Элина колуна бир нерсе кармап турганын эми сезди. Күйөөсүнүн көйнөгү экен. Ушул көк көйнөгүн жакшы көрчү. Ар дайым бир маанилүү нерсе болордо “ушуну үтүктөп берчи” дечү. “Башкасын эле кийсең, мунуңдун өңү өчүп бара жатат” десе, “ушул көйнөгүм мага ийгилик алып келет” деп койчу. Калтыраган колдору менен көгүш көйнөктү жүзүнө алып барды. Жыт калыптыр. Куду азыр эшиктен кирип келчүдөй жүрөгү туйлап кетти.
Өлдү дешти. “Жолдон жүрөгү кармап” деп акылга сыйбаган бир нерселерди айтышты. Мүмкүн эмес! Аман аны эч качан таштап кетмек эмес. Ичинен чырылдаган бир добушка каршы экинчи реалдуулуктун добушу да чыгып жатты. Ал тегеректеги ый, боз үй, Амандын суналып жаткан денеси, купкуу болгон жүзү эле. Ошонун баарын көрүп туруп да таптакыр ишенгиси келбеди.
Бөлмөнүн тынчтыгын бир гана муздаткычтын дырылдаган үнү бузуп турду. Башына түшкөн көңдөй караңгылыктан ушу добуш алаксытып кала тургандай анын жанына барды. Көзүндө элестер...
– Сарышка, бүгүн кечкиге эмне жасайсың?- деген Амандын коңур, ушунчалык мээримдүү үнү.
– Хм, бүгүн муздаткычта эч нерсе жок. Демек, сырттан жейбиз тамакты,- өзүнүн эркелеген үнү.
– Анда ширени алып берип койчу...
– Мынакей...
Амандын күчтүү колдорун азыр да сезип жаткансып, мурдуна жыты ургансып кетти. “Мен ансыз жашай албайм” деп жатты жүрөгү өрттөнө. “Балдар сырттан келгиче жүзүмдү жууп өзүмө келейин” деп ойлоп ваннага кирди. Күзгүдөн уйкусуз түндөрдөн, көз жаштан шишиген нурсуз көздөрү, купкуу жүзү көзүнө илинди.
“Аман келет эмеспи, менин бул түрүмдү көрбөсүн. Косметологго барышым керек” деп ойлонуп кетти бир саамга. Аман келбейт эмеспи... Аны күтүүнү аябай жаман көрчү, бирок ал дайым күттүрчү эле. Сааттарды, мүнөттөрдү санап күтчү, кийин ай санап күтчү. Бирок ал айткан күнү дайым келчү эле. Бул жолу келбейт. Кандай оор...
ххх
Алыстан жаңырып жаткансыган бул үн араң угулду. Көзүн араң ачып алдында сербейип турган бири 4, бири 3 жаштагы кызы менен уулун көрдү.
– Эмне болду?
– Курсагым ачты, апа...
Элина күйөөсүнүн кийимдерин бооруна кыскан боюнча бүк түшүп жатып калган экен. Телефонун караса түнкү саат 12. “Тур, бул экөө үчүн ордуңдан турганга милдеттүүсүң!” деди өзүнө зекий.
– Азыр, жаным, мен силерге чай коём.
Ашканага чыгып барып чай койду. Үнсүз чай ичишти.
– Атам келеби?- деди кызы акырын гана. Бул суроону өзүнө бердиби, апасынабы түшүнүксүз эле. Элина бакырып ыйлабаганга эрдин тиштей берди. “Балдардын көзүнчө ыйлабайсың, жүрөгүң өрттөнүп баратса да балдардын көзүнчө билдирбейсиң” деди өзүнө өзү.
Кичүүсү өзүн суроолуу тиктеп турганын сезип көздөрүн ала качты.
– Атаң...
Айталбады. Өзүнө да кабыл ала албай жаткан чындыкты кантип айтат?
– Атаңар... Атаңар келет. Бирок азыр эмес. Алыска иштегени кетти.
– Хм,- деп койду кызы улутунгандай.
– Эртең мен бакчага барамбы?- деди кайра.
“Эртең эмне болорун өзүм билбейм. Мындан ары кантип жашаарымды билбейм” деп бакырды ичиндеги үн. Бир көзүн токтотуп жасалма жылмайды.
– Ооба, кызым, эртең бакчага барасың. Эртең таптакыр башка күн чыгат. Силер менен паркка барып ойнойбуз. Бизде баары жакшы болот, балдарым.
Бирок Элинанын алдында түшкө кирбей турган кыйынчылыктар турганын азыр эч ким биле элек болчу.
(Уландысы кийинки санда)