ИКАРДИ, САНЕ, НАИНГГОЛАН...

Мундиаль баштала элек жатып футбол күйөрмандары сүйүктүү футболчуларын Орусия стадиондорунан көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыроодо. Алсак, Аргентина командасы “Интерде” мыкты сезон өткөргөн чабуулчу Мауро Икардини курамына алган жок. Ал эми Германиянын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёв курамга “Манчестер Ситинин” негизги оюнчуларынын бири Лерой Санеге орун жок экендигин билдирди. Бельгия командасында “Романын” жарым коргоочусу Раджа Наингголандын жоктугу таң калтырат. Машыктыруучу Роберто Мартинес тактикалык көз караштардан улам аталган футболчуну курамга алган эместигин айтты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан