Ош шаарында ата-баланын ортосунда чыр чыгып, мас абалдагы уулу атасынын моюнун бычак менен кесип жиберген окуя катталды.
ОКУЯ ТУУРАЛУУОш ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков бул кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2018-жылдын 3-июнунда саат 16:30 чамасында Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө шаардын Ленинград көчөсүндө ата-баланын ортосунда чыр чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуяны тактоо үчүн аймактык инспектор жөнөтүлгөн. Аймактык инспектор барган учурда үй ээсинин 1986-жылы туулган О.Б. аттуу уулу кан болгон кийимдери менен эшикке чыгып бара жаткан. Милиция кызматкери үй ээсинин уулун кармап, аны менен кошо үйгө киргенде, 1961-жылы туулган М.Б. аттуу үй ээси бөлмөдө кансырап жаткан. Милиция кызматкери “Тез жардам” кызматын жана кесиптештерин чакырып, жабырлануучуга алгачкы жардамдар көрсөтүлгөн. Өз атасынын өмүрүнө кол салганга шектелип кармалган жарандын үстүнөн Ош ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми 5-июнда Ош шаардык соту кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга СИЗОдо камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган.
“ИЧПЕЧИ, БАЛАМ, ИЧПЕЧИ...”
– Тергөө иштеринин алгачкы жыйынтыктарына караганда, атасы 32 жаштагы уулун “ичпечи” дегенинен улам кылмыш болгон. Ошол күнү 57 жаштагы үй ээси өз үйүндө бир таанышы менен спирт ичимдиктерин ичип отурган. Уулу да өз бөлмөсүндө арак менен сыра ичкен экен. Атасынын берген көрсөтмөсүнө караганда, ал көп ичип жүргөн баласын «ичпечи, балам, жок дегенде ыйык орозо айында арак ичпе» деп урушкан. Айтымында, ошондо уулу ашкана бычагын алып артынан келип моюнунан кесип жиберген. Бычактын мокок болгону анын өмүрүн сактап калган.
Ал эми кылмышка шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда, ошол убакта өзү да, атасы да мас болгон. Айтымында, атасы аны "эмне үчүн Орусияга барып иштеп келбейсиң?" деп урушуп, бир нече жолу уруп жиберген. Анан столдо турган бычакты алганда, уулу бычакты талашып жатып кесилип кеткен. Ошондуктан тактоочу жагдайлар көп, жабырлануучу айыккан соң тергөө иштери улантылат.
“ЧАЛЫМ БАЛАМДЫ КАТУУ САБАП САЛЫПТЫР”
32 жаштагы кылмышка шектүү буга чейин 3 жолу үйлөнүп, учурда үчүнчү аялы менен жашап жүргөн. Ортодо балдары жок. Ал мурда көп жылдар Орусияда иштеген, мекенине келгенден кийин устачылык кылып иштеп жүргөн. Ал эми жабырлануучу мурда оор жүк ташуучу унаа айдап иштеген, учурда эч жерде иштебейт. Жабырлануучунун аялы, кылмышка шектүүнүн апасы Саадат айым ошол күнү жумушта болгонун айтат:
– Мен ошол күнү үйдө эмес элем, жумушта болчумун. Экөө тең мас болгон экен. Чалым баламды өтө катуу сабап салыптыр. Негизи балам дайыма эле иче бербейт, кээде ошентип 3-4 күн ичип жүрүп алат. 2 күндөн бери ичип жаткан, ошол күнү ага “болду эми, ичкенди токтот” деп жумушума кеткен элем. Балам өзү үйдүн ичин оңдоп жаткан болчу, эми анын баары калды. Чалым учурда жакшы болуп келатат.
“БАЛАҢ МЕНЕН ЧОГУУ ИЧПЕ ДЕП АЙТА БЕРИП ЧАРЧАГАМ”
Бул үй-бүлөнүн коңшусу Пазыл Көгалатов кылмышты биринчи болуп көрүп, милицияга кабар берген:
– Ошол күнү мен көчөдө тыт жеп жаткан элем. Бир убакта кошунамдын баласы Азат бети-башы бүт кан болуп дарбазадан сыртка чыгып, кайра үйүнө кирип кетти. Аны көрүп бир балээ болгон окшойт деп коркуп кетип, ошол замат “Тез жардамга” жана милицияга телефон чалып кабарладым. Аймактык инспектор келгенден кийин чогуу кирсем, атасы “өзүмдү өзүм союп салдым” деп кыйкырып жаткан экен, мен кетип калгам.
Кошунам экөөбүз чогуу чоңойгонбуз, доспуз. Баласы аяш уулум болот. Атасы менен баласы чогуу ичкен болмок беле?.. Досума “кой, балаң менен арак ичпе” деп айта берип чарчагам, айтканым үчүн жаман көрчү. Баласы кээде ичип жүргөнүн көрүп калчумун, андайда “бар үйүңө кир” деп кубалап жиберчүмүн. Бирок ичкенде ызы-чуусу жок эле.
Көп кан жоготкон жабырлануучу өз учурунда жардам көрсөтүлгөнү үчүн өмүрү сакталып калган. Анын моюну 10 сантиметрдей кесилген, дарыгерлер тарабынан операция жасалган. Учурда ал ооруканадан үйүнө чыгарылган.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg