Акыркы убакта Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майдын баасы тынымсыз кымбаттап жатат. Кыргыз өлкөсүндөгү Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Куловдун билдиргенине караганда, баа тышкы фактордун таасиринен улам көтөрүлүүдө. "Бизге күйүүчү май Орусиядан ташып келинет. Учурда Орусиянын заводдорунда баалар кескин көтөрүлүп кетти. Май айында бензин менен дизелдин баасы 10 пайызга жогорулаган. Мындан улам биздеги күйүүчү май саткан компаниялар бааларын 2 сомго көтөрүүгө аргасыз болушту. Июнь айында дагы 2-3 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн",- дейт Улан Кулов.
Монополияны жөнгө салуу агенттиги да күйүүчү майдын кымбатташын Орусиянын базарларындагы абалга байлап жатат. Анткен менен айдоочулар арасында "бааны жөнгө сала албай жатат" деп өкмөттү сындагандар да арбыды. "Күйүүчү май монополисттердин айынан кымбаттап жатат" деген негизде социалдык тармактарда айрым компаниялардын майын пайдалануудан баш тартууга үгүттөгөндөр да чыкты.
Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg