YELLA “РЕЗИДЕНТ ТНТ MUSIC” ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУ

Yella (Назгүл Токтакунова) Орусиянын ТНТ каналындагы “Резидент ТНТ music” долбоорунун жеңүүчүсү болду. Аталган долбоор 2-жолу өткөрүлдү.

– Негизи долбоорго 2 миңден ашык ыр-клиптер жиберилиптир. Финалга чыккандарга эч жакка чыга элек жаңы ыр даярдоо тапшырмасы берилген. Мен «Убить дебила» деген ыр жаздырдым. Эксперттердин да, элдин добуш берүүсүндө да менин добушум көп болгондуктан биринчи анан 3-орунду беришти. Негизи 3-орунду алган адам Орусиядагы концертте ырдамак. Бирок мага ал тууралуу да, сыйлоо аземи качан болорун да айтыша элек. Чынында алдыңкы үчтүккө кирем деп ойлогон эмесмин. Анткени ырды тандоодон чайналып, шашылыш жазылып калды. Эксперттер менин үнүмө, ырыма карап тандашыптыр. 1-орунду алган адам миллион рубль утмак. Баары эле "миллион уттуңбу?" деп жатышат. Чыгармачыл адамдар үчүн бул көп акча эмес. Ырларды жаздырабыз, аранжировканы сатып алабыз, клип тарттырабыз. Менин Орусиянын сахнасын багынтайын деген оюм бар. Миллион рубль Орусиянын сахнасында кеп да болбойт деп ойлойм,- дейт бул тууралуу ырчы.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
PrinsessaNuri
2018-06-19 10:51:59
Оо молодец, ийгилик
0
Fortuna1987
2018-06-20 01:29:14
Тууй ата бир миллион рубль эч нерсе эмес дейт. Шугур десен го.
0
vikidiki
2018-06-20 13:33:07
Fortuna1987,Жыртык журокту бутуруп койгулачы бай болгур?
0
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан