КУУРДАК ТҮРЛӨРҮ. СӨӨГҮ МЕНЕН ЖЕЛГЕН АФГАН КУУРДАГЫ
Интернет колдонуучулар, алардын ичинде аттуу-баштуулар да "Афган куурдагы" деп этти сөөгү менен жеп жаткан видеосун интернет баракчаларына илип жатышат. Сөөгү жумшак болуп бышкан бул кандай куурдак, сыры эмнеде? “Сармерден” ресторанынын ашпозчусу Гүлжаз Жумабаева куурдактын түрлөрү жана аларды жасоодогу сырлары менен бөлүшөт.
АФГАН КУУРДАГЫ
Бул даам Афган казанында даярдалгандыктан Афган куурдагы деп аталат. Куурдактын өзгөчөлүгү – эттин сөөгү да жупжумшак болуп бышкандыгында.Тагыраагы, куурдак сөөгү менен желет. Дарыгерлердин айтуусунда, сөөк темир, кальций, фосфор, калий, белокко бай болгондуктан, муун ооруларынын, сөөктүн өсүшүнө пайдасы зор.
Куурдактын бул түрүн жасоодо жаңы союлган койдун эти (жамбаш, кабырга, омуртка, моюн) жана уйдун кабыргасы жарактуу. Чучуктуу жиликтер жарабайт.
Сөөктүн жумшак болуп бышышынын сыры – ал бышырылган афган казанында.
Даярдоо убактысы – 2,5-3 саат
4 порция
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун кабыргасы же койдун эти (жамбаш, кабырга, омуртка, моюн) – 1 килограмм
Суу – 300-400 миллилитр
Картошка – 500 грамм
Пияз – 1 баш
Туз, мурч, калемпир, кристалик – татымына жараша
Сыйкырдуу казан
-

Афган казаны чоюндан жасалган. Ал 300-400 градуска чейин ысыйт.
-
Капкагы бекем бекитилет.
-
Ашыкча буулар атайын көзөнөкчөлөрдөн чыгып турат.
-
Көзөнөктөрдүн бүтөлүп калбашына көңүл буруу керек. Болбосо куурдак ойдогудай бышпай калат.
-
Казандар 3 литрден 15 литрге чейин болот. Баасы көлөмүнө жараша 4000 сомдон жогору.
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти чоң-чоң бөлүктөргө бөлүп, татымына жараша туз, мурч, калемпир жана кристалик кошуп аралаштырып, 15-20 мүнөткө маринаддап коёбуз.
2. Афган казанына 300 миллилитрдей суу куюп, үстүнө эт салынат (эскертүү: эгер чоң афган казанына этти көп бышырам десеңиз, анда казанга эттер ирети менен салынат: алгач жамбаш, моюн, омуртка, кабыргалар, андан кийин сулп эттер). Эттин үстүнө дагы 100 миллилитрдей сууну куюп, казандын капкагын бекитебиз. Cууну көп куйса куурдак эзилип кетет, аз куйса суусу соолуп калат. Андыктан туура өлчөмдө куюу керек.
3. Казандагы суу 10 мүнөттөй кайнагандан кийин отту жайлатып, 2,5-3 саатка коёбуз. Афган куурдагы даяр.
4. Картошканы аарчып, туурап (3-4 чарчы сантиметр өлчөмүндө), боорсоктой кылып майга кууруп, тарелкага салып, үстүнө куурдакты салып, жашылчалар менен кооздоп дасторконго беребиз.
НАН БАСТЫ
Аты айтып тургандай эле, куурдактын бул түрүн жасоодо бетине нан бастырылат. Жаңы союлган уй, кой этинен сырткары малдын боор, бөйрөк, жүрөгүнөн жасоого болот.
Даярдоо убактысы – 50 мүнөт
4 порция
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун же койдун эти – 1 килограмм
Пияз – 2 даана
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Нан – 2 даана
Кинза – 1 боо
Суу – 150 грамм
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти төрт чарчы, пиязды жарым шакекче түрүндө туурайбыз.
2. Нандарды көлөмүнө карап 4 же 6 бөлүккө бөлүп алабыз.
3. Казанга майды куюп, кызыганда этти, андан соң пиязды салып 8-10 мүнөт кууруп алгандан кийин татымына жараша туз салабыз. Жакшылап аралаштырып, казандын капкагын жаап, жай отто 10 мүнөттөй дымдап коёбуз.
4. Пияз менен эттин суусу чыкканда үстүнө 100-150 граммдай ысык суу куюп, дагы 3 мүнөттөй дымдайбыз.
5. Андан соң кесилген нандарды куурдактын үстүнө тизип, казандын капкагын жаап, дагы 10-15 мүнөттөй демдейбиз. Бул учурда нан эттин ширесин өзүнө сиңирип алат.
6. Даяр болгон соң казандагы нандын кесимдерин алып чыгып, табакка тизип, үстүнө куурдакты салып, шакекче түрүндө тууралган пияздан, майда тууралган кинзадан себелеп дасторконго коёбуз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Даамдуу тамактай көрүнөт, Кудай кааласа казан алып жасап көрөбүз го.
Баасы канчадан болду экен
Kuba_502,1кг 1200сом имиш
Эн негизги сырын айтпай койду окшойт.Бир нерсе кошсо керек.
Анан 300,400 градуста бышкан соокто кальций калат бекен э?
Jasa,Кандай соок болсо да коп кайнатсан кальций чыгат. Соок тешилип кетет соогу сынгандар коп кайнатып ичишет. Мен да жолдошумдун буту сынганда жасап бергем.
Сөөгү мн жегенди эч элестете албадым,ашказан байкуш кантип аш кылып,ичеги бечара кантип нар жака узатат болду экен.
Nevestkaa,биздин ашказан ташты ээритип ийет го
Хммм 2-3 саатта бышбай эле 1 саат же максимум 1.30 саатта эле эзилип калат экен соогу деле, таатанда сатылып жаткандарга(жука темир) караганда Оштон заказ кылып алса 2000 сомдун тегереги илгерки калын чоюндан жазалат. Эч нерсе кошпойло специи жана туз ар бир кусочек этке суйкоп чыкса сонун.
Үч саат кайнаса эттен эч нерсе калбайт,бир жарым саатта бышырдым,сөөктү эми биротоло жегенге болбойт экен,бирок жумшарып калат экен,эч кандай химия кошпой эле.Анан дагы казанды 10 л.1700 алдым.
aikokul14,дарегин айтып койосузбу казанды каерден .алганынарды
aikokul154 кайсы жерден алдынар. Чындап чоюн бекен?
Иттерге соок ашпай калатго эми.Ат оонаган жерде тук калат дечуу эле кичине нысаптуурак болсон жакшы болот эле соок жебей)))
Иттен айырмабыз ашып тушпосо кем калбай калдык го. Авган тамагы деп соок жесек, тороп балабызды туалетке таштасак, бала атаны бычактап олтурсо, ата кызын зордуктап атса, зына, ушак, коро албас, ичи тардык кылып журобуз, аа иттер мындай кылбайт болуш керек