13-июнда экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Темир Сариев УКМКга келип сурак беришти. Экөө тең Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган. Эске салсак, Бишкек ЖЭБинде быйыл кышында авария болуп, бишкектиктер бир жума бою жылуулуксуз калган. Андан соң бул ишкананы оңдоп-түзөөдө мыйзам бузулган учурлар аныкталып, бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында энергетика тармагынын мурунку 7 топ-менеджери, алардын ичинде Энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев, “Электр станциялары” ААКсынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов жана башкалар камалган. Мындан сырткары мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештеги КСДП партиясынан депутат Осмонбек Артыкбаев да коррупцияга күнөөлөнүп абакка киргизилген.
Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg