КАЛК "ИШТАМБЕРДИ" КЕНИН ИШТЕТҮҮГӨ КАРШЫ ЧЫКТЫ

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенин казууга жергиликтүү калк каршы чыкты. Алар кенди иштетип жаткан кытайлык “Фулд Голд Майнинг” компаниясы мыйзамсыз иштеп жатат деп эсептешет. Ошондой эле компания тарабынан экологияга келтирилген зыяндар текшерилүүсүн, жергиликтүү тургундарга компенсация төлөнүшүн, алтын казууда зыяндуу заттарды колдонуусуна тыюу салууну жана калдык сактагычты башка жакка жылдырууну талап кылышууда. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчилери жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында, коюлган талаптарды аткаруу үчүн жергиликтүү тургундар бийликке 2 айлык мөөнөт берди.

Маалымат үчүн, Союз мезгилинде "Иштамбердиде" 78 тонна алтын бар экени чалгындалган. 2009-жылы кенде 29 тонна гана алтын запасы бар деген тыянак чыгартылып, кытайлык "Фулд Голд Майнинг" компаниясына берилген.


Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан