“АПАМ”
– Жашоомдогу эң чоң орундагы адамым – апам. Так менин жашымда атам менен ажырашып, мени жалгыз чоңойтту. Турмуштан бир көңүлү калып калган адамга кайра башынан башташ оор болот окшойт. Мага болгон сүйүүсүн, жаштыгын, курчтугун арнады. Апам сыртынан назик, кичинекей көрүнгөнү менен, күчтүү аял. Турмушу бузулса да сол жакка кетпеди. Ал күчтүү кызды тарбиялап чыгарды. Мен кичинемден көп оорудум. Баарына чыдады.
Ал турмушка чыгып, мени аталуу кылышын каалачумун. Анын да балдары болуп чоң үй-бүлө болсокпу деп кыялдана берчүмүн. Бирок андай болгон жок. Апамдын баркына жете ала турган адам жолунан чыкпады окшойт. Бирок апам азыр деле жаш. Сүйүп кала турган болсо, жан дүйнөсү төп келсе эмнеге болбосун?“БАЛАМ”
– Уулум Ариеттин да өзгөчө дүйнөсү бар. Жан дүйнөсүнүн тазалыгы, дардалаңдап кеткени, берешендиги менин дүйнөм. Ал эч нерсе менен иши жок бир дүйнө. Аруу дүйнө... Баламды карап отуруп суктанам, сыймыктанам, бир нерселерди үйрөнөм. “Менин досторум суусап жатат, бол, эмнең бар?” деп муздаткычты аңтарып баарын таратып берет. Ойлору да кызык, планетанын тагдырынан бери ойлонот. Бүгүн эртең менен эле “мама, качан күйөөгө тиесиң?” деп сурады. “Билбейм, балам, азыр күйөө издей элекмин да” десем, “Хаммер айдаган, бир бай күйөөгө тийчи, ээ?” деп күлдүрдү. Атасы менен жашап жатканда деле ушинтип куурата берчү (күлүп). “Менин күйөөм бар” да десем, “сен башкага тийип бөбөк төрөйсүң” дей берчү.
Атасы экөөбүздүн ортобуздагы маселелерди алгач жашырып жүрдүм. “Атаң көп иштеш керек” дей бердим. Алгач ишенген. Анан атасы үйлөнүп алгандан кийин айтышка туура келди. Жеңил кабыл алуусуна аракет кылдым. Көп сүйлөштүм. “Баары теңин табат, азыр атаң тапты, анан мен, кийин сен табасың. Атаңдын үйүндө жүрөсүң, менин үйүмдө жүрөсүң, жыргайсың, эки үйүң болот” деп алдап-аздап түшүндүрүп отурдум. Кудай буюрса, өтүп кетти.
КЕСИП
– Ишим бар. Съёмкада турганда баарын унутуп калам. Ансыз жашай албайм. Ушу жолдо жүрүп аброй таптым, атымды түптөдүм. Бирок каржы жактан эч нерсе чогулткан жокмун.
ЭРКЕКТЕР
– Түркиядан келе жатып жанымда отурган түрк менен сүйлөшүп калдым. Ал “Аялдарыңарга суктандым. Базарда кайсы иш болбосун аялдар иштешет экен, үйүндө 5 баласы бар, алардын ар бирине көңүл бурганга жетишет. Ошол учурда эркектериңерге да суктандым. Алар эч камырабай аялы алып келген акча менен оокат кылып, кийин ал байкуш ооруп же карып калса башкага тыз коюп кетип калат экен. Бизде аялдар эрке, эмне десе ошонусун эркек аткарууга милдеттүү. Анан калса силерде күйөөлөр 5 бала төрөлгөндөн кийин “башканы сүйүп калдым, эмне кылайын?” деп басып кетмейи да бар экен. Айтор, эркектериңерге мыкты шарт түзүлгөн. Силерден аял алыш керек, сулуу дагы, тың дагы, чыдамкай дагы болот экенсиңер” деди. Ойлонуп калдым. Биздин эркектер чын эле алсыз экен. Моюнуна жүк көтөргөндөн чарчап, кыйынчылыкта басып эле кетип калат. Кайда жеңил турмуш болсо, ошол жакка ооп кетет. Баары эмес, көбү ошондой. Эми мезгил өтүп жүрөк айыкса, мен экинчи жолу адамдын колун кармап калсам, ал жоопкерчиликтүү болушун каалайт элем. Бир кармаган колумду таптакыр чыгарбашын каалайт элем. Ыйлактамай, “мен кыйналып кеттим” демей жок. Мен турмушту кандай жеңип жатсам, ал дагы ошондой жеңсе дейм. Менден күчтүү болушун каалайм.
“КАТАЛАРЫМ”
– Назираны мен каталары менен сүйөм. Албетте, каталарды кетирдим, бирок алар мага турмуштун жакшы сабагын өттү. Күчтүү кылды. Ката кетиргенден коркпойм. "Бирөөнүн үй-бүлөсүн буза аласыңбы?" деген суроо да берип калышат. Жок, ал ишке бара албайм. Бирок мурун үй-бүлө бузгандарды соттоп, жек көрүп, "кантип жер көтөрүп жүрөт?" дегенге чейин барчумун. Азыр ага да көз карашым өзгөрдү. Кескин түрдө аларды соттой албай калдым. Анткени көп жубайларды көрдүм балдары үчүн деп эле бир өмүрдү текке кетирген. Балким, экөө бирин-бири уйпалап, эзгилеп бактысын байлагыча, коё бергени жакшы эмеспи деп ойлойм. Муну менен мен бирөөнүн турмушун бузам деп айтканга дитим барбайт. Анткени мен өзүмдүн атам башка бирөөнү эркелетип жатканын көрүп жүрөгүм эзилчү. Балам учурда ошол абалды башынан өткөрүп жатат. Бирөөнүн көзүн жашылдантып коюп бактылуу боло албайм го дейм.
АКЧА
– Кичинемден акчага болгон сүйүүм анча эмес. Акчалар тырышып-бырышып ар кайсы кийимдин чөнтөгүндө жүрө берчү. Азыр үй-бүлөмдү багыш керек болгон учурда акчаны сүйүүгө үйрөнө баштадым. Жокчулукту деле көрдүм, андан деле болбойт экен. Көңүлү ток адамдар жүрө берет экен. Апам мени мугалимдиги менен бакты. 300 сомду бир айга жеткирип, батирден батирге көчкөн учурларыбыз болгон. Бирок ошол нерсе деле мени акчага кызыктыра алган эмес. Жөнөкөй жигитти тандап алганым деле, балким, ошондондур.
СҮЙҮҮ
– Мурунку жолдошумду сүйчүмүн. Ал менин дүйнөм, ар бир кышын кынаптап коюп чыккан мунарам болчу. Тогуз жыл бою кооздоп түзүп алган мунарам минтип түртүп койсо эле жыгылып каларын кайдан билдим? Сүйүү – кызык нерсе. Балким, азыркы айткандарым кийинки сүйүүмдүн алдында шоона эшпей калар. Бирок мен азыр бактылуумун. Аял турмушка чыкканда өз канатын кесип туруп күйөөсүнө тагат экен. “Мына, сен уч, мен жерде эле жүрөйүн” дейт имиш. Азыр тигиге тагып койгон канатымды кайра тагынып алып учуп баштадым.
Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg