БИЗГЕ ЮРИСТ ЭМЕС – ТИГҮҮЧҮ, ТИЛЧИ ЭМЕС – КУРУУЧУ КЕРЕК!

Мезгил үнү

Кыргызстанда азыркы тапта кайсы кесип ээлерине суроо-талап көп жана кандай адистик боюнча билим алуунун кажети жок? Бул жаатында иликтөө жүргүзүп көрдүк.

КАЙДА БАРСАМ?
Быйылкы жылы 75 миңден ашуун окуучу орто мектепти аяктады. Алардын кээ бирлери атасынын жолун жолдоону туура көрсө, кээлери тууган-туушкандары иштеген тармак боюнча билим алууну көздөшөт. Андан сырткары популярдуу кесип деген сөзгө ишенип, анын артынан чуркагандар да толтура. Бирок төрт-беш жылдан кийин алган билими менен жумуш таап иштеп кете алабы, жокпу, аны ойлонгондор аз.

ПОПУЛЯРДУУ КЕСИПТЕР
Жыл сайын абитуриенттердин арасында кандайдыр бир кесип модага айланат. Биз популярдуу кесиптерди экиге бөлүп кароону туура көрдүк.
1. Популярдуу, бирок суроо-талап аз.
Буга чейин Кыргызстанда юридикалык бөлүмгө тапшыргандар көбөйүп, натыйжада юристтердин саны керектүү деңгээлден ашып кеткен. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын катчысы Альбина Дүйшөмбиеванын айтымында, жыл сайын юрист болчулардын саны азаюуда. Кийинки орунда лингвистика. Мурун англис тилине кызыккандар көп болсо, азыр чыгыш тилдерине, айрыкча кытай тилин өздөштүрүүнү каалагандар көп. Бирок чет тилди билгендерге суроо-талап аз. Мындан тышкары абитуриенттер көбүнчө экология, журналистика, туризм жана башка тармактардын адиси болгусу келишет. Бирок кадыр-барктуу аталганы менен, беш жылдан кийин сизге ошол кесип боюнча иш таап алуу кепилдиги берилбейт.
2. Популярдуу жана чоң талапка ээ.
Учурда эң популярдуу кесип тизмесинин 1-орунун экономика жааты боюнча билим алуу ээлейт. Тизменин кийинки сабында компьютердик технология турат. Бул жагдай акыркы 3-4 жылда байкалып, жыл сайын абитуриенттердин арасында инженер-технолог кесибине ээ болгусу келгендер арбын. “Компьютер кылымы” деп аталган мезгилибизде бул окууну аяктагандар программист же системалык администратор болуп чыгышат. Дагы бир жаңылык, жаштардын ичинде курулуш адистигин алууга дилгирлер көбөйүүдө. Алар жаңы курула баштаган имараттардын долбоорун чийүүгө жана аны курууга адистешет. Популярдуу кесиптердин катарын медицина жана транспорт тармагында билим алууну каалагандардын өкүлдөрү да толуктайт.

БИЗДЕ КАНДАЙ АДИСТИКТЕР ТАҢСЫК?
Республикалык жаштар эмгек биржасынын башчысы Азиз Идрисовдун айтымында, ал иштеген мекемеге 16-28 жаштагылар кайрылышат. "Учурда жумуш берүүчүлөр бизге "соода, кызмат көрсөтүү, курулуш, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жай тармагында адистер керек" деп көп кайрылышат",- дейт ал. Борбор шаарда имараттар курулуп жатат. Кафе-ресторандар жана соода түйүндөрү көп. Ошол себептен сатуучу, официант жана тигүүчүлөргө суроо-талап өсүүдө. Азиз мырза булардын айлык акыларына токтолуп, кызмат көрсөтүү тармагынын өкүлдөрү орточо эсеп менен 7-8 миң сом, ал эми тигүүчүлөр 10 миң сомдон ашык аларын билдирди.
Билим берүү жана илим министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Борис Кубаевдин айтымында, Кыргызстандагы ар бир ЖОЖ жана техникумдардын бардык бөлүмдөрүн кайра карап чыгуу зарыл. Алардагы кээ бир факультеттердин учурда кереги жок же бүтүрүүчүлөрү көп.
Өлкөдө медицина, педагогика, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба кадрлары тартыш. “Азыр кайрадан бала бакчалар ачыла баштады, бирок анда иштей турган адам жок. Анткени бир мезгилде мектепке чейинки мекемелерде иштөөчү адистерди даярдоочу педагогикалык окуу жайлар жоюлуп кеткен”,- дейт Б.Кубаев. Андан сырткары өлкөнүн эң чоң байлыгы суу болгондуктан, суу тармагынын адистерин даярдоо зарылдыгын да билдирди.
Эмгек жана жумушка орноштуруу министрлигинин маалыматы боюнча, 2008-2009-жылдары айдоочу, бухгалтер, компьютердин оператору, тигүүчү, сатуучу, официант жана ашпозчуларга суроо-талап өскөн. Андан сырткары, ушул эле министрлик 2014-жылга чейин эң көп талап кылынуучу адистердин тизмесин түзгөн. Алар: мугалим, врач, куруучу, компьютердик технолог, машина куруу жана кайра иштетүүчү өнөр жай тармактарынын адистери. Өлкөбүздүн шаарларында ширетүүчү, машина оңдоочу, сантехник, коопсуздук кызматына суроо-талап жогору. Бул адистиктердин айлык акысы айрым дипломдуу кесип ээлериникине караганда көбүрөөк.

ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ ОРДУНА
Ар бир кесип ардактуу” дешет. Бирок рыноктук шартта жашап жаткандыктан, ар бир адам тандаган кесиби менен окууну бүткөн соң иштеп кете алабы, ошону эске алганы оң.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

  • Республика боюнча эмгекке жарамдуу жарандардын ар бир онунчусунун жумушу жок.
  • Кыргызстандын эмгек рыногуна жыл сайын 50 миң жаңы кадр кошулуп турат.
  • Өлкөбүздө жыл сайын жүз миңдей адам эмгекке жарамдуу курактагылардын катарын толуктайт.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ӨЗ КЕСИБИҢИЗ МЕНЕН ИШТЕЙСИЗБИ?

Кайрат,
28 жашта,
жүк ташуучу:
– Орто окуу жайында окуп, фермердик кесипке ээ болгом. Бирок учурда кесибим боюнча иш таппай, көрүнгөн жумушта иштеп жүрөм. Мен эле эмес, кызыл диплому барлар да базарда соода-сатык менен алек болуп калышканын көрүп, өзүмдү жубатып коём.

Токтокан,
50 жашта, соодагер:
– Кесибим юрист. Бул кесибим менен баш-аягы 15 жылча иштедим. Андан кийин соодага өтүп кеттим. Биз го, кичине болсо да дипломубуздун үзүрүн көрүп калдык. Азыркы жаштар окуурун окуп алып, иш таппай чет жерде кара жумушта жүрүшөт. Андыктан кээ бир ЖОЖдор керексиз адистерди даярдоону токтотушса.

Абай,
32 жашта, соода агенти:
– Мектепте окуп жүргөндө экономист болууну кыялданып, экономика факультетине тапшыргам. Бирок экономист деген кесипке ээ болгонум менен, учурда дипломум сандыкта. Өзүм болсо заман талабына ылайык, соода агенти болуп иштеп жүрөм.

Алина,
22 жашта, студент:
– Учурда жашоонун талабына жараша окууга тапшыруу оң. “Ушул кесипти жактырам” деп ЖОЖго тапшырганың менен, кийин жумуш таба албасаң, окугандан не пайда? Андыктан мен кыргыз-кытай факультетине тапшырып, окуп жатам. Кийин котормочу болсом да жумуш таап кете аларыма ишенем.

Аким,
57 жашта, адвокат:
– Мен эки кесиптин ээсимин. Алгач инженер-экономист кесибине ээ болуп, ал тармакта бир топ жыл иштедим. Анан 43 жашымда юридикалык факультетке тапшырдым. Учурда ушул кесиптин үзүрүн көрүп жатам. Андыктан кесибим менен иштеп жатам дейт элем.Учурда кайсы кесипке талап көбүрөөк болсо, ошого тапшыруу керек.

Назира,
41 жашта,
үй кожойкеси:
– Өзүмдүн кесибим менен 18 жыл иштедим. Анан үй-бүлөлүк шартка жараша иштебей калгам. Учурда жаштар өздөрү каалаган кесипке эмес, кайсы кесиптен пайда көп түшөрүнө карап, анан окууга тапшырышат. Азыр юрист, экономисттер деген жайнайт. Ал эми куруучу, ширетүүчүлөр аз.

Темиркан,
58 жашта, жашылдандыруу кызматкери:
– Учурда дипломуң менен иш табуу кыйын. Тааныш аркылуу ишке орношосуң же айла жок соода-сатыкка өтөсүң. Кесибим боюнча жеңил өнөр жайынын технологумун. Бирок СССР тарагандан кийин иш таппай, башка жумушта иштеп келем.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА