Гезитибизге коомчулукту силкинткен чуулгандуу окуялар, кылмыш иштери тууралуу материалдарды жарыялап келебиз. Бул ирет ошол кылмыш иштерине сот кандай өкүм чыгарганына токтолмокчубуз.
2018-жылдын 3-февраль күнү Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эсин жоготкон абалда 2 жаш 8 айлык бала алынып келинген. Денесине кароо жүргүзгөн убакта наристенин ички органдары жабыркап, денеси көк ала болуп, баш мээсине кан уюп калганы аныкталган. Ооруканага алып келген баланын жакындары «тепкичтен жыгылып түштү» деп айтышкан. Бирок баланын денесинде мурда дагы сабалгандан калган тактар бар экендиги шек жаратып, дарыгерлер милицияга кабарлашкан.
Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында уулун сабаганга шектелип наристенин апасы, 1994-жылы Кара-Кулжа районунда туулган Д. аттуу аял кармалып, камакка алынган. Ал алгачкы тергөөдө 3 күн мурун Ош шаарындагы эжесинин үйүнө келгенин, өзү эч жерде иштебей тургандыгын жана баласынын сийип койгондугу үчүн депкир менен сабагандыгын айтып көрсөтмө берген.
Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева уулун сабады деп шектелген аялдын ата-энесине кабар жеткенин, бирок анын өгөй энеси «биз кызыбыздын төрөп алганын билбейбиз. Ал канча жолу үйдөн качып чыгып кеткен жеринен үйгө алып келгенбиз. Бизди окуяга аралаштырбагыла. Атасы бул кабарды угуп ооруп калды. Андыктан кызыбыздан эч кандай кабар ала албайбыз» деп баладан баш тартканын билдирген.
Тилекке каршы, 11-февраль күнү саат 18:30дар чамасында апасы депкир менен сабаган Бексултан эсине келбей ооруканада каза болгон.
Ош шаардык соту 2-май күнү бул кылмыш боюнча өкүм чыгарды. Өкүмгө ылайык, А.к.Д. Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе) менен күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылды. Эми күнөөлүү аял жазасын аялдар абагында өтөйт.
ПОДПОЛКОВНИКТИ ӨЛТҮРГӨНДӨРДҮН БИРИ ӨМҮР БОЮ, ЭКИНЧИСИ 12 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ2017-жылдын 23-мартында Ош шаарына караштуу Учар айылынын Набережная көчөсүндө токтоп турган Мицубиси унаасынын ичинен 1973-жылы туулган Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылган. Маркум ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Ош облусундагы башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштеп келген. Өлүккө кароо жүргүзүүдө маркум башынын арткы бөлүгүнө оор нерсе менен урулган соккудан улам каза болгондугу билинген. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектүү катары 1972-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулган Д.Ш. аттуу жаран, анын аялы, баласы жана кайниси кармалган. Кылмышка шектүү Д.Ш. кылмышын моюнуна алып, бул ишке кызганычтан улам барганын айткан. Д.Ш. менен маркум уруша кетип, аны чечүү үчүн Учар айылы тарапка барышкан. Ал жерде кылмышка шектүү Таирбек Уларовдун башына балдак, таш менен уруп жиберген. Ал Таирбек Уларов кыйналып жатканда жардам бергендин ордуна автоунааны бекитип, ачкычты сууга ыргытып кетип калган.
Кылмышка шектүү Д.Ш. буга чейин да уурулук кылганы үчүн 2008-жылы соттолгон, анын жубайы да мурда соттолгон. Ошондой эле Д.Ш. алдамчылык боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталган.
2018-жылдын 20-мартында Ош шаардык соту Д.Ш. менен анын аялынын иниси Р.Мди күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, Д.Ш. 97-берене (адам өлтүрүү) жана 166-берене (алдамчылык) менен күнөөлүү деп табылып, 23 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле мүлктөрү конфискацияланып, күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөй турган болгон. Ал эми аны менен кошо айыпталып жаткан Р.М. 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган.
Андан соң 2018-жылы 7-июнда Ош облустук соту милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектүүлөргө карата өкүмүн чыгарды. Өкүмгө ылайык, айыпталуучу Д.Ш. өмүр бою эркинен ажыратылса, Р.М. 12 жыл абакта жазасын өтөмөкчү.
22 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ 4-КАБАТТАН ТҮРТҮП ЖИБЕРГЕНДЕР 3 ЖЫЛГА ШАРТТУУ КЕСИЛИШТИ2017-жылдын 2-ноябрында Бишкектин 6-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатындагы батирде 2 кыз жана 1 жигит спирт ичимдиктерин ичип отурушканда ортодо уруш чыккан. Андан улам 1997-жылы туулган М.Д. аттуу кыз жигити 1998-жылы туулган С.Кга болушуп жабырлануучу К.Кны 4-кабаттан түртүп жиберген. Бул экөө ошол эле күнү кылмышка шектелип кармалып, тергөө абагына киргизилген. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жабырлануучу К.К. биздин гезитке берген маегинде: “1-ноябрь күнү түнкү саат 11лерде курбумдун үйүнө баргам. Биз бир сааттай сүйлөшүп отурдук. Андан соң үйгө курбумдун жигити келди. Үчөөбүз бир аз ичимдик ичтик. Бир убакта курбум жигитин менден кызганып, экөөбүздүн ортобузда уруш чыкты. Жигити курбума болушуп мени далыга уруп жиберди. Ошол убакта мен ашкананын терезесинде отурган элем, курбум мени түртүп жиберди. Жерге кантип кулап түшкөнүм эсимде жок. Бир маалда ал экөө жерге түшүп мени жаткан жеримден кайра 4-кабатка алып чыкмай болушту. «Мени көтөрүп чыгып койгулачы» деп алардан аябай сурандым. Курбум болсо уруп, чачымдан сүйрөп, жигити колумдан тартып үйгө алып келишти. Батирге киргенден кийин да курбум мени үстүмө чыгып алып сабады. Ошондо жигити мени аяп ажыратканынан экөө уруша кетишти. Мен ошондон пайдаланып эшикке качып чыкканга үлгүрдүм”,- деген.
Аталган кылмыш боюнча 2018-жылдын июнь айында Октябрь райондук соту өкүм чыгарды. Ага ылайык, М.Д. жана С.К. ден соолукка атайылап зыян келтирүү боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири шарттуу түрдө 3 жылдан жаза өтөмөкчү.
БАЛАСЫН ДААРАТКАНАГА ТАШТАП САЛГАН “КҮКҮК ЭНЕ” 2 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ2017-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун тургунунун дааратканасына кимдир бирөө төрөп, жаңы төрөлгөн ымыркайын даараткананын ичине таштап салган. Баланын ыйын уккан ошол жерде жашаган тургундар жаңыдан чөгүп бараткан наристени алып чыгып, алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Наристе ууланып калганы менен, бактыга жараша, аман калган. Бул факты боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан кылмыш иши козголуп, баланы дааратканага таштап салган "күкүк энеге" издөө салынган.
Көп өтпөй “күкүк эне” – Б.к.Ж. кармалып, өз көрсөтмөсүндө биринчи турмушунан 1 кызы бар экенин, бирок жолдошу менен ажырашып кеткенин айткан. Анын айтканына караганда, ал 2016-жылы официант болуп иштеп жүрүп бир жигит менен таанышып, сүйлөшүп калат. Түшүнбөстүктөн экөө таарынышып кетип, кийин келин кош бойлуу экенин билет. Жигитке боюнда бар экенин айтса ал “аборт кыл” деп урушуп салат. Батирде жашап жүрүп, бир күнү ичи ооруп дааратканага барат. Ошондо бала төрөлүп, аңга түшүп кеткенде келин аны өлүү төрөлдү деп ойлоп кетип калган. Күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, кылган ишине кейип жатканын билдирген.
Окуянын күбөсү Н.А. ошондо гезитибизге төмөнкүлөрдү айтып берген: “Эртең менен саат 10:00дөр чамасында дааратканага барсам, эшиги ичинен илинүү экен. Бир аздан кийин кайра барсам дагы деле жабык туруптур. Үчүнчү жолу барганымда даараткананын эшиги ачык, ичинин баары кан экен. Анан эле ыйлаган баланын үнү угулду. Алгач үй жактан чыгып жатабы деп ойлодум, байкасам, ажаткананын ичинен чыгып жатат. Чуркап барып жолдошума айттым, ал болсо кошуналарды чакырып, наристени алып чыгышты. "Тез жардам" кызматы бир сааттай кечигип келгендиктен, алардан телефон аркылуу киндигин кандай кесиш керек экенин сурап, жуунтуп, кулак-башын тазалап кармап отурдук”.
2018-жылдын апрель айында Ленин райондук соту Б.к.Жга карата мамлекеттин эсебине 5 миң сом айып пул төлөө жана 2 жылга аялдар абагында жазасын өтөө чечимин чыгарды.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg