“Мыйзамдагы уурулардын” да жүрөгүн оозуна кептеткен “Кара дельфин” жана “Ак ак куу” аттуу түрмөлөр тууралуу уктуңуз беле? Орусиядагы бул абактар катаалдыгы жагынан атактуу “Алькатрас” менен “Гуантанамо” түрмөлөрүнөн артта калбайт. Биз бул сапар ошол абактардын бири, атактуу кримтөбөл Рысбек Акматбаев да жазасын өтөп келген “Ак ак куу” менен тааныштырмакчыбыз.
150дөй “МЫЙЗАМДАГЫ УУРУ” “ТААЖЫСЫНАН” АЙРЫЛГАН
Орусиянын Пермь аймагынын Соликамск шаарындагы “Ак ак куу” (расмий аталышы – Пермь крайындагы №2 түзөтүү колониясы) түрмөсү 1938-жылдан бери иштеп келет. Алгач бул абакта саясий репрессиянын курмандыгына айланган адамдар жана дин кызматкерлери, 1955-жылдан баштап кадимки кылмышкерлер жазасын өтөшкөн. Ал эми 1980-жылы бул жерде камера тибиндеги жалпы жай түзүлүп, ага СССРдин аймагындагы “мыйзамдагы ууруларды” кайра тарбиялоо үчүн жөнөтүп турушкан. 1980-жылдан бери 4 жарым миңдей соттолуучу жазасын өтөгөн. Бул абактын дубалынын ичинде 150гө жакын “мыйзамдагы ууру” “сынып”, “таажыларынан” айрылышкан.
ӨЗГӨЧӨ РЕЖИМ
Учурда абакта мурдагыга караганда көп нерселер өзгөргөн. 1999-жылдан бери мурункудай жалаң “мыйзамдагы ууруларды” чогултпайт, бирок өтө оор кылмыш кылып, өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалат. Көпчүлүгү киши өлтүргөндөр, зордукчулар, кылмыш топторунун лидерлери, мүчөлөрү жана чечен кылмыш топторунун башчылары. Статистика боюнча, ар бир соттолгон адамдын моюнунда орточо 3 адамдын өлүмү бар.
Ал эми соттолуучулардын өлүм деңгээли жаза мөөнөтүн өтөп баштаган күндөн тарта орточо 3 жылдан 7 жылга чейин. Бул абакка түшкөн адам 3-7 жылдын ичинде өлөт дегенди билдирет. 962 орундуу бул абакта учурда өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 300дөй болсо, анын 10 чактысы “мыйзамдагы уурулар”. Ал эми кызматкерлердин саны 564кө жетет.
УУРУЛАРДЫН АК КУУ ЫРЫ
Абактын эмнеге мындай аталып калганы боюнча расмий эмес бир нече вариант бар. Биринчиси, абактагы бардык имараттар ак кыштан салынган да, ал ак куунун канатын элестетет. Абактын короосунда да ак куулардын эстеликтери бар. Экинчиси, соттолгондорду бир жерден экинчи жерге алып бараткандагы ыкма. Анда соттолгон адамдарды колун көтөртүп 90 градус эңкейтип бастырышат.
Дагы бирөөсү уламышка байланыштуу. Эгерде ак куу түгөйүнөн ажыраса, анда ал өзүн жалгыздыкта жашоого же өлүмгө өкүм кылган. Өлгөн түгөйүнүн үстүндө бир нече ирет айланган ак куу жерге башы менен түшүп өлгөн. Ошондуктан баары бир тирүү чыгарына көзү жетпеген кээ бир уурулар бул дубалдардын ичине акыркы ирет токтоп, өзүнүн ак куу ырын ырдайт деп эсептешкен.
КАЧУУГА МҮМКҮН ЭМЕС
“Ак ак куунун” айланасы да мыктылап тосулган. Абак иштеп баштагандан бери качуу бир да ирет ийгиликтүү аяктаган эмес. 1992-жылы граната менен куралданган Шафранов аттуу соттолуучу абактын жетекчисинин иш бөлмөсүнө кирип, досун бошотуусун, автоунаа берүүсүн жана зонадан чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылган. Бирок ал көп өтпөй эле жок кылынган.
Бүгүнкү күндө абактан качуу таптакыр эле мүмкүн эмес деп эсептелет. Зонанын күзөтү жүздөн ашуун мыкты үйрөтүлгөн иттер, атайын техникалар менен жабдылган. Ошондой эле бардык жерде камералар коюлган. Ошондуктан бул абакка түшкөн адамдарга өзүн-өзү сооротуп, акыркы саатын күтүүсүнө гана туура келет.
АЙТЫЛУУ РЫСБЕК АКМАТБАЕВ ДА ОТУРГАН
Дал ушул абакта кылмыш дүйнөсүнүн легендасы болгон атактуу “мыйзамдагы ууру” Вася Бриллиант (Василий Бабушкин) менен атактуу чечен террорчусу Салман Радуев да акыркы күндөрүн жашаган. Атактуу кримтөбөл Рысбек Акматбаев да ушул абакта жаза өтөгөн. Рысбек Акматбаев ММКлардын бирине берген маегинде төмөнкүлөрдү айтканы бар: “Абакка барганда алгачкы күндөн баштап эле мени “сындыргылары” келишти. Пресс-хаталарга киргизип жатышты. Акыры 6 жыл беришти. Мени бир да лагерь албай койду, себеби физикалык жактан даяр болгондуктан жеке деломдо мени кол салууга, качууга жөндөмдүү деп жазылган эле. Союздун бүт аймагындагы абактарда отурдум, акыркысы “Ак ак куу” лагери болду. Азыр ал өлүм жазасына тартылгандар үчүн, мурда “мыйзамдагы уурулар” жана рэкетирлер үчүн болчу. Ал жерде өтө катуу "сындырышчу", зектер зектерди кайтарышчу. Өлтүрүшчү, кыйнашчу. Шарттары катаал, эгерде көчөдө 30 градус ысык болсо, камерада 60ка жетчү. Терезелери жок, “падышадан” калган темир торунун жоондугу бир нече сантиметр болчу. Мындай шартта 1 жыл жашадым. 6 жылдын баарын Орусиядагы лагерлерде өтөдүм. Акыркы жарым жылды Кыргызстандын Беловодское айылындагы абакта отуруп, бошодум. Мен кайтып келбесем керек эле, ошол маалда Союз таркап, башка республикалыктарды өз өлкөлөрүнө жөнөткөн. Мен болсо катуу ооруп калып, иним бул жакка которткон”.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg