(Башталышы өткөн сандарда)
– Ажырашалы анда. Минтип жашоо мүмкүн эмес. Айлага баарын түшүндүрөлү.
– Сен түшүндүр.
– Керем, ал бала. Менин каталарым үчүн аны жазалаба. Күнү кечке жолуңду тиктеп отурат.
– Мен Бурсага кетип жатам. Келгенде ажырашуу ишин баштайбыз. Коркпо, бардык укуктарың корголот. Өмүр бою эч нерсеге муктаж болбой жашайсың.
– Мага эч биринин кереги жок.
– Хм, болуптур.
Керем бул жолу да сөзгө келбей басып кетти. Жамиля аркасынан тиктеп кала берди.
ххх
– Азыр эмес. Бир аз убакыт бергиле.
Керем доктурларды укпады. Негизи башында шишик пайда болгонун жарым жыл мурун уккан. Жамиля капа болбосун деп айтпай жүргөн. Акыркы окуяларга байланыштуу эсин улам жоготуп жатканынан доктурга келген эле.
“Аллахтын каргышы тийсин, Жамиля. Акыркы күндөрүмдө да тынч кетишиме уруксат бербедиң”,- деди ал жини келип. Машинасына отурду. Так маңдайына кызынын биринчи батинкесин тумар катары илип койгон. Термелип турган бул батинке ага Айланы эстете берди. Алып салайын деп ойлоп барып колу барбады. Ушул учурда гана кандай күн болсо кызынан да баш тарта албасын сезди. Өзүнө кыжыры келип рулду уруп-уруп алды. Телефон чырылдап калды. Караса апасы экен.
– Эмне болду эне?
– Керем, тынчсыңбы? Догдур чалды.
– Дароо жеткиришкен экен да,- деди Керем башын чайкай. Үй-бүлөлүк догдуру эле, ал дарылануудан баш тарткан үчүн энесине телефон чалган.
– Кел, уулум. Мага бүгүн келип кетчи.
Керем энесинин үйүнө барды. Баары мурункудай. Мына бул жер Жамиля ыйлаган учурда сооротуп отурган бакча. Бул бассейнге Эмре дайым түшчү. Ахмед... Көз алдына иниси тартыла калды. Мына кайрылмалуу дүнүйө деген ушу. Оор үшкүрүп алды. Энеси бакчада чай ичип отурган экен. Колунан өөп, чекесине тийгизди.
– Кандайсың, уулум?
– Жакшымын, эне.
– Бирок жакшы көрүнбөйсүң го?
Кемпирдин акылдуу көздөрүн тиктеп турду. Баарын сезип турат бул?
– Айла менин кызым эмес!
– ...
Кемпир үн каткан жок. Көзүнөн жеңилдегенин билип турду.
– Сен билчү белең, эне?- деди Керем таң калып.
– Так билбесем да, жүрөгүм сезчү. Эмре биздики. Бир карап сенин уулуң экенин билсең болот. Кызың башка болчу. Андан да Жамиля сага мындай себеп болбосо кайрылып келбейт эле. Мен билем ал кызды. Ал сенден өчүн ушинтип алгысы келди. А сенин көзүң сүйүүдөн караңгылап калган. Башында бул нике сага бакыт алып келбейт деп ойлогом. Бирок, уулум, мен да жаңылыштым.
– Кандайча?
– Ортодо эмне болсо болсун, бирок сен бул жолу туура жолду тандадың. Жамиля сеники. Сенин акылыңдан эмне өтүп жатканын билем. Бирок ажырашам деп ойлобо. Сен булардан ажырай албайсың. Бул жолу алардан ажыраш сенин өлүмүң болор.
– Эне?
– Ачууң да өтөт, уулум. Адам бир жолу ушундай бактылуу болот. Бир кемчиликтен улам ал бакыттан баш тартуу туура эмес.
ххх
– Кандайча? Керемби?
Жамиля шалдырап отуруп калды. Кечке маал Керем Бурсада иши менен жүрүп жыгылып калганын укту.
Биринчи жолу ага "Керемге бир нерсе болсо эмне кылам?" деген ой келди. Коркунучтан жүрөгү үшүдү. Буга чейин ага бир нерсе болот деп ойлонуп көрбөптүр. Балдары үчүн, өзү үчүн корккону да чын. Жолдо баратып Керем ал үчүн бул дүйнөдөгү эң кымбат адам экенин түшүндү.
– Керем кандай? Мен анын аялымын,- деди ал аптыга.
– Шашылыш түрдө операцияга алдык. Азыр эч нерсе деп айта албайбыз. Операция ийгиликтүү өттү. Калганын дагы көрө жатабыз,- деди доктур.
Жамиля шалак эте отуруп калды. Эгерде ал өлүп калса деген сөздөн жүрөгү түшүп жатты. Палатага кирип акырын колун кармады. Кумсарып жаткан экен.
– Мүмкүн болбогон жерден жолуктук. Мүмкүн болбогон жерден турмушума кирдиң. Кирдиң да таптакыр чыкпай койдуң. Сени жылдар бою жек көрдүм. Анткени мен сен үчүн оюнчук элем. Кипкичине кыз болчумун, сен менин тагдырымды ойлоп да койбой, таман алдыңда тебелеп кеттиң. Мышык чычкан менен ойногондой менин тагдырым менен ойнодуң. Адам кылбай турган иштерди кылдың.
(Уландысы кийинки санда)