Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналдунун коопсуздугун Дүйнө чемпиондугунда ММА мушкери Гонсало Сальгадо камсыздайт. Албетте, талаадагы коргоочулардан эмес, футболдон тышкаркы күндөрдө. Сальгадодон сырткары мурунку десант кызматкери Нуно Марекос да футболчуга жан сакчылык кылмакчы. Марекос буга чейин Португалияда жеке компаниянын жан сакчысы болуп иштеп келген. Ал эми Сальгадо ММА боюнча 9 жогорку беттешке катышып, 7 жолу жеңишке жеткен.