«Супер-Инфо» гезити шоу-бизнес өкүлдөрү менен биргеликте салтыбызды улай жарамазан айтып чыктык. Мында биздин катарды Талант Кадыров, Руслан Абылов, Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов, Үмүтай Абдышова, Мурадил Данияров, Арсен Дайырбеков, Кудайберди Айтбосунов, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев толуктады. Бизди көрүп уюлдук телефондоруна тартып, кошулуп ырдаган жарандар да болду. Биз барган үй ээлери дасторконун жайнатып, акча кыстарып мыкты тосуп алышты.
Манас Алыкулов, куудул: «БААРЫБЫЗ ОРОЗОБУЗ, ТАМАГЫБЫЗДЫН ТУЗУ КАНДАЙ БОЛСО ДА ТААРЫНБАГЫЛА»
Жарамазанчылар шоумен Манас Алыкуловдун үйүнө багыт алдык. Анын үйүнүн жанына келип, көчөдө репетиция кыла баштаганыбызда эле Манас үй-бүлөсү менен дарбазасын ачты. «Атамдын жолун жолдобосом, ашпозчу болмокмун» деген Манас өз колу менен палоо басыптыр. «Үйдөгүлөр баарыбыз орозо кармадык, тамагыбыздын тузу кандай болсо да таарынбагыла» деп шоумен баарын күлдүрдү.
Жарамазанчыларга ырымын кылып шоумендин апасы көйнөк, жоолугун, акча берди.
Мухтар Атаналиев, ырчы: «ЖАРАМАЗАН АЙТЫП КЕЛИП, МЕНИН ДА КӨҢҮЛҮМДҮ КӨТӨРДҮҢӨР»
Ырчы Мухтар Атаналиев акыркы учурда кино жаатында да эмгектенип, ырчылыктан алыстап кетти. Жарамазанчылар анын студиясын жаңыртып кирип бардык. Ырчы "жарамазан айтып келип менин да көңүлүмдү көтөрдүңөр" деп учурунда хит болгон ырларын созуп берди.
Актан Арым Кубат, кинорежиссёр, актёр: «ШААРДЫН ТАРИФИ МЕНЕН УЗАТАЙЫН»
Кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын үйүнө Күн-Туу айылына бардык. Короо-жайына, бак-шагына өзгөчө мамиле кылган режиссёр биз барганда алча терип жатыптыр. «Силерди кантип узатсам?» деп капчыгын аңтарган актёрду жигиттер тамашалай «айылдын салты, шаардын тарифи менен узатыңыз» дешти. «Шаардын тарифи менен узатайын» деген актёр жарамазанчыларды ыраазы кыла акча кыстарды.
Райхан Абдувалиева, ырчы: «МЫКТЫ МААНАЙ ТАРТУУЛАГАН «СУПЕР-ИНФОГО» РАХМАТ»
Ооз ачар убакта жарамазанчылар ырчы эжекебиз Райхан Абдувалиеванын үйүндө болдук. Райхан айым өзү да орозо кармаптыр. Куда-кудагыйлары менен жарамазанчыларды тосуп алган ырчы берерге ашын таппай сүйүнүп жүрдү. «Рахмат «Супер-Инфо» гезитине, бизге ушундай шаң тартуулашты. Үйдөгү конокторумдун да көңүлүн көтөрдүңөр. Мен да ырдап берейин» деп обон созду.
Жарамазанчылар ар бир үйгө алакан жайып, бата тилеп жатышты. Заманбап тилде айтылган бата үй ээлерине жакты.
Cүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg