Ырчы Назира Токонова 13-июнда борбордогу төрөтканалардын биринде түнкү саат бирде тун уулун жарыкка алып келди. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. “Ден соолугума байланыштуу кесарево жолу менен төрөдүм. Уулумдун салмагы 3 жарым килограмм. Атасы аябай сүйүнүп жатат. Ымыркайга ысымды чоң ата-чоң энеси коёт. Учурда алар ат тандоо менен алек болуп жатышат”,- дейт ырчы. Биз дагы Назираны эне статусуна ээ болушу менен куттуктап, ымыркайга узун өмүр, чың ден соолук каалайбыз.