12-июнда Анжелика 29 жашка чыгып, туулган күнүн борбордогу ресторандардын биринде жалаң кыздардын курчоосунда белгиледи. Ооз ачарда чогулган кыздар туулган күн ээсине өзгөчө маанай тартуулашты. Ырчынын апасы "кызымды 7 жыл Кудайдан тилеп жүрүп тапкам. Мен кызыма "жүрөгүмдү" тартуулайм" деп алтын зер буюмун белек кылды. Курбуларынын ар бири өзгөчө белек даярдашыптыр.
– Мени биринчилерден болуп кыздарым куттукташып, белектерин беришти. Алардын белеги мен үчүн туулган күнүмдөгү эң жагымдуу белек болду. Туулган күнүм 3 жылдан бери орозо айына туш келип жатат. Ошондуктан жакындарымды ооз ачар маалга чакырдым. Өзүм дагы орозо кармагам. Өзгөчө белектердин бири кондитердик компания белек кылган 300 адамга жете турган 5 кабаттуу торт болду. Үстүндө таттуудан менин сөлөкөтүм жасалган. Торттун артканын кайрымдуулукка бердим. Эмнегедир бул ирет айымдардын курчоосунда гана өткөргүм келди. 29га чыгып, 3 кыздын апасы болдум. Жашоомдо алдыга койгон пландарым ишке ашып келе жатат. Мен бактылуумун,- дейт Анжелика.