ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 11-июндан 17-июнга чейин




КОЙ (21.03-20.04)
Акча, үй тиричилик, чарба жана жакындарыңызга байланыштуу маселелер менен чуркайсыз. Башкысы, адаттагы өзүмчүлдүккө жол бербөө кажет. Сулуу болууга эмес, сылык болууга аракет жасасаңыз, ийгилик ачкычы колуңузда болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Өзүңүздүн жеке иштериңизди бүтүрүүгө киришесиз. Бир тууган, кошуна, теңтуштарга да убакыт бөлөсүз. Кыска мөөнөттүү сапарга чыгасыз. Сүйлөшүүлөр көп болот. Өз көмөчүңүзгө күл тартпастан, жалпы кызыкчылыкты жогору коюңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жабык типтеги ишканага (оорукана, аскер, жаза өтөө бөлүктөрү) барып тиешелүү адамдан кабар аласыз. Же аларга байланыштуу ыңгайсыз кырдаал жаралат. Каржыны көбөйтүү жаатында активдүүлүк күчөйт. Жеке сырды бекем катыңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада дос, кесиптештер, айрым ишкана кызматкерлери менен тыгыз байланышта болосуз. Максат-ойлоруңузду дагы бир ирет электен өткөрөсүз. Жеке кызыкчылык алдыңкы орунга чыгат. Сизге көптөр көңүл бурушат, андыктан даяр болуңуз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Өз кызыкчылыгыңызды ишке ашыруунун аракетин жасайсыз. Жетекчилик, өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Жабык типтеги мекемелерге барасыз. Купуя иштерди өз алдынча жасайсыз. Убакыттын көпчүлүгү жалгыздыкта өтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Курбу, өнөктөштөр менен чогуу иш алып барууга туура келет. Башка шаардык өнөктөштөргө көп убакыт бөлөсүз. Тилегиңиздин биринин орундалышын күтө берсеңиз болот. Кайын журт, көзөмөл органдары, дин өкүлдөрүнө көңүл буруп, маалыматка ээ болосуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сырткы келбетке көңүл буруп, коомдогу ордуңуз боюнча ой жүгүртөсүз. Жетекчилик жана кызматта иштеген башка адамдар менен сүйлөшүүгө, чогуу иш алып барууга туура келет. Аптада акча маселеси орточо деңгээлде чечилет.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада өкмөт өкүлдөрү, кайын журт, туугандар менен көп баарлашып, үй-бүлө мүчөлөрүнө да дыкат көңүл бурасыз. Алыска сапарга чыгуу маселеси козголот. Адамдарга сылык мамиле жасап, мамилелер жөнгө салынат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада жумушка, ден соолукка, үй жандыктарына көбүрөөк көңүл бөлөсүз. Акча (мамлекеттик, банктан алынган насыя же сиздин аласаларыңыз) жаатында маселелер чыгат. Көп учурда өзүңүздү үйдөгүлөр алдында милдеттүү адам катары сезесиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Балдарыңызга, жубайыңызга адаттагыдан өзгөчө көңүл бурасыз. Бойдоктор сүйгөндөрү менен бактылуу көз ирмемдерди баштан кечиришет. Өнөктөштөр менен тыгыз байланышта болосуз. Эс алууга убакыт табасыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жакындарыңыз менен үй-бүлөлүк маселелерди талкууга аласыз. Сизге тагылган милдет күчөйт. Үйдү жасалгалоо аракеттери көрүлөт. Физикалык көнүгүүлөрдү жасап, спирт ичимдигинен оолак болуңуз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Туугандар менен жакындан сүйлөшүп, үй-бүлөгө, кошуна, курбуларга убакыт бөлөсүз. Талаш-тартыш да жаралат. Унаа, сапарга чыгуу маселеси каралат. Маалымат угасыз. Апта негизи эсте каларлык күндөрдөн куру койбойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан