Мезгилге жараша кандай унаалар чыкпасын адамдын коопсуздугу биринчи орунда болуусу керек. Өнүккөн өлкөлөр буга өзгөчө маани берет. АКШда “IIHS” агенттиги, ал эми Европада “EuroNCAP” уюму жыл сайын унааларды краш-тесттен өткөрүшүп, эң коопсуз автоунааларды аныктап турушат.
Краш-тесттеринин 2017-жылдагы жыйынтыгы боюнча:
Жогорку класстагы седандар арасында:
1-орунда:
Volkswagen Arteon
Чоң жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу
Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу
Кичинекей балдардын коопсуздугу
Кошумча коопсуздук элементтер
Жол тандабастар арасында:
1-орунда:
Volvo XC60
Кичи класста:
1-орунда:
Volkswagen Polo
Минивэн:
1-орунда:
Opel Crossland X
Кроссовер:
1-орунда:
Subaru XV
Универсал:
1-орунда:
Subaru Impreza
КООПСУЗДУК КРАШ-ТЕСТ МЕНЕН ТЕКШЕРИЛЕТ
Унааны коопсуз кылган негизги факторлор – бул анын классы жана салмагы. Канчалык автонун классы жогору жана салмагы оор болсо, ал ошончолук коопсуз деп эсептелинет. Мындан тышкары коопсуздук унаанын жашына да түзмө-түз тиешелүү. Азыркы заманбап унаалардын кузовдору сүзүлгөн учурда ошол күчтү жана ылдамдыкты баскан атайын элементтер менен жабдылган. Унаанын конструкциясындагы салондун негизги төрт бурчтугу сапаттуу болоттон жасалат. Ошондой эле коопсуздук үчүн ар бир нерсе маанилүү – унаанын манёвр жасай алышы, рулдук башкаруунун тактыгы, асманын кубаттуулугу жана башкалар.
Краш-тест өткөргөн көз карандысыз “EuroNCAP” уюмун алып көрсөк, ал 4 негизги абалды текшерүүдөн өткөрөт. Бул чоң адамдардын коопсуздугу, балдардын коргоосу, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана кошумча электрондук коопсуздук системдери. Аларга атайын баалар ыйгарылып, жыйынтыгында жалпы рейтинг аныкталат.
Америкалык "Forbes" журналынын жыйынтыгы боюнча коопсуз унаалардын алдыңкы үчилтиги:
3-орунда:
Volvo S60
Volvo ар дайым коопсуздукка биринчи көңүл буруп келген. S60 моделинин конструкциясынын бекемдигинен тарта заманбап коопсуздук мониторинг электротехникалары менен жабдылган. 2010-жылкы экинчи муундагы седан жөө жүргүнчүнү сезгенде автоматтык түрдө токтоп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
2-орунда:
Mercedes-Benz Е-класс
Немис унаасында түндө көрүү системи орнотулган. Адаптивдүү фаралар, коопсуздук жаздыктар артында жана алдында дагы бар.
1-орунда:
Audi A6
Коопсуздук үчүн керектүү бардык заманбап электротехникалар, салону эң чоң коопсуздук жаздыктар менен жабдылган.
Америкалык IIHS изилдөөлөрү боюнча эң жогорку баага татыган коопсуз унаалар:
► Subaru Impreza
► Subaru Legacy
► Subaru Outback
► Toyota Camry
► Mercedes-Benz
E-Class
► KIA Forte
► KIA Soul
► Subaru WRX
► BMW 5 series
► Hyundai Santa Fe
ЭҢ КООПТУУ ДЕЛГЕН УНААЛАР
Кооптуу деп саналган автолордун сап башында Кытай өлкөсүнөн чыгарылган унаалар саналат. Краш-тестке бул унаалар чыдаган эмес.
Мындан тышкары тесттин жыйынтыгында кооптуу унааларга булар кирген:
► Toyota Yaris
► Mitsubishi Lancer
► Audi 5000
► Ford Bronco
► Nissan Almera
► Nissan Navara
УНААНЫН КАЙСЫ ЖАГЫ ЭҢ КООПСУЗ?
Көпчүлүк айдоочунун артындагы орун эң коопсуз деп ойлошот. Бирок авариялардын статистикалык изилдөөлөрүнө ылайык, коопсуз орун катары арткы орундуктагы айдоочунун оң жактагы оруну табылган. Америкалык «Pediatrics» ири басылмасынын изилдөөсү боюнча, арткы орундуктар алдыңкы орундарга караганда 80 пайызга коопсуз. Башкысы, унаадагы адам коопсуздук курун тагынган болушу керек.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg