Парламент депутаты Дастан Бекешев жылытуу системине электр энергиясын же көмүр эмес, газ колдонууну сунуштап чыкты. Депутат үйлөрдү жана мекемелерди газ менен жылытуунун артыкчылыктары бар экенин айтууда. "Өлкө аймагындагы шаарларга электр энергиясын, көмүр сатып алуу үчүн бюджеттен жылына 1,5 миллиард сом субсидия бөлүнөт. Жаңы курулуп жаткан мектеп жана үйлөрдү жылытуу системин газга өткөрүп көрүшүбүз керек. Көмүргө караганда газ арзан түшүп калышы мүмкүн. Экологиялык жактан да жакшы болмок. Анан калса газды эч ким уурдай албайт",- деди Бекешев.
Быйыл кышында Бишкектин үстүн каптаган калың кара түтүн шаардыктарда нааразычылык жараткан. Жооптуу органдар Бишкектин абасында зыяндуу заттар нормадан 2-3 эсе ашыкча экенин ырастады. Тийиштүү мекемелер Бишкектин абасын булгоонун негизги себептери деп шаардагы автоунаалардын нормадан көптүгүн, жаңы конуштарда үйлөрдө көмүрдүн көп жагылып жатканын атаган. Былтыр 25-декабрда Бишкекке Орусиядан газ менен жүрүүчү 350 автобус сатып алууну каржылоо жөнүндө меморандумга кол коюлган. Долбоордун суммасы 50 миллион доллар – 30 миллионун "Газпромбанк", 20 миллионун Кыргыз тарап каржылайт. Сапар Исаков өкмөт башында турганда автобустар быйыл жай айларында алынып келинерин айткан.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg