Мурадил Данияров: “ЫРЧЫЛЫККА КЕЛГИЧЕ ДАЛАЙ ОКУЯ БОЛДУ”

“Маликам”, Кызыңызды берчи, апа”, “Замана”, “Толгонай” деген ырларды угуп жүрсөңүз керек. Бул ырлардын аткаруучусу ырчы Мурадил Данияров позитивдүү маек куруп берди.

Аты жөнү
– Мурадил Данияров
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 22-ноябрь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Карача айылы
Репертуарындагы ырлар – “Замана”, “Толгонай”, “Маликам”, “Кызыңызды берчи, апа” жана башкалар

– Мурадил, баары эмнеден башталды?
– Кичинемден ырдаганды жакшы көрчүмүн. Атам ырдап калат, үнү жакшы. Чоң атам болсо чечен болгон экен. Балким, ошондонбу, мен да өнөр дүйнөсүнө кадам таштадым. Кичинемден аккордеон чертип жүрдүм. Дагы бир өзгөчөлүгүм – ырды бир угуп жаттап, ошондой кылып туурап берчүмүн. Музыкалык чоң окуу жайга тапшырам деп жүрүп турмуш шартка байланыштуу башка окуу жайга тапшырып калдым. Бирок баары бир музыка жакка жүрөк тарта берди.

– Ырчылыкка таштаган биринчи кадамың кандай болду?
– Отуруш, кечелерге барып ырдап калчумун. Бирок кылган ишимден канаат албай, дагы башкача болсо дей бердим. Ырчылыкка чейин далай жол бастым. Көп жерлерге мурдумду тыгып көрдүм. Алгач тамада болом деп чечтим. Жалал-Абад шаарында 400 адамдык тойго тамада боло турган болдум. Жакшы эле даярданып сөз жаттап жаткам. Кудалар, кудагыйларды жакшы эле чыгардым. Тага журту дегенден кийин эле сөзүмдү таппай калсам болобу?! Ырчы жок, же бийчи жок. Той эмес эле, батага келген адамдардай соксоюп отуруп калышты. Алып барган тоюм эч жаккан жок. Эптеп эле убакыт өтүп кетсе дедим. Үйгө келип тамадалык менин өнөрүм эмес экенин түшүндүм да, “жок, мен актёр болом” деп чечтим.

– Актёр болдуңбу?
– “Миң бир түн”, “Мегатой” тасмаларында эпизоддук роль жараттым. Эмнегедир ал да жаккан жок. Айла жок ал жакты да токтотуп, эми ырчы болсом деп баштадым. Ыр жаздырдым. Акыркы акчаларымды чогултуп клип тарттым. Аябай кыйналып кеттим. Айылга барсам жакындарым “азаматсың, ийгилик сага” деп аябай дем беришти. Антип жатса кантип айылда калам? Ичимден “ооба, силерге азамат” деп коюп кайра борборго жол тарттым. Ичимден эмне кылсам деп кыйналып жатам. Ал кезде эч кимди деле таанычу эмесмин. Ошентип жүрүп аралаштым. Продюсерим Лутфилла байке менен ага-ини катары жүрүп “менеджер болуңуз” дедим. Аны да айта албайм десеңиз. Уялчаак болчумун да. Телефондун заряддагычын сурамыш болуп бара берчүмүн. Акыры айттым, макул болуп иштешип калдык. Кийин "продюсерим болуңуз" деп сурансам макул болду. 5 жыл чайналып жүргөн эмгегимден продюсер 5-6 айда жыйынтык чыгартты.

– Бардык эле клиптериң тамашалуу тартылат экен, идеясы кимдики?
– Мен негизи позитивдүү маанайда жүрөм. Элге да ошондой маанай тартуулагым келет. “Кызыңызды берчи, апа” деген клиптин идеясы актёр Эркин Эгембердиевдики. Эркин байке экөөбүз тасмага тартылып жатып таанышканбыз. "Маликанын" сөзү, обону аныкы. Ырымды болсо продюсерим бир угуп көрүп эле "ушу ырың хит болот" деген, айткандай эле болду. Анын да клибин тамашалуу кылып тарттык.

– Сендей ырчы болгусу келгендер көп да, тажрыйбаң менен бөлүшүп кетсең. Ырчы болуу үчүн сулуу жүзбү, эмгекпи же күчтүү продюсер керекпи? Же талантпы?
– Мына телефонду эле карасаңыз, сырткы кабыгы болбосо жакшы көрүнбөй калат, ичинде бир тетиги болбосо кайсы бир функциясы иштебей калат. Ырчылыкта деле ошондой. Биринчи орунда талант болуш керек экен, анан эмгек, продюсер, кээде сулуу жүз да керек. Ошонун баары бирдей керек.

– Жакшы көрүп калган кызыңды клиптегидей апасынан сурай алат белең?
– Сурамакмын, маселе деле эмес го.

– Дайым анда ушундай позитив маанайда жүр.


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
bond02
2018-06-12 11:59:20
Мунусу дагы ким болуп кетти?
-9
monster_high_98
2018-06-12 14:47:21
bond02,койгулачы эми калп эле,ким анан ким эле дебей, телевизор коруп турсанар
+17
Kumarchik
2018-06-14 08:36:16
bond02,сен кыргызча ыр укпайсында ошого билбейсин кай жактагы чет олколордун ырларын уга бербей кыргызча да угуп кой ошондо таанып каласын
+5
engel
2018-06-12 12:25:16
Молодец! Ийгилик! Чын эле клиби позитивдуу!
+11
Arhideia
2018-06-12 12:28:31
Ийгилик!
+10
Aidanek
2018-06-12 15:26:16
Ийгилик.Менин балдарым Маликаны жакшы корушот.Музканалдан башталганда эле чуркап келип, коруп жыргап калышат.Башка каналга жылдырба деп.
+7
Busi06
2018-06-12 15:42:17
Ушул баланы суйом да ырлары да уккулуктуу азаматсын ийгилик толка алга
+6
Akylai_aktan
2018-06-12 23:24:31
Данияр молодец! Сени 89-жылкы балдардын тоюнда загска чыкканында кордум эле.Анда ырчы эмес , жон эле бала элен.Сага ршондо эле баа бергем,ошол жерде канча сенден чон балдар турса да сендей ой жугурто алышпаган.Уюшумдуу,чыгармачылык жондомдуулугун бар , журогу таза баласын.Алга иним,сенден копту умут кылабыз!
+8
aiturgasha
2018-06-13 13:30:52
Akylai_aktan, Данияр эмес, Мурадил го аты
+2
Akylai_aktan
2018-06-13 20:24:25
aiturgasha,
Баарынардан кечирим сурайм Данияров
+2
Shahrizaada
2018-06-13 03:56:25
Кызынызды берчи апа деген ырын Каракалпак элинин ырчы жигити которуп ырдап журот.Тим эле жаштары тамшанып угуп,ал жактада хит болуп жатат. Угуп сыймыктандым,ийгилик!
+6
koktalaa
2018-06-13 09:49:31
Аябай жагатда ушул бала соонун ырдайт ырлары журокко жетет ийгилик...
+5
Kumarchik
2018-06-14 08:38:38
Лутфилла азамат жардам берип остургонуно
+5
Fresh_hit
2018-06-14 13:18:19
Лутфилла продюсери экен. Чыгарып жаткан адамга рахмат. Эгер ырчы сатып кетпесе эле. А так жакшы чыгып жатат.Бирок эски ырларды жанылап ырдай бергени эле болбосо.Жаныча ыр,жаны обон чыгарса анда упай топтомок эле. Кантсе да ийгилик Муратил!
+6
Stervamyn
2018-06-15 19:10:30
Кызынызды берин апа,апооо,суранамын сизден жаным апооо- деп менин бвлам ырдап калат))
+3
nurhan2702
2018-06-18 10:57:24
Ийгилик каалайм!Чыгармачылыгын дагы да оркундой берсин ,жердеш иним экенсин
+1
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан