жылуулук борборун башкарууга жергиликтүү адистерди окутуу керектигин айтты. Ал эми “Улуттук энергетикалык холдингдин” жана “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилерине ЖЭБде оңдоо иштерин сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди. Быйыл январдагы ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык өкмөттү кышка камылганы эрте көрүүгө түрттү.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg