Бул сөздөр бизге чейин да айтылган, бизден кийин да айтылат. "Мен сени сүйөм!" Жөнөкөй сөз. Экөөбүз үчүн бул сөз "жакшы кал", "кутман таң" дегендей эле кеп. Бирок көп айтылып жүрүп сөздүн баштапкы маанисин жоготуп алдыкпы дейм. Үч сөздүн арасына мендеги бүтүндөй сезимди батыра албадым. Эмне кылайын? Андыктан сага деген, жок, бизге деген кайрылуум узун боло тургандай. Мындай нерсени окугуң келбейт, билем, бирок сабыр менен окуп чык.
Башында мен сени сүйгөн эмесмин. Бир муктаждыктан, жакшы жигит экен, колдон чыгарбаш керек деген эсеп-кысаптан улам сунушуңа макул болгом. Жигиттер, силерди бирөө "такыр эсеп-кысабы жок сүйдү" десе ишенбегиле. Анткени ар бир кыз жок дегенде элүү пайыз акылга таянат. Аны сен да сезгенсиң. Үйлөнөргө аз калганда ата-эне, дос-туугандын баары билгенде мени нес кылган кабарды айттың. Кадимки иш күнү болчу, мага чалдың.
– Мени кечирип кой, бирок мен чын эле шашып кетиптирмин. Сага үйлөнбөйм деп чечтим.
– Ыя?
– Чын, шашпайлы, ээ.
– Х-мм...- сөз таба албай калдым. Биринчи жолу.
– Эми ушундай болуп калды. Менин атымдан кечирим сурап коёсуң да уккан элден.
– Болуптур,- дедим да, телефонду ыргытып жибердим.
Жакын арада тою боло турган кыздар мени түшүнөт болуш керек. Абалдан чыгуу үчүн колумду сурап жүргөн жигиттерди акылымдан өткөрө баштадым. “Русланбы, жок, анын майдалыгынан өлүп калышым мүмкүн. Айбекчи? Хм, ал вариантты ойлонуп көрсө болот. Нурланчы, ал жакшы бала, бирок айылда жашоого туура келет”. Мониторду тиктеп ойлонуп жаттым. Кечинде жумуштан чыктым. Машинанын фарасын күйгүзүп алдымды карасам, эзилип жылмайып сен тиктеп турасың.
– Тур жолумдан.
– Ээ-й, чындап жиниң келип алган го.
– Башында эле "мага күчүң жетсе колуңду соз, болбосо аракет кылба" дегем.
– Сени сынадым. Так мага жубай боло турган кыз экенсиң. Сенин ордуңда башка бирөө болгондо "эмнеге, тиги-бу" деп бери дегенде бетимди тытмак. А сен “болуптур” деп койдуң да, башыңдагы башка варианттарды карай баштадың. Балким, кай бирине чалып да жибергендирсиң, ээ?
– Ооба,- дедим моюнума алып. Үн катпай мени кучактадың да, "Эч кимге бербейм. Тигилерге чалып эми "отмена" деп кой" дедиң.
– Жинди,- аргасыз күлдүм.
Муну менен эмнени айткым келди, эмнеге эстедим? Сен мени так өзүмдөй кабыл алганыңды, кооздобой, идеалдаштырбай, жаман жактарымды билип туруп кол кармашканыңды айткым келди. Сен мени китеп сымал окуп коёсуң. Жок, так рентген сымал ичимден эмне сызылып чыкты билип турасың.
Сүйүү мага кийин келди. Тоюбуз болгон күнү. Турмушумда биринчи жолу ишенимдүү канаттардын алдында экенимди сездим. Бул жолу чын дилимден сага ашык болдум.
Мен сени сүйөм дегеним – көп маанини туюндурат. Мисалы, ар дайым, кандай маанай болсо да, сени менен болгум келет дегенди. Бир жашоону экөөбүзгө бөлөлү, ачуусун-таттуусун, таарынычын, ызасын бирге таталык дегенди...
Сени сүйөм дегеним – сени толук бойдон кабыл алдым дегеним. Сенин оюнкараактыгыңды, ыйлай турган ишке күлүп койгонуңду, кайра чарт этип тез жиниң келип, кайра күн сымал ачылып кеткениңди, айтор, баарын кабыл алдым.
Сенин тереңде катылган тазалыгың жагат. Тамашакөйлүгүң жагат. Оор абалдан да ар дайым тамашалап чыгып кетесиң, бирок ошол учурда сага канчалык оор экенин сезем. Күлкүңдүн аркасында катылган коркууларыңды сезем. Ошондой учурда сага кошулуп калп эле күлгөндү үйрөндүм. Анткени сен эч качан менин алдымда алсыз болууну каалабайсың. Эл катары иштеп, тытынып тиричилик, балдар менен алек болуп жатып, биз өзгөчө сезимдерибизди жоготуп албайлык деп корком. Үч ооз сөз алгач баналдуулукка айланып, кийин такыр тиричиликке басылып кетишин каалабайм.
P.S. МСС. Мен сени сүйөм
Диана