Анжелика, ырчы: “АЙЖАНГА АЙТАРЫМ, БАЛДАРЫҢДЫН НАНЫН ТАЛАШКАН ЖОКМУН. МЕНИ ЖАШООҢО АРАЛАШТЫРБА”

Эсиңиздерде болсо, ырчы Анжеликаны Айжан аттуу айым социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "үй-бүлөмдү бузду" деп айыптаган. Эми ал айым Инстаграмдагы баракчасына 3 баласынын атасы – жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчиси Марат Назарбековдун балдарына алимент төлөбөй жатканын жазып чыкты. Ал гана эмес, ишкердин баасы 1 жарым миллион доллар турган үйдө жашаарына, 100 миң долларлык бир нече машина айдаарына чейин айтып өттү. Интернет баракчасындагы катар чыккан билдирүүлөрүнүн биринде ырчы Анжеликанын укук коргоо органдарына жазган арызын да жарыялады. Бул окуядагы талкуудан улам ырчынын оюн угууну эп көрдүк.

– Анжелика, учурунда сага көпчүлүк ишенбей "бир үй-бүлөнү бузду" дешти эле, азыр ал окуянын башкача түсү ачыла баштады окшойт...
– Ал окуя январь айынан бери уланып келе жатат. Айжан мурунку күйөөмдү жана Анжеликаны коркутуп алам деген ойдо мага жалаа жапкан. Чындыгында Марат Назарбеков экөөбүздүн достук мамилебиз бар. Бирок кыз-жигит мамилебиз жок. Мен бирөөнүн күйөөсүнө көз арткан адам эмесмин. Мен андайды өтө жаман көрөм. Бирөөнүн бактысын бузуп, бактылуу жашап кеткен адамды да көргөн жокмун. Биринчи ызы-чууда Марат менен сүйлөшкөм. "Ортоңордо 3 балаңар болсо, ызы-чуу кылбай эле чечишип албайсыңарбы. Мени сенин ойношуң деп аялың жазып жатат" дегем. Андан кийин Айжандын телефонуна өзүм чалдым. Ал мага “Мараттан мен сураган нерсенин баарын алып бер” деди. Мен “Менде кандай маселең бар? Марат менен сүйлөшө албай жатсаң, сүйлөштүрүп берейин. Бирок сен каалаганды сурап бере албайм. Анткени анын жашоосунда мен сурап бергидей деңгээлдеги адам эмесмин” деп түшүндүргөм. Ошондо өкүрүп-бакырып укпай койгон.

– Ал айымга карата да арыз жазыптырсың...
– Айжандын атына арыз жазганым чын. Интернетте мага каршы баракча ачылып, кыздарыма, ата-энеме карата туура эмес сөздөрдү жазып жаткандыктан орган кызматкерлерине арыз менен кайрылгам. Менеджерим да мени каралаган аккаунтка жазган. Ошондо кыздар "ал жерде Айжан өзү, эжеси, апасы отурат экен" деп айтып калышты. Бирок чын-бышыгын билбейм. Кайрылган кыздарга тигил аккаунттан “Мен сиңдимди коргогонго укугум бар” деген кат келген. Ошол уккан нерсемди эле арыз кагазыма жаздым. Эртеси күнү мага каршы ачылган баракча жабылып калды.

– Марат Назарбековдун карындашымын деп бирөө чыгып жатат, анын жазгандарын окудуңбу?
– Ооба, анын жазгандарын курбуларым жиберишти. Мен аны жеке тааныбайм. Бирок менеджерим байланышса “ооба, мен карындашымын, болгон чындыкты жаздым” дептир. Мен деле азыр 3 кызы менен ажырашкан аялмын. Жолдошум мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берсе берет, бербесе жок. Бирок мен аны эч качан “балдарды бакпай жатасың” деп айыптабайм. Адамга мүмкүнчүлүк бериш керек. Адамга ден соолук тилеш керек. Мурунку жолдошум кыздарымдын окуусун деле төлөчү эмес. Мен аны доомат кылган жокмун да. Балдарын бакпаган эркектерди жек көрөм. Айжан менин кийип жүргөн кийимдеримди көрүп алып, “Марат алып берип жатат” деп ойлоп жатса керек. Менин демөөрчүлөрүм – Инстаграмдагы окурмандарым. Окурмандарым көп болгондуктан, ар кандай ишканалар белектерин берет. Айжанга айтарым, сенин балдарыңдын нанын талашкан жокмун. Мени жашооңо аралаштырба. Белиңди бекем бууп иште, эч кимге ишенбе дейт элем. Айжан бул жолкусунда бактылуу боло албай калдыбы, дагы аракет кылып көрсүн. Менин да үй-бүлөм урады, көңүлүм калды, бирок жашоодон көңүлүм калган жок. Мен иштей берем, алдыга умтула берем.

Интернетте өзүн Марат Назарбековдун карындашымын деп атаган аккаунт Марат Назарбеков менен Айжан айым көп убакыттан бери чогуу жашабай калышканын, ошондой эле ишкер тууралуу окуялардын бардыгы курулай каралоо экенин жазып чыкты. Мындан улам Анжеликанын ысымы бул окуяларга айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн жөн жерден кошулуп калганбы деген ой келет.

Бермет аттуу айымга байланышканыбызда “ооба, мен жарыялаган нерсенин баары чындык” деди. Анын билдирүүсүн кыскартып беребиз:
"Менин агамды алимент төлөбөй жатат деген маалыматтар боюнча түшүндүрө кетейин. Агам аялы менен ажырашса да, бардык шартты түзүп берип, балдары менен байланышын үзгөн эмес. Интернетте агам тууралуу тараган каралоолордун бардыгы байкемден көбүрөөк акча өндүрүү үчүн уюштурулган".


Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (84)
Fanatic
2018-06-14 10:03:16
Анжелика ак эмес Анжелика башка жолдор мененле акча табышы мумкун эч кандай белек селек кылбайт ага болгону байлар менен журушу мумкун. Куйоосуно акыл эстуу ыйман ынсаптуу кыз келин туш келсинда.
+10
DAIN
2018-06-14 14:56:54
Мурунку интервьюсунда тааныбайм Маратты Баян Есентаева келгенде жолдошум менен киргенбиз деген эле го,эми озум киргенмин доспуз дейт го,мурунку интервьюсу менен азыркысын коюп салыштырса эки турдуу суйлогон,куйоосун жамандабай эле койсо болмок ортого кошуп кетиптир, мурда Урматты кечке мактайт эле го,ар бир созу жалган экен эле да
+13
Spartak16
2018-06-14 17:45:32
Эркек менен аял эч качан дос болбойт, болсо ойнош болот. Деле ушул катын тынч жүрбөгөн неме экен. Адам болгон сон уялуу деген болуш керек эле го. Бул катын улам күчөп бир арам ишке аралашканын койбоду. Айчүрөк айтканы чын эле өндүүдөй. Кенедей кезинде эле ХХХХ деди эле. Эми өркүндөтүп аткан экен.
+10
qwert
2018-06-15 16:28:58
Урмат адам кылды эле го сени,суу ичкен арыка тукурдун сен,Кудай сага ыйман берсин аман бол.
+7
amina12345z
2018-06-16 09:33:13
Мурда ким эле бул кыз, азыр ким болду? Куйоого тийип бардыка жетишип алып анан байкуш куйоосун тепти окшойтда. Тимеле экоо ото бактылуу деп ойлочуубузда ошентип суротторун жарыялап атса, Айчурок эжекебиз экоо урушканга чейин, анан не болду? Эми жашоосу норма болуп, акчаны ченгелдеп алып, бир убактарда мактап аткан куоосун, кайненесин кыйып ажырашканын.
+4
Salen
2018-06-16 13:50:17
Атын чыкпаса жер ортто деп койчу беле.....
0
Nanei
2018-06-16 18:31:28
Форумда катындан айырмасы жок эркектер коп. Анжеликанын бактылуу айымына барып кийимнерди алмаштырып алгылачы бабскийге
-5
gordaya
2018-06-18 21:35:44
Nanei,туура
-3
Chagylgan1
2018-06-19 09:07:45
Nanei, форумда эркектер айтса оз калыс созун айтты!!! Сен Анжеликанын передачасы менен "оорусан" ал сенин жеке проблеман. Кааласан дарыланып кел, молдого барып окут озунду...

Эми ошондо эркектер оз пикирин айта алышпайбы сага калса?!!

Анжеликан кандай болсо ошондой кеп айтылаары турган иш да. Ал учун озун аз рекламалаш керек болчу, элден сын уккусу келбесе...
0
qwert
2018-06-16 19:00:41
Мен Урматтын эчнерсеси болбойм бирок Москвада иштешип кандай адам экенин жакшы билем бул жигитти.Бул ХХХХ ишенип баардык шарттарын тузуп берген эми минтип бет аарчыдай кылып сонун кылып таштап кетти,Аллах бар сен жазасыз калбайсын Анжелика.
+5
Crystal
2018-06-16 22:42:02
Анжелика чатаксыңгоУрмат сенин да бешенең ачылып ыймандуу кызга жолуккун
+4
diar_1113
2018-06-17 12:16:44
Анжелика айым элден ар кандай сын пикирлерди уксада"Ак ийилет бирок сынбайт"деген макалдай жашап келет.Конулу бош адам болгондо эбак эле жок болуп кетсе керек эле.Нерви кучтуу экен.Азаматсын Анжелика ыймандуу,акылдуу,кучтуу айым бол.Коро албастык эле бул ушул нерседен арылсак Кыргызстан дагы онолот эле.Жеке мен Анжеликанын аркетчилдигин баалаймын.Жолдошум менен ажырашып кеттим деп жашоодо жашабай койуш керекпи.
-6
Azatbek.Svoboda.
2018-06-18 19:24:50
diar_1113,Кыргызстанда тескерисинче ак ийилбейт сынат кара ийилет сынбайт болуп калган заман!
0
айс
2018-06-17 19:54:27
Кыз-жигит эмеспиз дептир го ))) Уч баланын энеси экенин унутуп калган го ))) Кыз кезегин 17 жашында эле буткон !
+3
Gulnura-94
2018-06-17 23:52:30
Талыкпай иштей берем деп коп айтат. Иш корбой ушак угуп жададык
+4
MKW.MYRZAiYM
2018-06-18 16:21:52
Анжелика бул ситуациядан да чыгып кетет,черный пиар кылып.
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-06-18 19:22:36
Мурунку жолдошум кыздарынын окуусуна жардам бербеген дейби?! Ошол киши сени албаса жүрөт элең шооруң куруп! Айчурөк Иманалиевага рахмат айт сахнага чыгып элге таанылдың! Же бир голосуң жок. Аллергия экен го!!!!
+3
Ulutum_Kyrgyz
2018-06-18 20:44:56
Буто элекпи э дагы эле?)))Эне журогу фильми 2 чыгат аздан кийин)))
+2
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан