КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ ЖОЛДОРУНУН АБАЛЫ БОЮНЧА ЭҢ НАЧАР ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТАРЫНА КИРДИ

Кыргыз мамлекети жолдордун абалы боюнча эң начар өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул рейтинг Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун эксперттеринин "Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк-2017-2018" изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен түзүлгөн. Жалпысынан 137 мамлекетке изилдөө жүргүзүлүп, анда өлкөдөгү жолдордун абалы 1ден 7ге чейинки баскычта бааланган. Бирок бир дагы өлкө 7 балл алган эмес. Тизменин сап башын Бириккен Араб Эмираттары (6,4 балл), Сингапур (6,3 балл), Швейцария (6,3 балл) ээлеген. Ал эми арткы орунду Мавритания (2 балл), Конго (2,1 балл), Гаити (2,1 балл) өңдүү өлкөлөр ээлеген. Ал эми Кыргыз өлкөсү 2,7 балл алуу менен тизмеде 122-орунга илинди. Айта кетсек, Кыргыз мамлекети сырттан алган карыздарынын басымдуу бөлүгүн энергетика, жол куруу өңдүү тармактарга жумшаган.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан