Бул апта белгилүү саясатчыларды камакка алуу окуялары менен айырмаланды. Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер Сапар Исаков, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
ИСАКОВДУ ТУЗАККА КАНТИП ИЛИШТИ?
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер Сапар Исаковду тергөө бүткүчө деп камакка алды. «Коррупцияга» айыпталып жаткан Исаков бул чечимди «жеткен адилетсиздик» деп атады. УКМКнын маалыматы боюнча, Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турганда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо иш аткаруучу катары Кытайдын ТВЕА компаниясын тандоо боюнча ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кат жазган, ал компаниянын кызыкчылыгын алдыга түрткөн деп күнөөлөнүүдө. ТВЕА жылуулук борборун 2014-2017-жылдары
386 миллион долларга жаңылап, быйыл кышында бул долбоордогу шектүү жагдайлар ачыкка чыкты. Мисалы, баалардын эселеп кымбат көрсөтүлүшү. Буга чейин ЖЭБди жаңылоо ишиндеги күмөндүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия Исаковдун жогорудагы каты ТВЕА`ны тандоого олуттуу таасир эткен деп тыянак чыгарган. Исаков жакында КСДПнын төрагасынын орун басары болуп шайланган эле. Буга чейин өзүнө кылмыш ишинин ачылышын «саясий куугунтук» деп жүргөн Исаков эми өзүнүн таза экенин далилдөөгө аракет кылат. КУЛМАТОВДОН 2 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫН ЭСЕБИ СУРАЛАТ
Мамлекеттик бажы кызматынын экс-төрагасы Кубанычбек Кулматов ушул жылдын 28-июнуна чейин камакта болот. Ал дагы ЖЭБди жаңылоодогу «коррупцияга» шектелүүдө. Тактап айтканда, Кулматов «2014-жылы Бишкек шаарынын мэри кезинде ТВЕА мектеп курууга бөлгөн акчаны мыйзамсыз пайдаланган» деп айыпталып жатат. ТВЕА гранттык негизде 2 миллион доллар бөлгөн. Калыс-Ордо конушуна мектеп курууга бул акча жетпей калып, Бишкек мэриясынын казынасынан кошумча
104 миллион сом жумшалып кеткени буга чейин айтылган. АРТЫКБАЕВ – ТВЕА МЕНЕН КЕЛИШИМ
ЖЭБди жаңылоодогу «коррупцияга» шектелген дагы бир экс-чиновник, учурда парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев тергөө бүткүчө деп камакка алынды. Ал «2013-жылы энергетика министри кезинде ЖЭБди жаңылоодо Кыргыз тараптын кызыкчылыгы корголбогон келишим түзүүнүн башында турган» деп айыпталууда. Башкы прокуратуранын билдиришинче, Артыкбаев ЖЭБди жаңылоодо Кыргыз өлкөсүн курулушка жумшалчу чыгымды көзөмөлдөө укугунан ажыраткан келишимди түзүүгө жол берген. Айта кетсек, Исаков да, Кулматов да, Артыкбаев да КСДПнын көрүнүктүү мүчөлөрү.
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ҮН КАТТЫ
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жогорудагы 3 саясатчынын кармалышы боюнча билдирүү жасады. Атамбаев буларды камоо коррупция менен күрөшүү эмес деген пикирде. «Коррупция менен күрөштө айырмаланган так ушул адамдардын коррупцияга күнөөлөнүп камакка алынышы акыл-эске сыйбайт. Бирок мен бүгүн аларга Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам. Коррупция менен күрөшүү деген кыйкырыктардын астында иш жүзүндө өз пикири, өз позициясы барларга аңчылык башталды»,- дейт Атамбаев.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg