Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ААЛАМДЫН АДАМЫ АЙТМАТОВДУ КЫРГЫЗДАР КАЧАН БААЛАЙТ?

№397 11-17-июнь, 2010-ж


Залкар ысым

Айтматов... Ушул карапайым кыргыздын аты ааламды кезип, улутуна, динине, тилине карабай жүрөктөрдү толкутуп, кыргыз деген элди дүйнөлүк аренага алып чыкканын тана албаспыз. 10-июнда ааламдын адамы Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына эки жыл болот.

Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элине кылган эмгеги тууралуу айтуунун да кереги жок болсо керек. Бирок улуу инсандын улуулугун, бийиктигин сезе албай жатканыбыз чоң өкүнүч. Көзү өткөнүнө эки жыл болгону менен, анын чыгармачылыгына, атына татыктуу иш жасала элек. Алтургай көр пенделикке салып "Чыңгыз кыргыз үчүн эч нерсе кылган эмес" дегендер да бар. Өнөргө баа берген, асылдыкты даңктаган кыргыздын кылары ушулбу?! Эки жылдан бери шаардын көрүнүктүү жери эле эмес, “Ата-Бейиттеги” күмбөзүнө эстелик тургузула элек. Чыгармалары менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кеткен Айтматовдун бул эстеликке эч кандай муктаждыгы жок деңизчи, бирок артында калган кыргыз элине намыс.
Биз Айтматовго кайдыгерлик менен карап турган учурда башка эл Чыңгыз Айтматовдун наамын ыйгарууну сыймык катары көрүп жатышат. Мисалы, Түркиянын Гебзе шаарындагы чоң гүлбакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди. Ал эми Татарстандын Мэчкэрэ айылындагы мектепке Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылды.
Дагы бир мисал, кыргыздын чыгаан уулу Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин коюу маселеси 9 жыл бою айтылып, бирок эч кандай жыйынтык чыкпай келет. “Бул маселе да ошонун сыңары көп жылдарга узарып кетпейби? Эмне үчүн Айтматовдун атына татыктуу эч нерсе жасала элек?”деген суроолорго жооп таппай келебиз.
Экинчи маселе, Айтматовдун чыгармалары “Нобель”сыйлыгына татыктуу болгону менен, бул сыйлыкты албай кетти. Айрымдардын айтуусунда, СССР убагындагы Чыңгыз аганын алган наамдары бул сыйлыкты алганга кедерги болгон. Кантсе да "эмнеге бул сыйлык берилбей калган?" деген табышмактуу суроонун жообун тиешелүү адамдардан издеп көрүүнү чечтик.

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО ЭСТЕЛИК КУРУУ МАСЕЛЕСИ
ЭМНЕГЕ КӨТӨРҮЛБӨЙ ЖАТАТ?
ЭМНЕ ҮЧҮН “НОБЕЛЬ” СЫЙЛЫГЫН АЛБАЙ КАЛГАН?

Илгиз Айтматов,
техника илимдеринин доктору, академик,
Чыңгыз аганын иниси:
– Чыңгыз кайтыш болгондо эле бул маселе кө­тө­рүл­гөн. Би­рок эмнегедир эки жылдан бери иш­ке ашпай келет. Өзү­ңөр күбө болгондой, өл­кө саясий- эконо­микалык жактан кыйын абалда калды. Эл ушинтип жатса,“Чыңгызга эмнеге эстелик тургузбайсыңар?” деп өкмөттүн эшигин каккылаганга менин аброюм да, адамдык парасатым да жол бербейт. Тынчтык болсо, бул ишке аша турган нерсе. Түшүнүгү тар адамдар "жакындары деле коюп койбойбу" деши да мүмкүн. Бирок Чыңгыздай масштабдуу адамга эл аралык стандарттагы эстелик коюлушу керек. Анча-мынча каражатка коюлган эстелик Чыңгыздын атына татыктуу эмес. Эми азыр кимге барып эмне деп айта аласың? Эл тынчып, баары ордуна келгенде бул маселе караларына ишенем. Чыңгыз каза болгондо Талас облусунун Кара-Буура районундагы кичине шаарчага Чыңгыздын атын ыйгаралык дешти. Биз “болбойт, Чыңгыздын атын анча-мынчага коё бербейли. Чоң шаар болсо бир жөн” деп баш тартып койдук. Чыңгыз менен акыркы сүйлөшүүмдү да көп эстейм. Ал "ушул мааракени кийинки жылдарга жылдырсакпы?" деген оюн айтканы эсимде. Өзү да 80 жылдык мааракесинин убарасы менен көп жүрүп, ооруп калды.
"Нобель" сыйлыгы боюнча айтсам, агам бул тууралуу эч нерсе деп айткан эмес. Ошондуктан өзү деле анчалык каалабаса керек деп ойлоп калам. "Эмнеге берилген жок?" деген маселеге деле баш ооруткум келбейт. Чыңгыз өзүнүн "Нобель" сыйлыгын куруп, тургузуп кетти.

Эсентур Кылычев,
"Нобель" сыйлыгы боюнча изилдөөчү:
– Чыңгыз Айтматовдой залкар адамдын эстелигин коюу оңой иш эмес. Ал үчүн эл аралык деңгээлдеги чеберлерге сынак жарыяланышы керек. Эстелик эстетикалык рахат тартуулоосу зарыл. Мына, Токтогулдун эстелиги турат, комузун колго алып кой кайтарган кишиге окшоп... Аалы Токомбаев турат үңкүйүп, Опера-балетти кайтарган кароолчу кейиптенип...Чыңгыз Айтматовдун эстелиги мыкты табит менен эл жанынан суктанып өтө тургандай жасалышы керек. “Кокуй, намыс эле” деп шаша-буша бир нерсени коё салгандан эч ким утпайт. Кыргыз жашап турганда Чыңгызга татыктуу эстелик коюларына ишенем.
Чыңгыз Айтматов “Нобель” сыйлыгына көп жолу көрсөтүлгөн. Айрымдар анын “Нобелди” албай калганын “чыгармаларын экрандаштыргандан же дагы башка нерселерден” деп айтып жүрүшөт. Бул да туура эмес. Анткени “Тынч Дон” чыгармасы экрандашканына карабай Шолохов аталган сыйлыкты алган. Эми жалпыга түшүнүктүү болушу үчүн “Нобель” сыйлыгы тууралуу айта кетейин.
Адабият тармагы боюнча, бул сыйлык эң жогорку статуска ээ. Талапкерлерди тандоо жүрүшү үч айлампадан турат. Биринчи айлампада 350-400 талапкердин чыгармачылыгы талдоого алынат. Экинчи айлампага 40тай акын-жазуучу калтырылат. Акыркы айлампада беш талапкер добушка коюлат да кимиси көбүрөөк добуш алса, ошол сыйлыктын бактылуу ээси болуп калат. Айтматов бир жылкы сынакта бир эле упайга утулуп калган. Ал Орто Азия боюнча, орусча айтканда, “ярый претендент” болчу. Аныкындай шедевр чыгармалар аз гана санда. Ошого карабай бул сыйлыкты албай калды.

Султан Раев,
Драматург:
– Албетте, заманыбыздын залкар инсанына эстелик тургузуу маселеси көтөрүлгөн. Чыңгыз агабыз жаткан “Ата-Бейитке” эстелик коюу 2010-жылга болжолдонуп жаткан эле. Залкар адамдын эстелигин жасатуу үчүн бир канча даярдыктар керек болчу. Эстеликти тургузууга эл аралык сынак жарыяланган. Өлкөбүз мындай коогалаңдуу учурду башынан өткөрбөгөндө, балким, буга чейин тургузулуп калат беле...
2008-жылы Айтматовдун "Нобель" сыйлыгын алууга чоң мүмкүн­чүлүгү бар болчу. Анткени 80 жылдык юбилейине карата бул маселе бүткүл түрк тилдүү мамлекеттеринин атынан курч мүнөздө коюлган. Бул ишке мен өзүм да аралашып калгам. Албай калганынын бирден бир себеби – ал кишинин көзү өтүп кеткени. “Нобель” комитетинин мыйзамы боюнча, көзү өтүп кеткен жазуучуларга бул сыйлык берилбейт. Эгерде жеңүүчү сыйлык тапшырардан бир айга жетпей каза болсо гана аталган сыйлыкка ээ болушу мүмкүн. Бирок Айтматовдун чыгармалары бул сыйлыксыз деле өз баасын алды деп ойлойм.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(1)
03.08.2010. 15:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
03-08-2010
Соӊку аракети:
14-09-2010 00:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Biz baalap, symyktanyp jatabz. kmat Baalashy kerek da. Kur sz aytip emne keregi bar. sh juzundo korgozgulo da.Biz dagy ele Chyngyz Agaydyn jazgan chygarmalry menen jashaybyz...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: