Мырзага да, айымга да жүрөгү ачык МИШЕЛЬ РОДРИГЕС

Голливуддун кара тору актрисасы Мишель Родригес жакында 40 жашка чыгат. Аны көпчүлүк “Форсаж” тасмасы аркылуу тааныган. Аталган тасмага 16 жылын арнаган актриса “өзүбүздү жаш бойдон калабыз деп ойлогон экенбиз. Биздин деле жашыбыз өтүп баратыптыр да” деп эскерет. Өзүнчө эле “дерзкая”, бардык маселени тарс-турс чечкен эркек мүнөз актриса жашоодо деле ошондой.

Туулган жылы, күнү
– 1978-жыл, 12-июль

Бою – 168 сантиметр

Салмагы – 58 килограмм

Туулган жери – АКШ, Техас штаты

Тартылган тасмалары – “Форсаж” 8-бөлүмгө чейин, “Тирүү калуу”, “Жин-шайтан каптаган жай”, “Аватар” “Мачете” жана башкалар

БЕЙБАШ МИШЕЛЬ
Мишель Родригестин атасы пуэрто-риколук, апасы Доминика Республикасынын тургуну. 8 жашында ата-энеси ажырашып, болочок актриса апасы менен калат. Таенеси иегово диний уюмунда болгондуктан небересин азгырганга аябай аракет кылат. Бирок бала кезинен өз оюн бербеген кыз ал уюмга кирүүдөн баш тарткан. 4 жылча Пуэрто-Рикодо жашап, апасы экөө АКШнын Нью-Жерси штатына көчүп келишет. Мишель кебетеси эле айтып тургандай, мектепте бейбаштыктын сазайын берчү. Жадакалса мектептен чыгып да кеткен. Кийинчерээк аттестаттын керектигин билип, окуусуна кайткан.

МАССОВКАДАН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА
Мишель шоу-бизнеске аралашам деп массовкаларга көп тартылчу. Бир жолу “Аялдар мушташы” деген бюджети аз тасмага кастинг жүрүп жаткан жарыяны окуп калат. 350 талапкердин арасынан бакыт кушу ага буюруп өтүп кетет. Мишель дебюттук ролу үчүн абдан даярданганын айтат. Тасмада бокстон жинин чыгарган бактысыз кызды жаратмак. Образы жасалма болуп калбасын деп бокс менен 6 ай бою машыгууга туура келген. Бул тасма чыгары менен кара тору “дерзкая” кызга сынчылардын да, элдин да көзү түшөт.
Ошол тасмадан соң кино тармагында багым ачылды. Вин Дизель тасманын афишасынан мени көрүп, ушул кыз менин “Форсаждагы” курбум болсун деген экен. “Форсаж” тасмасындагы Леттинин ролу мен каалагандай болчу. Ошондуктан болгон аракетимди жумшадым. Вин жана башка актёрлор менен кезиккенде өзүбүз да таң калып кетебиз. Тасма мынчалык узакка чейин жашайт деп эч ким ойлогон эмес да. Биз дайыма жаш болчудай сезиле берчүбүз. Көрсө, биздин деле жашыбыз өтүп баратыптыр” деп эскерет актриса.
Ошентип экшн тасмалар актрисанын атагын чыгара баштайт. “Жин-шайтан каптаган жай”, “Аватар” тасмалары, “Форсаждын” уландылары тартылып, күйөрмандар Мишелдин жаңы өнөрлөрүнө күбө боло баштайт. Мишелди кинодо аз, саз тартылган актрисалардын катарына кошсо болчудай. “Тасмаларга көп тартылбаганыма өзүм күнөөлүүмүн. Анткени баш каармандын курбусу, бирөөнүн жубайы сыяктуу ролдорду сунушташат. Мага андай образдар жакпайт. Андыктан дароо эле баш тартам" дейт.

ЖАЗУУЧУЛУККА ШЫГЫ БАР, ЧЫДАМЫ ЖОК АКТРИСА
Кинодон тышкары Мишель жазуучулук менен алектенет. “Бала кезден кинолорду көрүп отуруп мен мындан кызыктуу окуяларды ойлоп таба алам дечүмүн. Жазганга шыктуу экенимди билем, бирок сабырым жетпейт. Бир нерсенин үстүндө көпкө чейин чыдап иштеп отура албайм. Мисалы, элестетсеңиз, 4 айда араң гана 20 барак сценарий жаздым”,- дейт актриса.

МАМИЛЕДЕН БАТ ТАЖАЙТ
Мишель “Мырзалар менен мамилем жарым жылдан ашканда кызыксыз болуп баштайт” деп келет. Өзү да ошол принцип менен жашайбы же чыныгы сүйүү башына келе элекпи, сүйүү баяндары өтө кыска. Мишелдин ачыкка чыккан алгачкы жигити мусулман болчу. Экөөнүн диний көз караштары туура келбегендиктен кол үзүшкөн. Андан көп узабай “Форсаж” тасмасындагы досу, актёр Вин Дизель менен тасма талаасында жүрүп табышат. Тасма бүттү, сүйүү да бүттү болуп, бир нече айда сүйүү барагы жабылат. “Мен Винге канчалык катуу сүйөрүмдү айткам. Бирок экөөбүз эки башка адамбыз. Ал мени туура түшүндү, ошондуктан мамилебизди үзүп, дос бойдон калганбыз” деп эскерет Мишель. Актрисанын кезектеги сүйүктүүсү актёр Оливье Мартинес болгон. Ал учурда актёр Кайли Миноуг менен сүйүшүп жүрчү. Мишель экөөнүн өбүшүп жаткан сүрөтү бат эле коомчулукка жайылып кетет.
Жеке жашоосу менен күйөрмандарын зериктирбеген актрисанын дагы бир талкуу жараткан окуясы чыгат. Бисексуал актриса Кристанна Локен Родригес менен мамиледе болгонун жар салат. Бул окуяны комментарийсиз калтырган каарман көп өтпөй кайра Мартинес менен папараццичилерге “кармалат”.
2013-жылы актриса маек учурунда бисексуал экенин моюнуна алган. Бети ачылган соң Мишель өзүнөн 4 жаш кичүү британиялык топ-модель Кара Делевинь менен мамиле куруп баштайт. “Бизде баары жакшы, көп убактыбызды чогуу өткөрөбүз. Кара сонун адам. Анын эркектей мүнөзү мага жагат” дейт актриса. Ал сүйүү беле, жокпу чынын ким билсин, Мишель 12 жаш кичүү актёр Зак Эфрон менен Италияда эс алып жүргөнү кайра элдин назарына түшөт. Азыркы күндө актриса кээде нике шакегин тагынып алат. Аны ким белек кылганы – табышмак.
Мен жалгыз карышкырмын. Сүйүүдөн кача берем. Эч ким менен жарым жылдан ашык мамиле куруп көргөн эмесмин. Буга менин татаал, чатак мүнөзүм себеп. Мен талапты катуу коём. Жакын арада үй-бүлө күтүп, бала төрөйүн деген оюм жок. Жаштыгымдын акыркы жылдарын андай нерсеге короткум келбейт. Бала үчүн суррогат энени жалдасам керек”,- деп күлүп калат.

ЫЛДАМДЫК, СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИ…
Актриса 2002-жылы кошунасына кол салгандыгы үчүн камалып чыгат. Бир жыл өтпөй мотоцикл айдоочусун уруп кеткени жана мас абалда, катуу ылдамдыкта унаа айдаганы үчүн сотко чакырылат. Убактылуу айдоочулук күбөлүгүнөн айрылып, сотто 48 саат полиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп, Нью-Йорктогу өлүккана, ооруканадагы коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилет. 2005-жылы Гавайиде кесиптеши Синти Уотрос менен мас абалында унаа башкарып баратканы үчүн кармалып, 500 доллар айып пул төлөгөн.
Ылдамдык Мишелдин алсыздыгы көрүнөт, канча айып төлөп, жоопко тартылса да, мыйзам бузганын токтотпой келет.

СЕКСУАЛДУУ АЙЫМ
• “Форсаж” тасмасы алгачкы жолу 2001-жылы тартылган. 2017-жылы 8-бөлүгү жарыкка чыкты. 16 жыл бою актриса ушул тасмага байланып жүрөт.
• 2002-жылы “Максим” журналынын версиясы боюнча 100 эң сексуалдуу айымдардын катарына кирген.
• Актриса тартылган “Бладрейн” боевигине (2006) “Алтын малина” сыйлыгынын 6 наамы берилген.
• “Форсаж-6” тасмасы үчүн 5 миллион доллар гонорар алганы айтылат.
• 2015-жылы актрисанын байлыгы – 34 миллион долларга бааланган.

Вин Дизель менен болгон сүйүүсү бир нече айга гана жеткен.
Актрисанын дагы бир ийгиликтүү тасмасы – "Мачете".


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
salamat93
2018-06-19 11:40:53
Менин суйуктуу актрисам
+3
kakukani
2018-06-20 08:38:21
Талантына баа берем ушул актрисага молодец
0
Same
2018-06-20 14:15:55
Сонун кыз. Жагат
0
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан