Ирина Шотт, ырчы: «КЫРГЫЗСТАНЫМДЫ КӨП САГЫНАМ»

«Алдей, ай, бөпөм, ай,
Балам – бактым, балам – базарым».
Бул саптарды ар бирибиз кыңылдап ырдап келебиз. Балага болгон мээримди жеткиликтүү берген бул ырды Нури менен Ирина Шотт ырдаарын көпчүлүк биле бербесе керек. Маалымат үчүн, Ирина Шотт Кыргызстандан тапталган ырчы, «Евровидение» сынагына катышып, орус шоу-бизнесинен ордун тапкан. «Ты вспомнишь обо мне» деген хит ырдын аткаруучусу. Көп жылдан бери аты чыкпай калган Ирина Шот менен байланышып, учурда Испанияда жашап жатканын билдик. Ырчы айым орусиялык шоу-бизнестин парда артындагы жашоосу, үй-бүлөсү жана мекенине болгон кусалыгы тууралуу айтып берди.

СИБИРДИН КЫЗЫ, КАНТТЫН ЖЫЛДЫЗЫ ИРИНА ШОТТ
– Мен Сибирде, Кемерово облусунун Прокопьевск шаарында Кузбасс аймагында 1981-жылы 23-февралда төрөлгөм. 6 айлык кезимде ата-энем жумушуна байланыштуу Кыргызстандын Кант шаарына көчүп келишкен. Апам Кант Маданият үйүнүн башчысы, атам хормейстер болуп эмгектеништи. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» болдубу, айтор, бала кезден мен да циркке, бий, сүрөт тартуу, англис тили, спортко кызыкчумун. Бейсбол командасында ойнодум, анан албетте, ырдаганды жактырат элем. Мектепте алдыңкы окуучулардын катарын толуктап, 9-11-класстарда Канттагы №1-орто мектептин маданият министри болуп шайландым. Ыр, бийге жакын болгондуктан кароо-сынактарга көп катыштым. «Мөлтүр булак», «Кыргызстандын таңкы жылдызы» сынактары менин жашоомдо чоң бурулуш жасады, музыкалык карьерамдын башталышына себеп болду.
Мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине модельер-дизайнерлик кесибине тапшырдым. Ал жакта да маданий иш-чараларды калтырган жокмун. Ошого байланыштуу мени көп жолу сабактан бошотушчу, бир жолу сынактан да уруксат беришкен. Бул нерсе, албетте, менин мугалимдериме жакчу эмес (күлүп). Жадакалса бирөөсү «Ирина, сиз окуйсузбу же ырдайсызбы, чечпейсизби?» деп айтканы эсимде. Ошонун да таасири болдубу, айтор, 3-курсумда ырчылыкты тандап, окуумду жыйыштырып салдым. Азыр ойлосом, туура эле кылыптырмын. Анткени музыка мен үчүн бүтүн аалам.

«МОСКВАГА КӨНӨ АЛБАЙ КЫЙНАЛДЫМ»
– 18 жашымдан кафе, дискоклубдарда ырдап баштадым. «Элес» тобу менен таанышып, алар аркылуу музыканын соул, жаз, R&B жанрын үйрөндүм. Нури менен «Балама» ырын жаздырдык. Ишенесиздерби, бул ырдын хит болуп, мага атак алып келерин элестеткен да эмесмин. «Балама» ыры аркылуу Москвага барып, продюсерлердин көзүнө илиндим.
2000-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырып, бирок эки жылдан соң Москвага кетип калдым. Чынында, бул мен үчүн оңой чечим болгон жок. Москва мегаполиси, чоң шаар, зуулдаган метролор, баары эле ары-бери шашып кетип жаткан эл... Жаңы барганда көнө албай кыйналдым. Акырындап орусиялык шоу-бизнеске аралаштым. Бул чөйрө бирөөлөрдүн эле ойлоп тапканы. Калп эле болбогон жомокторду токуп, кымбат баалуу бренд кийимдер менен мактанып, тамактан баштап гардеробдогу кийимдерге чейин жарыялаганга туура келчү. Элге «Евровидениеге» сен кандай унаада келдиң, ушул нерселер маанилүү эле. Ошондуктан менин чоңоюп-өскөн, жакшы көргөн Кыргызстаным аталбай, сыр бойдон кала берди. Ушундай нерселер мага жаккан жок, чарчатты десем да болор.


«ИЙГИЛИГИМДИ КӨРӨ АЛБАГАНДАР БОЛДУ»
– «Евровидение» сынагынын 3-тандоо турунан жеңишке жетишкенимде кубангандары да, ийгилигимди көрө албай «Бул кайдан чыга калды? Ким өзү бул?» деп нааразы болгондор да кезикти. Кээ бирлери добуштун жыйынтыгын угузуп жатышканда жанында турганымды байкабай эле жамандап алышты (күлүп).
Москвада чыгармачылык менен жүрүп атактуу жылдыздар менен тааныштым. Андан сырткары билимимди тереңдетип, Москвада ГИТИСти (Мамлекеттик театралдык искусство институту) бүтүрдүм.

«ИСПАНИЯДА ЖАШАЙМ»
– Мен учурда Испанияда жашайм. Бул жакка келгениме 8 жыл болду. Чыгармачылык жолумда Michael Jackson, Barbra Streisand, Stevie Wonder, Prince, Madonna сыяктуу легендарлуу жылдыздардын вокал боюнча педагогу Сэт Риггс менен иштештим.
Учурда 3 музыкалык топто ырдайм. Фортепиано менен алектенем. Ошондой эле биздин шаарда «Купалинка» деген орус фольклор ансамбли бар. Ансамбль менен ар кандай фестивалдарга катышып турабыз. Спортту аябай жактырам, кроссфит менен машыгам.
Мен Кыргызстанга акыркы жолу 2015-жылы «Мейкин Азия» сынагына катышканда баргам. Ага чейин 10 жыл бара элек болчумун, абдан толкундандым, сөз менен ал сезимдеримди жеткире албасам керек. Ата-энем, сиңдим, иним, туугандарым учурда Орусияда турушат. Испанияда жашоом жомоктогудай болгону менен, мекенимди, жакындарымды аябай сагынам. Кыргызстанга дагы бир жолу барып, бара албай калган жерлеримди көрүп келсем дейм. Бул күн алыс эместир...

«ҮЙДӨ МЕНИ СҮЙГӨН ЖОЛДОШУМ БАР»
– Канчалык жумушум көп, үй тиричилигине убактым аз болсо да, мени үйдө сүйгөн, камкор, боорукер, мээримдүү сүйүктүүм, жолдошум тосуп алат. Мен аны аябай баалайм жана сүйөм! Кебимдин жыйынтыгында жаңылыктарым менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берген «Супер-Инфо» гезитине ыраазычылык билдирем.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Berliane123454
2018-06-12 09:32:18
Анда Кузбасстан салам)
0
Dembele84
2018-06-12 09:54:21
Сонун ырчы.Балама деген ырын Кыргызстан обондору радиосунан ар эки саат сайын берип турчу,кошулуп ырдап журуп жаш чактар отту го чиркин...
+6
kakukani
2018-06-12 10:19:08
Чыгармачылык ийгилик Ирина эже
+1
Eliza83
2018-06-12 10:31:54
Кемер эмес, Кемерово облусу.
-6
mumu00
2018-06-12 12:09:38
Саламдар,Ирина Шотт "Евровидение" сынагына катышкан эмес,Орусиядагы "Евровидениенин" тандоо туруна катышкан.бирок отпой калган. Ондоп койсонор ээ))) рахмат.
+3
MaRmeLaDka
2018-06-12 17:48:57
mumu00,тандоо туру деп эле жазылып турат го).
+2
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан