Сансыз көлдөр, ак түндөр жана Nokia. Мунун бардыгы Финляндияда. Ары табышмактуу, көз жоосун алган өлкөлөрдүн бири саналган Европанын бул мамлекети дүйнө жүзүндө өнүгүүсү күч жана туруктуу эсептелинет. Финндер өздөрү айтмакчы, мындай жыйынтыкка Санта-Клаус эч жардам берген эмес.
Финляндия Республикасы
Көз карандысыздыкты алган күн (Орусиядан) – 1917-жыл, 6-декабрь
Расмий тили – Финн, швед
Борбору – Хельсинки
Мамлекеттин курамында – 19 облус бар.
Башкаруу формасы – Парламенттик-президенттик республика
Президенти – Саули Ниинистё
Дини – Христиан
Ээлеген аймагы – 338 400 чакырым квадрат (Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан 1,5 эсе чоң)
Калкынын саны (2015-жыл) – 5 миллион 560 миң
Валютасы – Евро
ТАЛАШУУНУН ЧОРДОНУ Финляндия – Түндүк Европадагы мамлекет, швед тилинен Finland – «финндердин жери» деп которулат. Тарых барактарында Финляндия тууралуу биздин заманга чейин 98-жылы айтылат, заманбап тарыхы 1809-жылдан башталат. 650 жыл Швециянын карамагында күн кечирген финндер Швеция менен Орус империясынын ортосунда талашка түшүп келген. Көп жылдык согуш орустардын карамагына өтүү менен аяктап, император Александр I Финляндияга Автономдуу Улуу княздык титулун берет. Ушундан тарта финндер мамлекеттик башкаруу системин калыптандырып, финн тили мамлекеттик статусун алган, улуттук банкы курулуп, рублдан финн маркасына өтүшкөн. 1917-жылга чейин Романовдордун башкаруусунда болгон Финляндия «ак» жана «кызылдар» тирешин башынан өткөрүп, 1917-жылкы төңкөрүштөн соң көз карандысыз мамлекет статусун алат. Финндер орустар менен 1918-жылдан 1939-жылга чейин 3 жолу, Улуу Ата Мекендик согушта да аларга каршы согушкан. Бирок 1944-жылы Советтер Союзу менен келишимге келип, фашизмге каршы күрөшүп, акырында жеңүүчүлөрдүн желегин көтөргөн.
ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ...
Финляндияны президент Урхо Кекконен башкарып турган маалда СССР менен мамилеси бир топ бекемдейт. 90-жылдары мамлекеттин соода тармагынын 20 пайызын камсыздаган СССРдин урашы менен финндердин мамлекетинде да катаал жашоо башталат: кеме куруу, курулуш, токой-чарба өнөр жайы токтойт. Жумушсуздук күч алып, эл Европанын башка мамлекеттерине агыла баштайт. 1995-жылы Европа биримдигине кирүү менен мамлекеттик экономиканы туруктуу сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
1995-2000-жылдардагы экономикалык өсүү 2 фактордун негизинде ишке ашкан. Биринчиси, Финляндия башка постсоветтик өлкөлөргө караганда мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү иштерин ийгиликтүү жүргүзгөн. Ишкана, холдингдердин жетекчилигине иштин көзүн таба билген инвесторлор келген. Экинчиден, коңшу Европа мамлекеттери менен бат эле тил табышып, алака түзүүгө жетишкен. Дүйнө жүзү боюнча Орусиядан тышкары бир да мамлекет токой-чарба өнөр жайы боюнча Финляндия менен атаандаша албайт. Кагаз өндүрүү боюнча биринчи орунда. Бүгүнкү күндө биз окуган ар бир бешинчи китептин барактары Финляндиядан чыгарылат.
БИЙЛИККЕ ЖУЛУНБАГАН САЯСАТЧЫЛАР
Тең укуктуулук, бай-кедей деп бөлүнбөй бирдей жашоо образы жана бирдей кызмат көрсөтүү – финндердин акыркы 20 жылдан бери келе жаткан «фишкасы». Жарандар бийликке көп деле жулуна беришпейт, анткени саясатчыларга көзөмөл күч: карапайым калктын салыгынын эсебинен акча төлөнгөн адам кандай, кайда жашап жатат, башкаларга эмнеси менен үлгү, канчалык эффективдүү иштеп жатканына чейин сындалат.
Учурдагы президент Саули Ниинистё 2012-жылдагы шайлоодон кийин мамлекеттин тарыхындагы эң бай президент аталган. Ал 10 жылдык башкаруусунда болгону жарым миллион евро тапкан. Статистикага ылайык, Финляндия президенти дүйнөдөгү көп каражат коротпогон ажолордун катарында.
ИЧКИҢ КЕЛСЕ ОРУСИЯГА БАР...
1919-1932-жылдар аралыгында Финляндияда «кургак мыйзам» орун алган. Кийин мамлекет жарандарга жумшарып, сыра, шарап ичимдиктерин ичүүгө уруксат берет. Бирок күчтүү ичимдиктерге болгон финндердин «сүйүүсү» кайрадан бир катар чектөөлөрдү киргизүүгө алып келген. Учурда сыраны 18 жаштан жогору, ал эми андан күчтүү ичимдиктерди 20 жаштан жогору адамдар гана иче алышат. Алкоголдук ичимдиктердин баасы өтө кымбат жана атайын дүкөндөрдө гана сатылат. Дем алыш күнү алкоголдук ичимдик сатууга болбойт, калган күндөрү сатуу убактысы чектелген. Көпчүлүк учурда «майрамдагысы» келген адамдар коңшу Орусия, Эстонияга чыгып эс алып келишет.
БҮТҮНДӨЙ ӨЛКӨ БРЕНДГЕ АЙЛАНГАНДА
Кичинекей мамлекет дүйнө экономикасында маанилүү роль ойной алат. Буга Финляндия башкы мисалдардын бири. IT-технология тармагында «Nokia», косметика чыгаруучу «Lumene», автошина чыгаруучу «Nokian», «Fazer» кондитердик фабрикасы, «Finnair» авиакомпаниясы, «Angry Birds» («Каардуу чымчык») мобилдик оюндарды чыгаруучу «Rovio Entertainment Oy» компаниясы жана башкалар. Бул атактуу бренддердин чети гана...
Финляндия кылмыштуулуктун төмөндүгү жана коомчулуктун коопсуздугун сактоо боюнча дүйнө жүзү боюнча 1-орунда турган өлкө. Муну менен алар өз мамлекетин да брендге айлантып коюшту. Мактанарлык көрсөткүчтөрүн санап өтсөк, ички дүң продукциясынын бир жаранга ылайыкталган көлөмү – 34 401 доллар (Кыргызстанда 3467 доллар), гендердик тең укуктуулук боюнча дүйнө жүзү боюнча 3-орунда, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсүндө таза абанын сапаты боюнча 3-орунда, 2011-2014-жылдары америкалык «Fund for Peace» фонду Финляндияны «Дүйнөдөгү туруктуу өлкөлөрдүн» катарына киргизген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун 2018-жылдын 14-мартында жарыялаган "The World Happiness Report" докладына ылайык, Финляндия «Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө» деп табылды (Кыргыз мамлекети 92-катарда).
190 миңден ашык көлү бар «миңдеген көлдөрдүн мекени» аталган Финляндияга жылына миллиондогон туристтер, балыкчылар, аңчылар агылышат. Туризмдин өнүгүшүнө Лапландияда жайгашкан Санта-Клаустун шаарчасы да чоң салым кошуп келет. Жаңы жыл жана Рождество майрамдарынын алдында Финляндиянын эң кооз аймагы Лапландияга бет алган бир жумалык саякат 3-4 кишиден турган үй-бүлө үчүн бир нече миң еврону талап кылат. Кымбат болгонуна карабай жыл сайын бул шаарчага келген эс алуучулардын саны көбөйсө көбөйөт, бирок азайбайт.
Ал эми Рованиеми шаарчасында Күн асмандан түшпөйт. Себеби түндүктөгү айтылуу ак түндөр ушул аймакта даана байкалат. Бул жакта күн күндүзү да, түнү да тийип, полярдык күндү байкаса болот.
ҮЛГҮ АЛУУ ЭЧ КАЧАН КЕЧ ЭМЕС
Финндердин атагын чыгарган дагы бир тармак – билим берүү системи. Мугалим – мамлекетте эң көп төлөнө турган абройлуу кесип. Билим берүү министри Санни Гран-Лаасонендин айтымында, сапаттуу билим жана педагогдук кадрларга басым жасоо Финляндиянын мамлекет катары өнүгүүсүнө алып келген: «Финн коомчулугу мугалимдерди ар дайым баалап жана сыйлап келет. Мугалим – билимдүү, көрөгөч, келечек муунду туура жолго, өнүгүү жолуна салчу адам. Биздин ийгиликтүү билим берүү системибиздин сыры – мугалимдер. Аларга эч кандай чектөө жок, кандай материал таап келет, окутуунун кандай ыкмасын тандайт, өзү билет. Бул мугалимдин да, окуучунун да ар тараптан ачылуусуна алып келет. 1-2-3-класстын окуучуларына кыска окуу программасы түзүлгөн жана ал көбүнчө оюндардан турат. Ойногон баланын кызыгуусу жана эске тутуп алуусу күч болот. Окуучуларга үй тапшырма берилет, бирок аз өлчөмдө. Бала мектепте окуп, үйдө эс алуусу керек. Жогорку класстарда күнүгө дене тарбия сабагы өтүлөт. Бул да болсо балдардын кыймылда болуп, калган сабактарга активдүү катышуусуна алып келет»,- дейт министр.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg