УКМК УКУРУГУ АЛБЕК ИБРАИМОВГО ЖЕТТИ

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 13-июнда УКМКга сурак берип чыкты. Маалыматка караганда, Бишкек мэри "ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Эске салсак, ушул жылдын 28-майында УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн материалдарына ылайык, 2012-жылы “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда буюм сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдин баасы атайылап жогорулатылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2012-жылы январь айында "ТНК Дастан" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен "ТНК Дастанга" караштуу (туундуу коом) "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылгүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Келишимге ылайык алып келинүүчү ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган. Ал эми "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик компаниясынан аталган буюмдарды жалпы 14 миң 400 долларга (ар бир комплекти 180 доллардан) сатып алган жана аны алып келүүгө 49 миң доллар сарптаган. Ошондо "Дастандын" "кызы" "Дастан Инжиниринг" ортодо 470 миң 360 доллар пайда көргөн.


Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан