БИР БҮРКҮМ. 2 МИҢ СОМДУК КУПЮРА КМШда МЫКТЫ ДЕП ТАБЫЛДЫ...
Парламент Башкы прокуратуранын 2017-жылкы ишин “КАНААТТАНДЫРАРЛЫК ЭМЕС” деп тапты.
НУРЛАН ДАРДАНОВ башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Нарын облусунун прокурору болуп иштеп келген.
Кыргыздын 2 МИҢ СОМДУК купюрасы КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты банкнота деп табылды.
САНЖАР ИСАБАЕВ Президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга чейин бул бөлүмдү Манас Арабаев жетектеген.
Британиялык “Аpolitical” изилдөө уюмунун тизмесинде экс-президент РОЗА ОТУНБАЕВА гендердик саясатты алдыга жылдыруу боюнча дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамдын катарына кирди.
ШАЙЫРБЕК АБДРАХМАН КТРКнын башкы директорунун орун басары кызматын аркалоого киришти.
“Түндүк” темир жол бажысынын мурдагы башчысы НУРБЕК АЙБАШЕВ кармалды. Ал мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирген деп шектелүүдө.
“Үстүнөн кылмыш иши козголгон саясатчылар МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВ менен ӨМҮРБЕК БАБАНОВ эртели-кеч кармалат”,- деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.
Кыргызстанда эл колдонуп жаткан ундун 9 ПАЙЫЗЫ гана керектүү витаминдер менен байытылып жатканын Экономика министрлигинин өкүлү Насирдин Шамшиев билдирди.
Базар-Коргондо Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери айдоочулар төлөгөн айып пулду МЫЙЗАМСЫЗ ЫЙГАРЫП алууга шектелүүдө.
Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Улан Шамшиевдин айтымында, учурда 800 МИҢДЕН ашуун Кыргыз жараны чет өлкөдө эмгектенип жүрөт.
Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы экономика министри АРЗЫБЕК КОЖОШЕВ УКМКга суракка чакырылды.
Парламент депутаты Мурадыл Мадеминов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВдун үйүн текшерүүнү сунуштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.