ДОБР РЭП АЙТУУЧУЛАРГА «ТАЙМАШ» СЫНАГЫН УЮШТУРУУДА

Рэп ырчысы Добр жакын арада «Таймаш» аттуу рэп сүйүүчүлөрү үчүн батл өткөрүү алдында турат. Бул долбоорго катуу даярданып жаткан ырчы «Таймаш» батлынын жеңүүчүсүнө клип тарттырып бере турганын айтты.

– Учурда батл үчүн 8 бала тандалып алынды. Алар бири-бири менен таймашып, жеңгени алдыга кетип отурат. Калыстар тобу менен кеңешип жеңүүчүнү тандайбыз. Башында батлды интернет айдыңына таратып, акыркы таймаштарын, балким, эфирге да беребизби, сүйлөшүп жатабыз. Диплом, статуэткалар даярдалып жатат.

Мындан тышкары Добр жакын арада ырчы Курал Чокоев менен биргеликте «Тур, турагой» деген ыр жаздырып, ага клип тарттырды. Клипке «турагой, кыргызым» деген видеосу менен таанымал болгон вайнер Гүлзат Мамытбек да тартылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
erbol1998kg
2018-06-14 14:50:21
@erbol_kubanov
-1
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан