Омар, ырчы: «АЯЛДЫН КИЙИМИНЕ ЧЕЙИН АСЫЛГАН ЭРКЕКТЕРГЕ ТАҢ КАЛАМ»

– Үйлөнгөндө көпчүлүк жигиттердин чыгармачылыгы солгундагандай болчу эле, сенин да жаңы ырыңа көптөн бери күбө боло элекпиз?..
– Мурун ар бир жазган ырым хит болбосо да, күйөрмандарымдын жүрөгүнөн түнөк тапчу. Учурда жазган ырларым көп ырдын арасында калып кетип жатат окшойт. Мисалы, азыр биринен-бири ашкан соода түйүндөрү көп. Ошонун сыңары шоу-бизнесте ырчы дагы, ырлар дагы көп. Акыркы 2 жылда хит болот го деп жазган ырларым мурункулардын деңгээлине жетпей калды. Балким, эл кандай ырды каалап жатканын сезбей жаткандырмын. Маданият элди ээрчибей, маданиятты эл ээрчиш керек деп айтышат го. Максатым – жакшы ыр чыгарганга аракет кылуу. Кээде жөндөн-жөн эле ырларды чыгарып алып жатпайбызбы. Мисалы, репертуарымда көптөгөн ырлар бар. Чыга электердин саны жыйырмага жетет. Алардын айрымдары аранжировкасы менен даяр турат. Мурун максатым эл оозуна гана алынуу болсо, азыр маңыздуу ыр жазгым келет. Мен баягы 18-20 жаштагы «Жаш толкун» сынагынан келген жаш бала эмесмин да. Ошондон улам жаңы ырларым чыкпай жатат окшойт. Ал эми үй-бүлөдө келинчегим, тескерисинче, «качан жаңы ыр жазасыз?» деп сүрөп турат.

– «Баягы Омар жок, толуптур» деп жатышкандарын уккам, андай деле эмес го...
– Мурун курсак ачканда гана тамак жесем, азыр кайсы маал болбосун үйдө тамак даяр. Көчөдө жүргөндө келинчегим, «мындай тамак жасайм, тигини-муну ала келиңиз» деп калат же WhatsApp`тан азык-түлүктүн тизмесин жиберет. 3-4 маал тамак жеп жатып чын эле толо түшкөм. Азыр орозонун кудурети, касиети менен бир аз арыктадым.

– Жубайың экөөң бири-бириңерге сиз деп кайрылчу элеңер, сенге өттүңөрбү?
– Жаңы таанышканда баары эле «кечиресиз, карындаш, таанышып алса болобу?» дегендей сиз менен сүйлөшөт да. Мен башында сиз дечүмүн, азыр сен дейм. Бирок жубайым сиз деп кайрылат. Ортодо сиз деген сөз айтылса, урушкан күндө да сылыктык болот экен. «Сен мындайсың» дегенге караганда «сиз мындайсыз» деген оор тийбейт.

– «Сиз мындайсыз» деген уруш практикаңарда орун алдыбы?
– Урушуп, талашып-тартышкан жокпуз. Бирок «эмнеге мындай эмес? Эмнеге мындай кылбай жатасыз?» деген сыяктуу таарынычтар болду. Ал деле менин жумушума байланыштуу, кээде түнү менен ыр жазып, кээде үйгө кеч барып калам. Кээде телефон чалбай калам. Бизде студиянын көбү жер төлөдө, ал жакта телефон тартпайт. Келинчегим мага чала берген болот. Мен трубканы албай койгондо ар кандай ойлор келет окшойт, ошондо таарынып калат.

– Үйлөнгөндө жакындарыңар Таиландга, Дубайга, Европага жолдомо беришти эле, баарына барып келдиңерби?
– Европадан башкасына бардык. Ал жакка ата-энемди жибермей болдук. Ата-энебизге сунуштасак, алар макул болушту. Орозо бүтсө анан кетишет.

– Ата-энең келин жумшап колу узарып калса керек...
– Үй-бүлөдө жалгыз эркек эмесминби, эжекем турмушка чыккандан кийин ата-энем, мен үчөөбүз жашадык. Мен канчалык элпек болбоюн кыз кишинин ишин кыла албайм да. Акыркы учурда апам «жашың отузга келди, үйлөн» деп көп айта баштаган. Апам келин алгандан бери өзүнө көңүл буруп, конокко көп барып, колу узарып калды.

– Апаң жалгыз келинине үй оокатын өткөрүп бериптир да?
– Чынын айтсам, мен аны түшүнгөн жокмун. Келинчегим эртең менен окууга барат, келгенден кийин үй жумуштарын кылат. Эмнени өткөрүп берди, эмнени өткөрө элек, алардан сураш керек.

– Келинчегиң медициналык академиянын студенти эмеспи, кандай окуйт, сабактарынан кыйналган жокпу?
– Жакшы эле окуйт, жаңы үйлөнгөндө бал айына кетип бир аз аксады окшойт. Азыр аракет кылып окуп жүрөт. Кичинекей кезибизде күнүгө атабыздан жол кире алып кетчүбүз го. Ошол сыяктуу эртең менен менден жол кире алып кетет. Же бир аптага жеткидей берип коём.

– Кыргызда көнүмүш суроолор көп. «Качан үйлөнөсүң?», үйлөнгөндөн кийин «качан балалуу болосуң?» деген сыяктуу. Экинчи суроонун жообу кандай болот?
– Кудай качан насип кылса, ошол күнү деп турабыз. Текшерилип да көрдүк, экөөбүздө тең эч кандай оорунун белгиси жок экен. Ар бир намазда дуба кылып бала сурап жатабыз. Албетте, перзенттүү болуу ар бир адам үчүн чоң белек. Мен «үйлөнгөндөн кийин эле балалуу болушат» деп ойлочумун. Андай болбосун азыр түшүндүм. Бизден мурун ата-энебиз күтүп жатат окшойт.

– Тун балаңарды чоң эне, чоң атасы багып алабыз дешсе, бересиңби?
– Тун балабызды гана эмес, баарын беребиз. Өзүмө, келинчегиме караганда мен ошол эки адамга ишенем. Экөө тең баласаак, жээндери келгенде кичинекей балдар менен кошулуп бала да болуп кетишет.

– 2 бир тууган эмессиңби, инилүү, карындаштуу болгуң келчү беле? Өзүң канча балалуу болууну самайсың?
– Негизи биз 4 бир тууган болчубуз. Улуу байкем чарчап калыптыр, андан кийин мен төрөлүп, өмүрлүү болсун деп атымды Өмүрбек коюшкан. Менден кийинки иним дагы чарчап калган. Кичинекейимден эле көп балалуу болгум келчү. Диана менен таанышканда «канча балалуу болгуң келет?» десем «7» деди. Менин оюм менен дал келгенине таң калдым.

– Эмнеден коркосуң?
– Ойлорумду, кыялдарымды ишке ашырбай, жашоо менен кош айтышуудан корком.

– «Учурдун эркектери майдаланып кетти» деп калышат. Сен буга кошуласыңбы?
– Толугу менен кошулам. Бул бизде гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан көрүнүш окшойт. Аял киши – үй-бүлөнүн куту, эркек – ал үй-бүлөнүн коргоочусу экенин унутуп, ал баалуулуктарды башка кызыкчылыктар менен алмаштырып жатышат. Мисалы, социалдык тармактагы баракчама аялым менен түшкөн сүрөтүмдү жүктөсөм, сөзсүз эркектер жазышат. Эркектерге жарашпай турган «Эмнеге мындай кийинип алган?» деген сыяктуу ушак сөздөрдү жазышат. Адепсиз сөздөрдү айтпай эле коёюн. Алар менен жазышкым келет, бирок майдаланып кетемби деп ойлойм. Кээде өтө ыплас сөздөрдү жазгандардын жеке баракчаларына «эркек болгондон кийин эркек эле болуш керек» деп кайрылууга туура келет. Аял кишинин кийимине кандай эркек асылат таң калам. Эркек киши акча таап, үй-бүлөсүн багып, аялын, балдарын жаман жолдон коргош керек. Бир сөз менен айтканда, ата ок болуш керек.

– Алдыда кандай пландар бар?
– Чыгармачылыкта даярдалып, элге чыга элек чыгармаларымды четинен чыгарайын деген пландарымдын үстүнөн иштеп жатам. Анткени практика көрсөттү. Сапатка эмес, санга иштеп деле концерт берсе, эл оозуна алынса болот. Андан сырткары келинчегиме медицина кызматкерлеринин кийимдери сатылуучу дүкөн ачып берүү планым бар. Азыр ачуу алдында турабыз.

– Рахмат, жаңы ырларды күтөбүз.

"Диана менен таанышканда «канча балалуу болгуң келет?» десем «7» деди. Менин оюм менен дал келгенине таң калдым".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Омар: "Аялдын кийимине чейин асылып, айрым эркектер майдаланып кетти"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Ma9
2018-06-12 11:21:27
Ата ок болуш керек деген жери жакты
+10
DUNI
2018-06-12 11:35:34
Мен дагы иштесем деле кундо жол кире алам . обедке деп))
+8
mirana9395
2018-06-12 11:35:58
Бактылуу болгула .мына сага жонокойлук.
+2
bond02
2018-06-12 11:57:09
Аялдын койногун айтыш учун да чыга берет экен да.
-5
Kymbatym
2018-06-12 12:28:26
Чынында жөнөкөй адам экен бактылуу болсун
+1
Pandora
2018-06-12 13:38:16
Мен дагы ойлогом,турмушка чыксам эле балалуу болом,дем албай биринин артынан бирин тороп тортоосу аздык кылылат деп 5-7 балалуу болуп дос кыздарыма жетип,ашып кетем,кечигип турмушка чыкканымда билинбей калат деп ойлойт элем. Жашоо,турмуш ар кандай сюрприздерин жана сыноолорун даярдап турат экен
+8
ALINALISA
2018-06-12 20:00:48
Pandora,созунузго кошулам. жашоодо ар нерсеге даяр туруш керек экен.
+7
Cibek
2018-06-12 16:34:05
Аялына машина алып берип койбойбу
-10
momun74
2018-06-12 19:09:24
Омар анан эмне аялынды мактап эле турушун кааладын беле ар адам ар башка ой жугуртотда аялына сын угушту каалабасан бирааз коомчулуктан алыс карма ал сенин аялын кызган азыр ырчы жигиттердин аялдары жылдыз болуп кетишип атат
+7
Ziregul
2018-06-12 20:06:45
эми баскан турганынарды коомчулука жарыя кылып турганынардан кийин кийимине асылды дегенин болбой эле калыптыр ,
+3
momun74
2018-06-12 23:30:28
Ziregul,+басам деп минус басып алдым айтканына кошулам
0
love.me.again
2018-06-12 21:08:25
Кой омарчик фасолчик сенин аялынын кебетесин коргондо мен деле шапкеми баса кийип алам . Башы калдайган оролгон шарф жамбашы тарсайган джинсы шым. Дагы келинчегим ыймандуу оронот дейсин . Хиджаб корунот окшойт ошо сага)))
+2
Pandora
2018-06-12 21:57:15
love.me.again, Оронуп эле сага не арабттардын кийимин кийип алсынбы,баш аягы аччыкттан коро киигендери жабык жапжакшына. Озунду кузгудон бар карап алчы,уйундо кузгу болсо эгер
+2
love.me.again
2018-06-13 00:09:51
Pandora, хиджабты бузбай салынсын же жакшына эле журсун дедимда. Кудайым акыл эс ыроолосун сизге)
0
Pandora
2018-06-14 02:17:51
love.me.again, Хиджапты кие бер озун бузбай,бироого тануулабай.Жолук салынса эмне? Созсуз жоолукка чулганып алсынбы? Же чечип ыргытып салсынбы? кыска шортик кийип,чачын жазып,анда да суйломоксунор "жаныкелин тыты,пыты,Омар кой дебейби"-деп.Кадимки эле
куну
умдук турмушта мурун,кийин апаларыбыз салынып жургон сыяктуу экенда.Омар башында эле айткан хиджап эмес,жоолук салынат деп.Мага акыл-эс тилеп,бироонун койногуно асылгандан коро кийип турган хиджабына,окуп жаткан намазы
+2
Pandora
2018-06-14 02:19:49
love.me.again,Хиджап жабынып алып анын ичинлеги характеринди былгыптып жатпай.Бул да болсо динден толук маалыматын жоктугунан.
0
love.me.again
2018-06-15 13:06:16
Pandora,сизге чымгоргонго жолдомо утуп алдынар ))
0
gulperi.kg
2018-06-13 08:17:27
Аялын интаграммдан чыкпаса баскан турганын коомго жарыялай берсе анан сынайт да анан ар ким.Бакыт тынчтыкты суйот.Анжелика ошентип жатып эмне болду акыры ажырашып тынды го.Элдин созу,козу башка.Коз тиет.Бактылуу жашагыла.
+5
aiturgasha
2018-06-13 13:26:44
Ата энесине ото куйумдуу экен. Ошонусу мага абдан жакты. Биздин балдарыбызда сендей куйумдуу болсун!
+2
tamchy555
2018-06-26 22:46:59
Негизи аялыңарды элге жарыялабай эле койсоңор болмок, бардык кеп-сөздөрдөн оолак болмоксуңар!
0
Sofiagul
2018-06-28 12:13:53
Омар, Диана Аллахым эки дуйно бактылуулук берсин!
0
Sofiagul
2018-06-28 12:20:19
Комментарий жазгандарга таааан каласын))Ким кандай кийинсе,кандай жашаса озунун тандоосу, бизге эмне чынбы? Алар учун биз же биз учун алар жооп беришпейт. Чындыгында эркек эркектей болуш керек да. Менин жолдошум мн Омардын коз карашы аябай окшош экен) Эркек эркектей болуш керек да. Эркек да аял да озунун ордун жана милдетин билсе ошондо бактылуу турмуш болот. Баарынарга бактылуулук каалайм.)
0
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан