КҮН КОЛЛЕКТОРУ – БУЛ КҮН НУРУ МЕНЕН СУУНУ БЕКЕР ЫСЫТУУЧУ ЖАБДЫК

Кыргызстан – күнөстүү өлкө. Андыктан күндүн энергиясын колдонуу менен электр энергиясына, газга болгон чыгымдарды азайтууга болот. Мисалы, үйдүн чатырына күн коллекторун орнотуп, ысык сууга ээ болуу аркылуу. Ал эмне болгон жабдык? Кандай түрлөрү бар? Булар тууралуу Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергиянын калыптанма булактары кафедрасынын окутуучусу Алмаз Төлөмүшов баяндайт.

Күн коллектору ысыткан суу жуунганга, идиш, кир жууганга жана үйдү жылытууга колдонулат.

Коллектордун 2 түрү бар: жалпак жана вакуумдуу. Артыкчылыктары: экологияга зыяны жок, каалаган жерге (тоого, талаага) ташып жүрүүгө ыңгайлуу. 17-25 жылга чейин кызмат өтөйт. 2 түрү тең тамдын чатырына, түштүк тарапты каратып орнотулат. Чатырга мүмкүн болбосо үйгө жакын ачык жерге орнотууга болот. Коллектордун сырты кир, чаң болуп калса, анда күн нурун начар өткөзүп калат. Ошондуктан убак-убагы менен тазалап туруу керек.

ЖАЛПАК ТҮРҮ ЖАЙЫНДА ГАНА КОЛДОНУЛАТ

Бул коллектордон (панель түрүндө), бак-аккумулятордон турат. Жайында сууну 70 градуска дейре ысыта алат.

Салмагы – 50 килограммдын тегереги. Бетинин аянты – 1,8 чарчы метр жана андан чоң.

Баасы – 30 000 сом жана андан жогору (бак менен кошо).

Чакан үй-бүлөлөр сууну азыраак короткону үчүн 1 коллектор жетет. Ал эми эс алуучуларды тейлөөчү конок үйгө, балдар бакчасына, кафеге болсо 2 же андан ашык коллектор керектелүүсү ыктымал.

Бак көлөмүнө жараша 100, 135, 150, 200, 300, 400 литр болот. Сууну көп колдонуучулар кошумча электр насосун алуулары кажет. Насос сууну айландыруу менен тез ысытып берет. Насос бак-аккумулятор менен коллектордун ортосуна коюлат жана муздак суу түтүгүнө улаштырылат. Бактагы ысык суу түтүк менен үйгө киргизилет.



ВАКУУМДУУ КОЛЛЕКТОР ЖАЙЫ-КЫШЫ ПАЙДАЛАНЫЛАТ

Бетинин аянты 1,8 чарчы метр жана андан чоң. Салмагы 70 килограммдын тегереги. Баасы – 31 000 сом (бак менен кошо) жана андан жогору. Сууну – 150 градуска дейре ысыта алат.

Түзүлүшү

• Корпус (же карматылуучу бөлүк)

• Вакуумдалган айнек түтүкчөлөр (саны 10ду жана андан көптү түзөт)

• Бак-аккумулятор

Сырткы айнек түтүкчөлөрдүн ичинде да ички айнек түтүкчөлөр болот. Термостун түзүлүшүндө десек жарашат. Кемчилиги – айнек болгондуктан морт келет. Таш тийсе, чоң мөндүр жааса сынып калуусу мүмкүн. Андыктан таш-паш тийбей тургандай бийикке орнотуу зарыл. Бирок дүкөн, базарларда запастык түтүкчөлөрү сатылат. Бирөөсү же экөөсү сынып калса, алмаштырып коюуга болот.

2 түтүкчөнүн ортосундагы аба сордурулуп коюлат (коллектордун вакуумдуу деген аталышы ушундан чыккан). Дал ошол вакуум болгону үчүн жылуулук энергиясы 95 пайызга чейин коробой сакталып турат. Ички түтүкчөлөрдүн сырты кара түскө жалатылат (күн нурун жакшы жутуусу үчүн). Ичинде суу айланат. Күн нурлары сырткы түтүкчөлөрдөн ички түтүкчөлөргө өтүп, андагы сууну ысытат. Сырткы түтүкчөлөрдүн учу жез болот. Ички түтүкчөлөрдө ысыган суу жылуулукту жезге берет. Жездеги жылуулук болсо жылуулук алмаштыргычка берилет. Андан ары жылуулук үстүндөгү бак-аккумуляторго берилип, суу ысыйт.

Бак-аккумуляторунун түрлөрү

Бак-аккумуляторунун 2 түрү бар: жайкы жана кышкы системдеги. Жайкы системдеги бактын ичинде жылуулук алмашып туруучу түтүктөр жок болгондуктан кышкысын суу тоңуп калат. Кышкы системдегисинин багынын ичинде атайын түтүктөр болот, ага кышкысын тоңбоочу суюктуктар, мисалы, антифриз, антиглюколь куюлат. Күндүн нуру түтүктөрдү жылытып, түтүктөрдөгү жылуулук да сууга өтүп турат. Андыктан вакуумдуу коллекторду жыл бою колдонуу үчүн бак-аккумлятору кышкы системдегисин алуу керек. Түтүктөр бактын бир жак капталында же 2 жак капталында тең болушу мүмкүн. 2 капталда тең болсо, анда жылуулукту үйдү жылытууга да колдонууга болот.

Кышкысын суук, күн нуру да аз болгондуктан бактагы суу 30-40 градуска чейин эле ысышы мүмкүн. Андыктан бак-аккумулятордун ичинде электр тени барынан алса болот. Сууну кошумча ысытуу үчүн тенди электрге кошуу керек. Айрым коллекторлордун топтомунда температураны жөндөөчү автоматтык блок да болот. Мисалы, сиз 80 градустагы суу режимине койдуңуз дейли. Кышкы суукта суу 30 градус эле ысып калса, анда автоматтык түрдө электр тени ишке киришип, сууну дагы 50 градуска ысытып берет.

Ошондой эле сууну кошумча ысытуу үчүн көмүр жагылчу меш же газ мешин да колдонсо болот. Ал үчүн бак-аккумулятор менен мешти туташтырган контур болушу керек. Контурдун ичи суу менен толтурулат. От жагылганда контурдагы суу ысып, анын жылуулугу бак-аккумулятордогу сууга өтөт (суунун өзү эмес, жылуулугу гана).

КОЛГО ЖАСАП АЛУУГА БОЛОТ

Сүрөттө колго жасалган жалпак коллектордун бир түрү.

Темир панель тигинен – 150 сантиметр, капталынан – 40 сантиметрди түзөт.

Каркасы темир, бети кадимки айнек. Ичинде бири-бири менен четтеринен ширетилген 2 жалпак темир (панель) бар. Темир күн нурларын максималдуу жутуусу үчүн бети кара сыр менен сырдалган. Панелге түтүк аркылуу муздак суу келип, ысыган суу бачокко топтолот. Айнек панелдин четтери герметикалык материал менен аба, суу кирбегидей желимделген. Ысыган суу жуунганга колдонулат. Умывальниктин ордуна душ орнотуп койсо да болот. Коллектор темирлери, үстүндөгү бачогу менен 20 000 сомду чапчыган.

Жалпак коллекторду темир менен пенопласттан жасап алгандар да бар. Корпусу – темир. Ага пенопласт жайгаштырылып, бетине жез түтүкчөлөр орнотулган. Жез түтүкчөлөр панелдин ортосундагы темирге ширетилген. Негизи пенопласттын ордуна темир койсо жакшы болмок. Муздак суу кирүүчү түтүгү арыктагы сууга туташтырылган. Өйдөгө суу чыксын үчүн электр насосу колдонулган. Бактын милдетин чоң темир бочкалар аткарат. Кеткен чыгым – болжол менен 13 миң сомдун тегереги. Электр насосунун ордуна электрсиз иштеген гидротаран жабдыгын колдонууга да болот.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
arno2008
2018-06-20 00:33:50
Кайдан алсак болот
0
arno2008
2018-06-20 00:34:37
Кайдан алсак болот?
0
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан