Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты. "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: "Башкы прокуратура ишти карабай турган болду. Себебин сурасак, "ишти кароого негиз жок" дешти. Башкы прокуратуранын бул чечимин жокко чыгаруу үчүн Октябрь райондук сотуна кайрылабыз".
Айта кетсек, 2018-жылдын 22-майында Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлардын ачылганы боюнча Башкы прокуратурага арыз тапшырылган. Жактоочулар Өмүрбек Текебаевди "Мегаком" чырына байланыштуу айыпка жыгып, "миллион доллар пара алган" деп көрсөтмө берген чет өлкөлүк жарандар Модин менен Маевскийдин көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тастыктаган документтер бар экенин билдиришүүдө. 21-майда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика–Ата Журт" фракцияларынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу зарыл экенин айтып чыгышкан. Башкы прокуратура арызды колдосо документтер Жогорку Сотко жиберилип, соттон колдоо тапса иш биринчи инстанцияга кайтарылмак.
Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg