ЖОГОРКУ СОТ САДЫР ЖАПАРОВДУ АБАКТА КАЛТЫРДЫ

13-июнда Жогорку Сот экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды. Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясы учурунда баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмил Кайыпов былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 113-беренеси (Өлтүрөм деп коркутуу), 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) жана 234-беренеси (Бейбаштык) боюнча актап, 227-беренеси (Барымтага кармоо) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аны сот 11 жыл, 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Кийин бул ишти караган Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров өзүнө карата козголгон кылмыш ишин "саясий куугунтук" деп мүнөздөп келет. Жабырлануучу катары көрсөтүлгөн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев да Жапаровду актоону өтүнгөн.

Жогорку соттун мындай чечим чыгарганы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин нааразычылыгын жаратты. Чечим угузулар замат Садыр Жапаровдун иниси судьяларга атырылды, бирок аны милиция кызматкерлери кармап калышты. Ал эми судьялар ошол замат залдан чыгып кетишти. Жапаровдун тарапкерлери “сотторго наалат” деп кыйкырып, чечимге макул эместигин билдиришти.


Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жогорку Сот Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан